Редакцияот 24.02.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2006-жылдын 24-февралы № 65                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ             "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу          максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече              (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз           Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор                             киргизүү тууралу      2005-жылдын 23-январында            Кыргыз Республикасынын Жогорку                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган      1-статья."Милдеттүү мамлекеттик  социалдык камсыздандыруу максатын-да Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу  жөнүндө" Кыргыз   Республикасынын   Мыйзамына  (Кыргыз  Республикасынын  Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 194-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү-лөр жана толуктоолор киргизилсин:     1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:     ар кандай  жөндөмөдөгү  жана сандагы "жалдоочу" деген сөз тиешелүүжөндөмөдө жана санда "иш берүүчү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;     ар кандай жөндөмөдөгү жана сандагы "идентификациялык (камсызданды-руу) номери"  жана  "идентификациялык  номери"  деген  сөздөр  тиешелүүжөндөмөдө  жана санда "жекече идентификациялык номери" деген сөздөр ме-нен алмаштырылсын.     2. 1-статьянын үчүнчү бөлүгүндө:     "камсыздандырылган адамга" деген  сөздөр  "Кыргыз  Республикасынынжарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга" дегенсөздөр менен алмаштырылсын;     "бул адамда"  деген сөздөр "ушул адамдарда" деген сөздөр менен ал-маштырылсын.     3. Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 2-1-статья менен толукталсын:     "2-1-статья. Жекече идентификациялык номерди Кыргыз                  Республикасынын министрликтеринин жана                  ведомстволорунун пайдалануусу      Кыргыз Республикасынын министрликтери жана  ведомстволору  ведомс-тволук  маалыматтар  базасын  түзүүдө  Кыргыз Республикасынын социалдыкфонду тарабынан ыйгарылуучу жарандардын жекече идентификациялык  номер-лерин пайдаланууга укуктуу.".     4. 3-статья төмөндөгүдөй мазмундагы онунчу абзац  менен  толуктал-сын:     "Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору  тарабы-нан  жекече  идентификациялык номерди бирдиктүү маалыматтык мейкиндиктепайдалануу,  ошондой эле маалыматты эсепке алууну жана анын  тууралыгынкамсыз кылуу.".      2-статья.Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  өзүнүн  ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.      3-статья.Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.       Кыргыз Республикасынын Президенти               К.Бакиев