КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-мая № 115-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 27-апрели № 194-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 24-августундагы № 292-б буйругунун редакциясына ылайык) Жаштар арасында "Дени сак улут - өнүгүп жаткан өлкө" аттуу ураан-дын алдында волейбол, футбол, күрөш, ордо жана массалык жењил атлетика-лык жүгүрүүлөр боюнча ар жылкы республикалык мелдештерди өткөрүү макса-тында: 1. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги жогоруда аталганреспубликалык мелдештерди жана жењил атлетикалык жүгүрүүлөрдү өткөрүүгөКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаш-тардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигине өзубагында, бекитилген бюджеттин чегинде акча каражат бөлүп берсин. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 24-августундагы №292-б буйругунун редакциясына ылайык) 2. Жаштар арасында "Дени сак улут - өнүгүп жаткан өлкө" аттуу ура-андын алдында волейбол, футбол, күрөш, ордо жана массалык жењил атлети-калык жүгүрүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын ар жылкы массалык рес-публикалык мелдештерин өткөрүү жөнүндө
жобо (мындан ары - Жобо) беки-тилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Денетарбия жана спортбоюнча мамлекеттик агенттиги бекитилген Жобого ылайык жаштар арасында"Дени сак улут - өнүгүп жаткан улут" аттуу ураандын алдында волейбол,футбол, күрөш, ордо жана массалык жењил атлетикалык жүгүрүүлөр боюнчареспубликалык мелдештерди уюштурсун жана өткөрсүн. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-кармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов