Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 8-июнундагы № 299-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 2006-2011-жылдарга Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигименен Кытай Эл Республикасынын Маданият министрлигинин ортосундагымаданият жаатында кызматташтуу планынын долбоору принциптүү эмесмүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгү мененжактырылсын. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор 2006-2011 - жылдарга Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги менен Кытай Эл Республикасыньш Маданият министрлигинин ортосундагы маданият жаатында кызматташуу ПЛАНЫ Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Маданиятминистрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Маданият министрлиги, Кыргызстан менен Кытай элинин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүчыњдоого, достук мамилелерди өнүктүрүүгө, ошондой эле маданий кызматташтыктыкењейтүүгө жалпы аракеттер менен умтулуп, 1994-жылдын 23-апрелиндеги Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү мененКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданий кызматташтыкжөнүндө Макулдашууну эске алуу менен төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Тараптар Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Маданияткүндөрүн жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз РеспубликасындагыМаданият күндөрүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн ушул Пландын ишке киргизилгенмөөнөтүнүн ичинде өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карашат. 2-статья Тараптар эки өлкөнүн региондорунун ортосундагы маданий алакалардыколдойт. 3-статья Тараптар музей жана көргөзмө ишмердиги жаатында кызматташат. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынынмузейлеринин ортосунда түз кызматташтыкты орнотууга көмөк көрсөтүшөт. 4-статья Тараптар бири-бирин эларалык искусство фестивалдарына, мелдештерге,конференция жана башка, экинчи Тарап өткөргөн маданий иш-чараларгакатышуусуна демилге берет жана колдойт (өткөрүлүүчү иш-чаралар таксүйлөшүлөт). 5-статья Визиттер менен гастролдордун мезгилинде: - жиберүүчү Тарап экинчи Тараптьш мамлекетинин борборуна чейинкибарып-келишке эларалык транспорттук, ошондой эле реквизит мененжүктөрдү ташууга чыгымдарды өзүнө алат; - кабыл алуучу Тарап өлкө ичиндеги транспорттук, ошондой элекамсыздандыруу чыгымдары менен жарнамалык материалдардын чыгымдарынөзүнө алат; - жиберүүчү Тарап визит болоордон үч ай мурда, кабыл алуучу Тарапкаделегация мүчөлөрүнүн тизмесин берүүгө, ошондой эле визиттинталаптарын, келүүчү күнүн, жумушчу тилди жана транспорт каражатынбилдирүүгө тийиш. Кабыл алуучу Тарап мүмкүн болушунча кыска мөөнөттүн ичинде жогорудаатапган адамдарды кабыл алууга өзүнүн макулдугун же макул эместигинбилдириши керек. 6-статья Тараптар эсебин алуу, коргоо, калыбына келтирүү, тарыхий-маданиймурастарды пайдалануу жана үгүттөө маселелери боюнча маалыматтардыалмашат, калыбына келтирүү иштери, илимий семинарлар, симпозиум,жолугушуу менен экспедицияларды биргелешип өткөрүү мүмкүнчүлүгүнизилдешет. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Кытай элдеринин тарыхий-маданиймурастарын үйрөнүүгө, ушул мурастарды изилдөө максатында өз арамамилелерди кењейтүүгө көмөк көрсөтүшөт. 7-статья Көргөзмөлөрдү өткөрүү учурунда: - жиберүүчү Тарап экспонаттарды экинчи Тараптын борборуна чейинжана кайра жеткирүүгө эларалык ташуулардын, ошондой элекамсыздандыруу чыгымдарын өзүнө алат, жарнама менен экспонаттардынкаталогу үчүн материалдарды берет; - кабыл алуучу Тарап көргөзмө иштерин уюштуруу, жарнама берүү,экспонаттарды илүүгө жана алууга, ошондой эле аларды өлкө ичиндеташууга жооп берет, экспонаттардын коопсуздугун камсыз кылат; - жиберүүчү Тарап экинчи Тараптын мамлекетинин борборуна чейинкөргөзмөнү коштоочу адамдардын жана көргөзмөнүн ачылыш салтанатынакатышуучулардын эларалык транспорт чыгымдарын өзүнө алат, кабыл алуучуТарап жогоруда аталган адамдардын тамактануусу, жашоочу жайы, өлкөичиндеги транспорт менен маданий ишмердиги боюнча чыгымдарын өзүнөалат, котормочуну камсыз кылып, керек болгон учурларда медициналыккызматтарды көрсөтөт; - жиберүүчү Тарап көргөзмө ачылаардан алты ай мурда кабыл алуучуТарапка экспонаттардын каталогу менен афишаларды басып чыгаруу үчүнбардык тийиштүү материалдарды берүүгө тийиш. Экспонаттар көргөзмөнүначылышынан 10 күн мурда көргөзмө өткөрүлүүчү жерге чейин жеткирилишикерек; - эки Тараптын ортосунда көргөзмө өткөрүүгө байланыштуу калганмаселелер, кошумча түрдө эки мамлекеттин тийиштүү органдары мененмакулдашылат. 8-статья Бул План башка иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн чектебейт. Бул иш-чаралардын ушул планда каралбаган финансылык маселелери Тараптардынтийиштүү уюмдары тарабьшан макулдашылат. 9-статья Бул Планга Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өзгөртүүлөр жанатолуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал ушул Пландын ажырагыс бөлүгү болупэсептелген өзүнчө Протоколдор менен таризделет. 10-статья Бул План кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет жана 2011-жылдын31-декабрына чейин колдонулат. _______шаарында 200_ жылдын "__"____________ кыргыз, орус жанакытай тилдеринде эки нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Кыргыз Республикасынын Кытай Эл РеспубликасынынМаданият министрлиги үчүн Маданият министрлиги үчүн