Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 26-майындагы № 262-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Хайдаркан сымап акционердик коомунун товардык запастарын азайтуу, финансылык абалын жакшыртуу, каражаттардын жүгүртүлүшүн тездетүү жана жүгүртүлчү каражаттарды толуктоо максатында: 1. Хайдаркан сымап акционердик коомуна плавик-шпат концентраттын топтолгон запастарын 2006-жылдын 31-декабрына чейин өздүк наркынан төмөн баада сатууга уруксат берилсин. 2. Бул буйруктун аткарылышын конролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов