Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 22-апрели № 180-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги менен Россия Федераци-ясынын Маданият жана кинематография боюнча федералдык агенттигинин ор-тосундагы кызматташтык жөнүндө протоколдун долбоору принциптүү эмесмүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгү мененжактырылсын. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор 2006-2008-жылдарга Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги менен Россия Федерациясынын Маданият жана кинематография боюнча федералдык агенттигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө протокол Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Маданиятминистрлиги менен Россия Федерациясынын Маданият жана кинематографиябоюнча федералдык агенттиги, маданияттарды өз ара байытуу процессин өнүктүрүүнү каалап, тарыхий жалпылыкка жана салттуу маданий байланыштарга негизденип, Россия жана Кыргызстан элдеринин ортосунда маданият чөйрөсүндөгүкызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жана чыњдоого өз ара аракеттенишээ-рин билдирип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Кыргыз Тарап Россия Федерациясында өткөрүлүүчү театралдык фести-валдарга катышуу үчүн кыргыз драма театрларын жиберет, ал эми РоссияТарап аларды өткөрүлүүчү театралдык фестивалдардын шарттарына ылайыккабыл алат. Россия Тарап Кыргыз Республикасында өткөрүлүүчү театралдык фести-валдарга катышуу үчүн орус драма театрларын жиберет, ал эми кыргыз Та-рап аларды өткөрүлүүчү театралдык фестивалдардын шарттарына ылайык ка-был алат. 2-статья. Кыргыз Тарап Россия Федерациясында өткөрүлүүчү музыкалык фестивал-дарга катышуу үчүн кыргыз музыкалык коллективдери менен аткаруучуларынжиберет, ал эми Россия Тарап аларды өткөрүлүүчү музыкалык фестивалдар-дын шарттарына ылайык кабыл алат. Россия Тарап Кыргыз Республикасында өткөрүлүүчү музыкалык фести-валдарга катышуу үчүн орус музыкалык коллективдери менен аткаруучуларынжиберет, ал эми кыргыз Тарап аларды өткөрүлүүчү музыкалык фестивалдар-дын шарттарына ылайык кабыл алат. 3-статья. Тараптар драмалык жана музыкалык театрлардын, көркөм коллективдерименен өзүнчө аткаруучулардын маданият Жумалыгы менен Күндөрүнө катышууүчүн оюн көрсөтүүлөргө, ошондой эле Кыргызстандын жана Россия элдерининтурмушундагы башка маанилүү окуяларга арналган маданий иш-чараларынуюштурууга көмөк көрсөтүшөт. 4-статья. Тараптар эки өлкөнүн Эл чыгармачылык үйлөрү менен өздүк көркөм чы-гармачылык коллективдеринин ортосундагы эл чыгармачылыгы жаатындагыкызматташтытан өнүктүрүшөт жана түз байланыштарын түзүүгө көмөккөрсөтүшөт. 5-статья. Тараптар музей иши менен көргөзмө ишмердиги жаатында кызматташат. Тараптар Кыргызстан менен Россиянын музейлеринин ортосундагытүздөн түз кызматташтыкты түзүүгө көмөк көрсөтүшөт. 6-статья. Тараптар кино тармагындагы байланышты өнүктүрүүгө, кино иш-чарала-рын алмашууга, Тараптардын ар биринин өлкөсүндө өткөрүлүп жаткан элара-лык кинофестивалдарга алардын регламентине ылайык өз ара катышууга, Та-раптардын ар биринин өлкөсүндө кинематографияны өнүктүрүү маселелерибоюнча маалыматтарды алмашууларына көмөк көрсөтүшөт. 7-статья. Тараптар Кыргызстан менен Россиянын маданият жана искусство боюнчажогорку жана атайын орто окуу жайларынын ортосунда түз байланыштардытүзүүгө көмөк көрсөтүшөт. Тараптар эки өлкөнүн алдыњкы театралдык оюн-зоок мекемелеринин,ошондой эле эки өлкөнүн маданият жана искусство боюнча жогорку окуужайлары менен илимий мекемелеринин базасында жогорку окуу жайларынынокутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу жана чыгармачылык стажиров-кадан өтүү үчүн шарттарды түзүшөт. 8-статья. Тараптар тарыхый-маданий мурастардын эсебин алуу, коргоо, калыбынакелтирүү (реставрациялоо), пайдалануу жана үгүттөө маселелери боюнчамаалымат алмашат, биргелешип калыбына келтирүү иштерин, илимий семинар-ларды, симпозиумдарды, жолугушууларды жана экспедицияларды өткөрүүмүмкүнчүлүктөрүн карашат. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын элдерининтарыхый-маданий мурастарын үйрөнүүгө, ал мурастарды изилдет табуу жанаэсебин алууга көмөк көрсөтүшөт. Тараптар эки өлкөнүн карамагында болгон музейлердеги, китепканаларменен архивдериндеги жыйналган баалуулуктарга жарандардын пайдалануумүмкүнчүлүгүн алууну камсыздашат. 9-статья. Өзүнүн компетенциясынын чегинде, өз өлкөлөрүнүн тийиштүү мамлекет-тик органдары менен бирдикте, Тараптар өзүнүн мамлекетинин аймагананэкинчи мамлекеттин аймагына маданий баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүүжана алып чыгууларын алдын алуу боюнча конролдоону жүргүзүшөт. 10-статья. Бул Протоколду колдонуу жана чечмелөө менен байланышкан бардык та-лаш-тартыштар жана пикир келишпестиктерди Тараптар кењешүү жанасүйлөшүү жолу менен чечишет. 11-статья. Бул Протоколго Тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүүлөр жанатолуктоолор киргизилиш мүмкүн, ал анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелгенөзүнчө протокол менен таризделет. 12-статья. Тараптар өз ара маданий алмашууларды төмөнкүдөй шарттарда ишкеашырышат: а) чыгармачыл жамааттарды, делегацияларды жана айрым өкүлдөрдү жи-беришүүдө; - жиберген Тарап өзүнүн делегациясы, жамааттары менен айрым атка-руучуларынын эл аралык жүрүүлөрү, реквизиттерди эки тарапка жеткирүү,бажы чыгымдары, өзүнүн аймагындагы консулдук жана оэропорттук жыйымда-ры, аткаруучулардын калем акылары, медициналык камсыздандыруу боюнчачыгамдарын төлөйт; - кабыл алуучу Тарап жашоочу жайы менен тамактануусу, өлкө ичинде-ги транспорттук чыгамдары, керектүү техникалык жабдуулары менен оюнкөрсөтүү үчүн залдарды жана аянтчаларды ижаралоо, көмөкчү жана техника-лык персоналдардын кызмат көрсөтүүлөрү, маалыматтык камсыздоонун бардыктүрлөрү (афиша, плакат, басма сөз, радио, телекөрсөтүү), котормочу, ба-жы, өзүнүн аймагындагы аэропорттук жана консулдук жыйымдар, маданийпрограмма, медициналык тез жардамды уюштуруу боюнча чыгымдарын төлөйт. б) көргөзмөлөрдү алмашууда Тараптардын финансылык маселелери мененөз ара милдеттенмелери (мөөнөтү, жайды ижаралоо, экспонаттарды жеткирүүжана коштоочуларды жеткирүү боюнча транспорттук чыгамдар, бажы жанакампа чыгымдары, сактоо жана коопсуздукту камсыздоо, камсыздандыруу жа-на башка) Тараптардын тийиштүү уюмдары менен ар бир конкретүү учурдамакулдашылат жана алар кол койгон макулдашууга жазылат. 13-статья. Бул протокол кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет жана 2008-жыл-дын 31-декабрына чейин колдонулат. ____________________шаарында 2006-жылдын "__"_________ кыргыз жанаорус тилдеринде эки нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Кыргыз Республикасынын Россия Федеряциясынын Маданият министрлиги үчүн Маданият жана кинематография боюнча федералдык агенттиги үчүн