Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 8-июнундагы № 302-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндөМакулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү оњдоолордужана толуктоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгү менен жактырылсын. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүэки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жана техникалык-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатында төмөнкүлөржөнүндө ушул Макулдашууну түзүштү: 1-статья Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн муктаждыктарына ылайык Кытай ЭлРеспубликасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жетимиш миллионкытай юаны өлчөмүндөгү акысыз жардам берүүгө макул болду. 2-статья Жогоруда аталган акысыз жардамдын он беш миллион юаны кытайтарабынан мамлекеттик протокол үчүн автомобиль паркынын алып келинишиүчүн пайдаланылат. Калган элүү беш миллион юань билим берүү жанатранспорт коммуникацияларынын инфраструктурасын курууга, же болбособашка долбоорлорго багытталат. Конкреттүү маселелер Тараптар тарабынанатайын Макулдашуу аркылуу таризделет. 3-статья Бул Макулдашууну аткаруу үчүн эсеп-кысаптарды жүргүзүүнүн тиешелүүдаана тартиби кошумча түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укукберген банк менен Кытай өнүктүрүү банкынын ортосундагы өзүнчө Келишимменен аныкталат. 4-статья Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана экиөлкөнүн Өкмөттөрү ушул Макулдашууда каралган бардык милдеттенмелердитолугу менен аткарган күнгө чейин колдонулат. Пекин шаарында 2006-жылдын __ июнунда эки түп нускада түзүлдү, арбир Тарапта кыргыз, кытай жана орус тилдериндеги бирден нускасакталат, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Кыргыз Республикасынын Кытай Эл РеспубликасынынӨкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн