Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 8-июнундагы № 301-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы Интеллектуалдык менчикти коргоо тармагындакызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчикбоюнча мамлекеттик агенттиктин директоруна принциптүү эмес мүнөздөгүөзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен көрсөтүлгөн Макулдашууга КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Интеллектуалдык менчикти коргоо тармагында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жанаКытай Эл Республикасынын Өкмөтү, эки мамлекеттин ортосундагы мурунтан түзулгөн достук мамилелердиэске алып, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыктыөнүктүрүүнү каалап, иптеллектуалдык менчикти үзүрдүү жана өз ара коргоо кызматташтыктыөнүктүрүү үчүн зарыл шарт экенин билип, авторлордун жана интеллектуалдык менчик ээлеринин укуктары үчүныњгайлуу өз ара шарттарды түзүү зарыл экендигин түшүнүп, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Бул Макулдашуунун максаттары үчүн «интеллектуалдык менчик» 1967-жылы 14-июлда Стокгольм шаарында кол коюлган, Интеллектуалдыкменчиктин Бүткүл Дүйнөлүк уюмун түзүүчү Конвенциянын 2-статьясындакөрсөтүлгөн маанисинде түшүндүрүлөт. 2-статья Тараптар катышуучулары өзүлөрү болгон интеллектуалдык менчикжөнүндө эл аралык келишимдерге жана Тараптардын мамлекеттеринининтеллектуалдык менчик жөнүндө улуттук мыйзамдарына ылайык, өз арапайданын жана тењдиктин негизинде интеллектуалдык менчиктинобьектилерине укуктарды коргоо жана пайдалануу жаатындагыкызматташууну жүргүзөт жана өнүктүрөт. 3-статья Бул Макулдашуу менен жөнгө салынбаган маселелер боюнча, Тараптар1967-жылдын 14-июлунда Стокгольм шаарында кайта каралып чыккан Өнөржай менчигин коргоо жөнүндө Париж конвенциясынын жана 1971-жылдын 24-июлунда Париж шаарында кайта каралып чыккан жана 1979-жылы 2-октябрдаөзгөртүлгөн Адабий жана көркөм чыгармаларды коргоо жөнүндө Бернконвенциясынын жоболорун колдонушат. 4-статья Тараптардын кызматташуусу: 1) интеллектуалдык менчиктин укуктарын коргоо жана анын практикалыкмаселелери жаатындагы карым-катнаштарды чыњдоого, изилдөөлөргө жанапикир алмашууга; 2) Тараптардын мамлекеттеринин интеллектуалдык менчикти коргоомаселесине тийиштүү мыйзамдары боюнча маалымат алмашууга; 3) экономика, соода, илим, техника жана маданият чөйрөсүндөгүкызматташууну ишке ашырууда интеллектуалдык менчикти коргоогобайланыштуу маселелерди макулдашууга, ошондой эле Тараптардынмамлекеттеринин тийиштүү ведомстволорунун ортосунда макулдашуулардытүзүүдө көмөктөшүүгө; 4) биргелешкен семинарларды, конференцияларды жана жумушчужолугушууларды уюштурууга; 5) адистердин, экспертгердин стажировкаларын өткөрүүгө жана алардынквалификациясын жогорулатууга багытталат. 5-статья Башка Тарапка өтүнмө документтерди берүүдө, алар Тараптардынмамлекеттеринин интеллектуалдык менчикти коргоо чөйрөсүндөгү улуттукмыйзамдарына ылайык келиши керек. 6-статья Өтүнмө бергендик, коргоо документтерин бергендик, аларды күчүндөкармап тургандык жана өнөр жай менчигин коргоого жана пайдалануугабайланыштуу башка маанилүү юридикалык аракеттерди жүргүзгөндүк үчүнпошлина төлөө, автордук укуктун жана чектеш укуктардын обьектилеринпайдалангандык үчүн автордук сыйакыларды төлөө, ошондой эле башкатейлөө кызматтарын көрсөткөндүк үчүн төлөмдөрдү төгүү Тараптардынмамлекеттеринин ченемдик укуктук актылары менен каралган валютада жанаөлчөмдө жүргүзүлөт. 7-статья Тараптардын ушул Макулдашууну ишке ашырууга жоопкерчиликтүүкомпетенттүү органдары төмөнкүлөр болот: Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнөн - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик; Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнөн — Интеллектуалдык менчик боюнчамамлекеттик ведомство, Өнөр жай жана коммерция боюнча мамлекеттикадминистрация, Автордук укук боюнча улуттук ведомство. Ведомстволордун кызматташуусунун тартиби жана шарттары алардынортосундагы атайын макулдашуулар менен аныкталат. 8-статья Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө келип чыккан бардык талаш-тартыштарды Тараптар сүйлөшүү жолу менен чечишет. 9-статья Бул Макулдашуу Тараптардын интеллектуалдык менчик жаатында башкамамлекеттер менен эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыккакатышуусуна тоскоолдук кылбайт. 10-статья Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга анынажырагыс бөлүгү болуучу өзүнчө протоколдор менен таризделүүчүөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 11-статья Бул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгонмамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы тууралуу жазуу түрүндөгүакыркы билдирүү алынган күндөн баштап күчүнө кирет. Бул Макулдашуу беш жылга колдонулат жана эгер Тараптардын эч бирианын жарактуулугунун кезектеги мөөнөтү өткөнгө чейин алты айдан кемэмес убакыт мурдатан башка Тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушунтоктотууга ниеттенгендигин жазуу жүзүндө билдирбесе, кийинки бешжылдык мөөнөтөргө өзүнөн өзү узартылат. Бул Макулдашуунун колдонушун токтотуу эки мамлекетгин жекеадамдарына жана юридикалык жактарына берилген же бериле турган коргоодокументтеринин колдонулушуна таасирин тийгизбейт. 2006-жылдын «__» _________ ___________ шаарында түзүлдү, үчтүпнускадан турат, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде жанабардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер болсотараптар орус тилиндеги текстке таянышат. КЫРГЫЗ КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ҮЧҮН ӨКМӨТҮ ҮЧҮН