Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 31-майы № 276-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө Кыргыз РеспубликасынынБилим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай ЭлРеспубликасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы макулдашуунунтиркелген долбоору жактырылсын. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Билимберүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай ЭлРеспубликасынын Билим берүү министрлиги, эки өлкөдө билим берүү ишин өнүктүрүүгө, эки өлкөнүн элининортосундагы достук жана өз ара түшүнүшүүнү терењдетүүгө, билим берүүжагындагы кызматташтыкты жана алмашууларды өнүктүрүүгө көмөктөшүүмаксатында, кызматташтыктын бардык жактарында кадрларды даярдоого өзгөчө көњүлбуруу менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене Тараптар билим берүү жагындагы кызматташтыктын кењири, узакмөөнөттүү жана стабилдүү өнүгүүсүнө күч жумшашат, ошондой элеТараптардын жалпы орто билим берүүчү мекемелери менен жогорку окуужайларынын ортосунда түз байланыштардын түзүлүшүнө жана өнүгүүсүнөкөмөк көрсөтүшөт. 2-берене Тараптар билим берүү, анын ичинде кесиптик-техникалык билим берүүжаатындагы маалыматтарды, документтерди жана керектүү методикалыкиштетүүлөр, иштеп чыгууларды алмашат. 3-берене Тараптар өз өлкөлөрүндө өткөрүлө турган эларалык симпозиумдар,конгресстер, конференциялар жана башка ушул сыяктуу жолугушуулартууралуу бири бирине маалымдашат, бул жолугушуулардын жыйынтыгы боюнчажарыяланган илимий баяндамаларды алмашат. 4-берене Тараптар өз өлкөлөрүнүн билим берүү мекемелеринде педагогикалыкиштин муктаждыгына ылайык лекциялык ишти, окуу жана методикалыкконсультацияларды өткөрүү үчүн башка Тараптын тил боюнча окутуучулардычакырышат. Жиберүүчү Тарап окутуучулардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүнкабыл алуучу Тараптын мамлекетинин борбор шаарына чейинки жана кайтыпкелүүчү эларалык жол кире чыгымдарын төлөйт. Кабыл алуучу Тарап өзүнүн борбор шаарынан дайындалган жерге чейинкижана кайтып келүүчү жол кирелерин төлөйт. Кабыл алуучу Тарап, окутуучулардын статусуна жана өз өлкөсүнүнмыйзамдарына ылайык аларга ай сайын эмгек акысын төлөп берет,эмеректери бар акысыз турак жай менен камсыз кылат, газ, суу, электрзнергиясы, жылытууга кеткен чыгымдарды төлөйт, окутуучулардын үй-бүлөлөрүн акысыз медициналык тейлөө менен камсыз кылат. 5-берене Тараптар биргелешкен илимий жана окуу-методикалык изилдөөлөрдүуюштуруу жана жүргүзүүнү, ошондой эле бул изилдөөлөрдүн жыйынтыктарыбоюнча илимий иштердин басылып чыгышын колдошот. 6-берене Тараптар кыргызча-кытайча жана кытайча-кыргызча сөздүктөрдү,ошондой эле бул тилдерди үйрөнүү боюнча окуу-методикалык адабияттындаярдалып жана басылып чыгышын колдошот. 7-берене Тараптар студенттерди, аспиранттарды жана стажер-стипендиаттардыжиберишип турушат. Ар бир жылы ар бир Тараптын башка Тараптынмамлекетине жиберилчү окуучу-стипендиаттардын саны 20 адампан ашпайт,алардын ичинен: 2 орун - магистратура, 2 орун -аспирантура, кабыл алатурган Тараптын тилин билүү менен, 4 орун -бакалавриат жана 12 -стажерлор үчүн орун. Студенттер, магистрлер жана аспиранттар үчүн окуу мөөнөтү кабылалуучу Тараптын билим берүү системасына ылайык бслгиленет. Тил үйронүү стажировкасынын мөөнөтү (12 орун) стажерлор үчүн 6-1 1айга чейин болот. Жөнөтүүчү Тарап стипендиаттарга талапкерлердин бардык зарылдокументтерин ар бир жылдын 15-апрелинен кечиктирбестен берип турат,ал эми кабыл алынгандыгы тууралуу жооп кабыл алуучу Тараптан ошол элежылдын 15-июлунан кечиктирбестен берилиши керек. Кабыл алуучу Тарап стипендиат-окуучулар үчүн акысыз окутууну ишкеашырат аларга жатакана, окуу колдонмолорун жана стипендия берет,медициналык тейлөө менен камсыз кылат, ал эми жибертүүчү Тарапэларалык жол кире чыгымдарын төлөйт. Стипендиат-окуучуларды окутууда кабыл алуучу Тарап аларга өзмамлекетинин улуттук валютасында стипендия төлөп берет. Кабыл алуучу Тарап студенттерге жана магистрлерге тил үйрөнүүкурстарын өтүүгө көмөк көрсөтөт. 8-берене Тараптар экинчи Тараптын мамлекетинин билим берүү системасынүйрөнүү жана андан аркы билим берүү жагындагы кызматташтыкты талкуулооүчүн бир жумалык мөөнөткө курамы 3 адамдан турган бирден делегацияжиберишет. Кабыл алуучу Тарап делегацияны тосуп алуу боюнча бардык чыгымдардытөлөйт, ал эми жиберүүчү Тарап эларалык жол кире чыгымдарын төлөйт. 9-берене Тараптар бул Макулдашуунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө бири-биринебилдиришет жана башка зарыл маалыматтарды расмий каналдар аркылуукабарлап турушат. 10-берене Тараптар бул Макулдашуунун жоболорун координациялоо жана ишкеашыруу максатында ар бир Тараптын 3 өкүлүнөн туруучу такай иштегенжумушчу комиссиясын түзүүгө тийиш. Бул комиссиянын заседаниелери зарылчылыгына жараша кезеги мененКыргыз Республикасында жана Кытай Эл Республикасында өткөрүлөт. 11-берене Бул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2010-жылдын 31-декабрыначейин колдонулат. _______ шаарында 200_ - жылдын «__»______,эки нускада кыргыз, кытайжана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкөээ. Макулдашууга бардык өзгөртүүлөр эки тараптуу макулдашуунуннегизинде гана киргизилет Пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст негизкатары колдонулат. Кыргыз Республикасынын Билим Кытай Эл Республикасынынберүү, илим жана жаштар саясаты Билим берүүминистрлиги үчүн министрлиги үчүн