Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 2-июну № 286-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Денетарбия жана спорт бо-юнча мамлекеттик агенттик менен Кытай Эл Республикасынын Спорт боюнчабашкы администрациясынын ортосундагы Спорт тармагында кызматташуужөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгүмүмкүн болгон оњдоолорду жана толуктоолорду эске алуу менен жактырыл-сын. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Денетарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Кытай Эл Республикасынын Спорт боюнча башкы администрациясынын ортосундагы Спорт тармагында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Денетарбия жана спорт бо-юнча мамлекеттик агенттик жана Кытай Эл Республикасынын Спорт боюнчабашкы башкармасы (мындан ары - Тараптар) спорт тармагындагы эки тарап-туу алаканы жана кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү, ошондой эле КыргызРеспубликасы менен Кытай Эл Республикасынын элдеринин ортосунда салтболуп келаткан достукту жана өз ара түшүнүшүүнү улантуу максатындатөмөнкүдөй макулдашууга келишти: I СТАТЬЯ Эки Тарап тењ Макулдашуунун түзүлүшү эки өлкөнүн спортсмендерининжана элдеринин ортосунда биргелешкен мамиленин, өз ара түшүнүшүүнүн жа-на достуктун өнүгүшүнө шарт түзөт деп эсептешет. Тараптар өз ара сыйла-шуунун, тењдиктин жана өз ара пайданын негизинде спорт тармагындагыкатнаштарды жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жум-шашат. II СТАТЬЯ Тараптар эл аралык спорт маселесинде өз позицияларын координация-лоого жана кызматташтыкты күчөтүүгө макул. Тараптар эки өлкөнүн спорттармагындагы жетекчилери эл аралык спорт маселесинде жалпы пландагы ма-алыматтарды жана пикирлерди алмашуу жана спорт тармагандагы эки тарап-туу алака үчүн зарылдыгына жараша чогулуштарды өткөрүп турушуна макул. III СТАТЬЯ Тараптар спорттун ар кайсы түрлөрү боюнча улуттук, региондук жеклубдук командалардын барыш-келишине көмөк көрсөтүүгө тийиш. Тараптарөздөрүнүн спорттук ассоциацияларына эки өлкөдө спортту өнүктүрүү үчүнтике байланыштарды түзүү жана өз ара кызматташтыкты жана алаканы чыњдоомаселелеринде көмөк көрсөтүүгө тийиш. Алака боюнча программаларды Та-раптардын тийиштүү спорттук уюмдары же спорттук ассоциациялары кењешүүжолу менен чечүүгө тийиш. IV СТАТЬЯ Тараптар өз спортсмендеринин даярдыгынын жана өнөр көрсөтүүсүнүндењгээлин жогорулатуу максатында аларды башка Тарап өткөрүүчү көп та-раптуу спорттук мелдештерге жана машыктыруучу курстарга катышууга шык-тандырууга тийиш. V СТАТЬЯ Тараптар спорттук илимдин адистери менен изилдөөчүлөрүн жана мел-дештик спорт жана бардык адамдар үчүн спорт тармагындагы медициналыкизилдөөлөрдүн изилдөөчүлөрүн алмашууга жана алардын кызматташтыгынакөмөк көрсөтүүгө тийиш. VI СТАТЬЯ Тараптар машыктыруучуларды жана спортчуларды окутуу тармагындагыкызматташууга көмөк көрсөтүүгө тийиш. Тараптар машыктыруучуларды алма-шууга көмөк көрсөтүүгө тийиш. Финансылык шарттар жана башка маселелерТараптардын тийиштүү уюмдары тараптан кењешүү жолу менен чечилүүгө ти-йиш. VII СТАТЬЯ Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет жана төртжыл бою жарактуу. Эгер Тараптардын эч бири анын жарактуулук мөөнөтүбүтөөрдөн алты ай мурда экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун жарактуулугунтоктотуу ниети жөнүндө кабарлабаса, бул Макулдашуунун жарактуулукмөөнөтү кийинки төрт жылдык мезгилдерге өзүнөн өзү узартыла берет. __________ шаарында, 2006-жылдын "__" ____________ ар бири кыргыз,кытай, англис жана орус тилдериндеги эки нускада түзүлдү жана бардыктексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун текстин чечмелөөдө кайчы пикирлер болсо артыкчы-лык англис тилиндеги текстке берилет. Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын Спорт Өкмөтүнө караштуу Денетарбия боюнча башкы администрациясы жана спорт боюнча мамлекеттик үчүн агенттик үчүн