Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 26-майындагы № 265-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Япония Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2006-жылы "Кадрларды даярдоо үчүн стипендияларды берүү" долбоору боюнча 334 млн.япония йени өлчөмүндө грант берүүгө карата нота алмашуу жолу менен түзүлүүчү Япония Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы минситри Акылбек Үсөнбекович Жапаровго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан аталган Макул-дашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Премьер-министр Ф.Кулов