Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 6-июнундагы № 297-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кытай ЭлРеспубликасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагыСаламаттык сактоо, медициналык илимдер жана фармация тармагындакызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмесмүнөздөгү мүмкүн болгон оњдоолорду жана толуктоолорду киргизүүнү эскеалуу менен жактырылсын. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы Саламаттык сактоо, медициналык илимдер жана фармация тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Саламаттыксактоо министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Саламаттык сактооминистрлигинин ортосундагы 1992-жылдын 14-майында Пекин шаарында колкоюлган Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындакызматташуу жөнундө протоколго ылайык, саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагында кызматташуунуөнүктүрүү жана чыњдоо максатында Тараптар төмөнкүлөр тууралуумакулдашты: 1-статья Тараптар Тараптардын ар биринин мамлекетинин улуттук мыйзамдарынынчегинде саламаттык сактоо, медициналык илимдер жана фармациятармагында узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу жана натыйжалуукызматташууну өнүктүрүү үчүн бардык күчтөрүн жумшайт. 2-статья Тараптар калктын саламаттыгын сактоо жана чыњдоо тармагындаартыкчылыктуу милдеттерди чечүү үчүн кызматташууну өнуктүрүшөт. Булмаксатта Тараптар саламаттык сактоо мекемелеринин, ошондой элесаламаттык сактоо органдарынын ортосунда тике байланыштардынтүзүлүшүнө жана кењейишине көмөктөшөт. 3-статья Тараптар саламаттык сактоонун жана медициналык илимдердин төмөнкүтармактарында өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүшөт: - баштапкы жана адистештирилген медициналык жардамды чоњдорго жанабалдарга көрсөтүү; - алдын алуучу медицина; - салттуу жана элдик медицина; - фармация жана медициналык техннка; - санаторийлик- курорттук дарылоо жана реабилитация; - илимий жана медициналык кадрларды даярдоо; - илимий иштеп чыгууларды биргелешип жүргүзүү; - саламаттык сактоонун маалыматтык компъютердик системаларын иштепчыгуу жана ишке киргизүү; - саламаттык сактоо системасын реформалоонун артыкчылыктарынаныктоо; - медициналык статистика; - оперативдүү маалыматтарды алмашуу. 4-статья Эки тараптуу ведомстволор аралык кызматташуу ушул Макулдашуунун 3-статьясына ылайык келишимдик негизде кызматкерлерди окутуу, адистердижана медициналык-техникалык маалыматтарды алмашуу, диагностиканын жанадарылоонун жањы методдорун колдонуу боюнча методикалык материалдардыиштеп чыгуу, симпозиумдарды уюштуруу, монографияларды жана макалалардыжарыялоо, биргелешкен патенттерди тариздөө жолу менен жүргүзүлөт. 5-статья Тараптар бул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн кызматташуунунконкреттүү багыттарын, түрүн аныктоо жана контролдоо боюнча туруктууиштеген жумушчу топту түзүшөт. 6-статья Тараптар съезддерди, конференцияларды жана ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүү пландары жөнүндө бири бирине маалымат берип турушат.Илимий жана медициналык коомчулуктардын жана башка мамлекеттикуюмдардын өтүнүчтөрү жана сунуштары боюнча Тараптар ушул иш-чараларгакатышуучу адистерди командировкага жиберген Тараптын эсебинен кабылалууга көмөк көрсөтүшөт. 7-статъя Күтүүсүз жагдайларда Тараптар шашылыш медициналык жардамды акысызкөрсөтүшөт. 8-статья Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара Макулдугу боюнча ушулМакулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелүүчү өзүнчө Протоколдорменен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктолор киргизилиши мүмкүн. 9-статья Бул Макулдашууну колдонулуу иш чөйрөсүнө таандык маселелер боюнчаТараптар ортосундагы талаштар жана кайчы пикирлер эки тараптуусүйлөшүүлер жана консультациялар жолу менен чечилет. 10-статья Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. БулМакулдашуу 5 жылдык мөөнөткө түзүлдү. Эгерде Тараптардын бирикезектеги мөөнөт аяктаганга 6 ай калганга чейин анын колдонулушунтоктотуу тууралуу өзүнүн ниетин жазуу жүзүндө экинчи Тарапкабилдирбесе, бул Макулдашуунун күчү кийинки 5 жылдык мөөнөттөргө өзүнөнөзү узартылат. Пекин шаарында 2006 - жылдын «____» _________ эки нускада (кыргыз,кытай, орус жана англис тилдеринде) кол коюлду. Бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Канчы пикирлер болгон учурда негиз катары англис тилиндеги тексталынат. Кыргыз Республикасынын Кытай Эл РеспубликасынынСаламаттык сактоо Саламаттык сактооминистрлиги үчүн министрлиги үчүн