Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 16-июну №328-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 2000-жылдын 26-октябрындагы соода-экономикалык, илимий-техникалык,гуманитардык жана маданият жаатында Россия Федерациясынын МоскваӨкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы МакулдашуугаПротоколдун тиркелген долбоору жактырылсын. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор 2000-жылдын 26-октябрындагы соода-экономикалык, илимий- техникалык, гуманитардык жана маданият жаатында Россия Федерациясынын Москва Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууга Протокол Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүменен Россия Федерациясынын Москва Өкмөтү, 2000-жылдын 26-октябрындагы соода-экономикалык, илимий-техникалык,гуманитардык жана маданият жаатында Россия Федерациясынын МоскваӨкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагыМакулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) жана аны 2006-2007-жылдарыишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планынын чегинде эки тараптуукызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулуп, тараптардын аймактарында үйлөрдү жана Маданий-иш борборлорду,товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу боюнча дүњ базаларды,социалдык-маданий багыттагы башка обьекттерди түзүү жана иштетүүсыяктуу кызматташуунун түрлөрүн өнүктүрүүгө олуттуу маани берип,төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1 -статья Тараптардын рынокторуна товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдүкиргизүү, өздөрүнүн өкүлчүлүктөрүн ачуу жана иштетүү максатында: Кыргыз тарап Бишкек шаарында Москва үйүн курууга жер участогунбөлүп берет жана аны Кыргыз Республикасында катталган 4 ыйгарымукуктуу түзүмгө белгиленген тартипте тариздейт; Москва тарап Соода бар Кыргыз маданий-иш борборун курууга жеручастогун бөлүп берет жана аны Москва шаарында катталган ыйгарымукуктуу түзүмгө белгиленген тартипте тариздейт. 2-статья Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн: Москва тарап Бишкек шаарында Москва үйүн курууга инвестор катарычыга турган ыйгарым укуктуу түзүмдү аныктайт; Кыргыз тарап Москва шаарында Соода үйү бар Кыргыз маданий-ишборборун түзүүнүн уюштуруучусу жана аткаруучусу катары чыга турганыйгарым укуктуу түзүмдү аныктайт. 3-статья Тараптар андан ары бири-бирине дүњ базаларды, дүњ соодаборборлорун, социалдык-маданий жана башка багыттагы обьекттерди куруужана иштетүү үчүн бирдей шарттарда мыйзамда белгиленген тартипте жеручастокторун бөлүп берүүдө жардам көрсөтүшөт. 4-статья Бул Протокол Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет, ал агакол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2007-жылдын 30-декабрыначейин колдонулат. Бишкек шаарында 2006-жылдын «__»_______ар бири кыргыз жана орустилдеринде эки түп нускада түзүлдү, мында баардык тексттер бирдейкүчкө ээ. Бул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо негиз катарыорус тилиндеги текст алынат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Москва Өкмөтү үчүн үчүн Москванын Мэри Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Ш. Кулов Ю.М. Лужков