Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 8-июнундагы № 305-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз мамлекеттик юридика академиясынын материалдык-техникалыкбазасын чыњдоо, Кыргыз мамлекеттик юридика академиясынын студенттеринежана жамаатына ден соолук чыњдоочу иш-чараларды жана эс алуунууюштуруунун мүмкүнчүлүктөрүн кењейтүү үчүн, ошондой эле КыргызРеспубликасынын Жогорку сотунун Президиумунун 2006-жылдын 15-мартындагы токтомунун негизинде: 1. Кыргыз мамлекеттик юридика академиясынын балансына Ысыккөлоблусунун Ысыккөл районунун Чоктал айылында жайгашкан «Аккуу»балдардын ден соолугун чыњдоочу комплексинин имараттары жанакурулмалары жанаша аймактары менен бирге өткөрүп берилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик комитети ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүкабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте камсыз кылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылынын 17-апрелиндеги №101-6
буйругу күчүн жоготту деп табылсын. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жана КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданийөнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов