Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 19-июну № 340-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын жаныбарлардынден соолугу жана карантини, жугуштуу оорулардын пайда болушун жана жа-йылышын алдын алуу, жаныбарлар жана жаныбарлардан алынуучу продуктуларменен соода жүргүзүүдө ветеринардык-санитардык чараларды шайкеш кел-тирүү жаатында кызматташууну өнүктүрүү жана чыњдоо максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы жаныбарлардын ден соолугу жана карантини тарма-гында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчүөнөр жай министринин милдетин аткаруучу Исабеков Азим Бейшенбаевичкеаталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюугаыйгарым укук берилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жаныбарлардын ден соолугу жана карантини тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу Мындан ары "Макулдашуучу Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү жаныбарлардын ден со-олугу жана карантини тармагында кызматташууну чыњдоо, инфекциялык жанамите оорулардын чыгышын же тийиштүү аймактарга таралышын болтурбоо мак-сатында, айыл чарбасынын, мал чарбачылыктын жана балыкчылыктын коопсуз-дугун камсыздоо, ошондой эле адамдын саламаттыгын коргоону камсыздоомаксатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Бул Макулдашуунун максаты үчүн колдонулчу терминдер төмөнкүлөрдүбилдирет: - жаныбарлар - айыл чарбалык, үйдөгү, зоопарктагы жаныбарлар,цирктеги, лабораториялык жаныбарлар, ошондой эле териси баалуу жаныбар-лар, канаттуулар, балыктар, аарылар, фаунанын башка түрлөрү, инкубация-лык жумурткалар, уруктандырылган икра, тукум берүүчүлөр жана эмбрион-дор; - жаныбарлардан алынчу продуктулар - жаныбарлардын жана канаттуу-лардын эти жана алардан жасалган эт азыктар, сүт жана сүт азыктар, ба-лык продуктулар, бал челекчиликтин продуктулары, терилер, жүндөр, кыл-дар, баалуу терилер, тыбыт жана куштун жүнү, зндокрин бездер, кан,сөөк, мүйүз, туяктар жана мал чарбачылыгынын башка продуктулары; - жаныбарлардын генетикалык материалы - жаныбарлардын жањы жетоњдурулган спермасы, жањы же тоњдурулган эмбриондор жана жаныбарлардыкөбөйтүүдө, төлдөтүүдө пайдаланылчу башка биологиялык заттар; - ветеринардык сертификат, санитардык күбөлүк же ырастамалар жаны-бардын ден-соолугун же жайында экенин ырастоочу, анын чыккан жерин,ошондой эле жаныбарлардан алынган продуктунун ветеринардык-санитардыккоопсуздугун ырастоочу документ; - тоюттар жана анын кошулмалары - малды тоюттандыруу үчүн колдону-луучу өсүмдүктөрдөн алынган азык-заттар (чөп, кургатылган чөп, саман,жем ж.б.) жана малдан алынган азык-заттар (сөөктүү эт, сөөк, балык уну,сүт, сүт азыктары). 2-статья. Макулдашуучу Тараптар жаныбарларды жана генетикалык материалдарды,тоюттарды, ошондой эле башка продуктуларды, жаныбарлардан алынып жасал-чу башка нерселерди, ветеринария кызматы контролдоочу жүктөрдү импорт-тоодо, экспорттоодо же транзит менен ташууда жугуштуу жана мите ооруларөлкөлөрдүн аймагына киришин болтурбоо боюнча кызматташат. 3-статья. Макулдашуучу Тараптар жаныбарлардын ден соолугу жана карантинитармагындагы протоколдорду талкуулоо жана кол коюуга тийиштүү ыйгарымукуктарга ээ болууга тийиш, патоген алып жүрүшү мүмкүн болгон тирүү жа-ныбарларды, генетикалык материалдарды, жаныбарлардан алынган продукту-ларды, тоюттарды импорттоодо, экспорттоодо жана транзиттөөдө жүктөрдүн(товарлардын) ветеринардык-санитардык коопсуздугун ырастоочу ветеринар-дык сертификаттарды талап кылуу керек. Макулдашуучу Тараптар кол койгон тийиштүү протоколдордо ал Макул-дашууга карата тиркемелери болууга жана алар ошол Макулдашуунун ажыра-гыс балүгү катары каралууга тийиш. 4-статья. Патоген кармашы мүмкүн болгон жана түзүлгөн контракт боюнча бирөлкөнүн аймагынан экинчи өлкөнүн аймагына экспорттолчу продуктулар жебуюмдар импорттоочу өлкө койгон ветеринардык-санитардык талаптарга ыла-йык болууга тийиш. Импорттоочу Тарап Макулдашуучу Тарап кол койгон ти-йиштүү протоколго таянууга тийиш. Ветеринария кызматы контролдоочу жүкэкспортоочу өлкөнүн расмий ветеринары берген ветеринардык сертификатменен коштолушу керек. Сертификат англис, мамлекеттик же экспорттоочуөлкөнүн расмий тилинде жазылууга тийиш. 5-статья. Ар бир Макулдашуучу Тарап контракт түзүлгөндөн кийин тирүү жаны-барларга, жаныбарлардын генетикалык материалдарына, жаныбарлардан алын-ган продуктуларга жана ветеринария кызматы контролдоочу башка жүктөргөклиникалык кароо жана лабораториялык изилдоо жүргүзүүгө укуктуу болуугатийиш. Патоген же башка ар кандай зыянкеч табылганда, ошондой эле жүк жа-ныбарлардын ден соолугу тармагындагы эрежелерге, нускамаларга жана мый-замдарга ылайык келбеген учурларда Макулдашуучу Тарапка дароо кабарла-нат. 6-статья. Жаныбарлардын ден соолугу жана карантини тармагында кызматташуунуоптималдаштыруу учун Макулдашуучу Тараптар: а) Тараптардын аймактарында МЭБдин А жана Б тизмесиндеги жугуштууоорулардын аныкталган фактысы жөнүндө бири бирине оорунун аталышын, оо-ру жуккан жаныбарлардын түрлөрүн, инфекция чыккан чордондор, диагнозужана жок кылуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө дароо кабарлашат; Ь) МЭБ тизмесине ылайык Макулдашуучу Тараптардын аймагында анык-талган жаныбарлардын инфекциялык жана мите оорулары жөнүндө маалымат-тарды ай сайын алмашат; с) коњшу өлкөлөрдө чыккан инфекциялык оорулардын таралышын болтур-боо үчүн өлкөдө көрүлгөн контролдоо чаралары жөнүндө бири бирине кабар-лашат; d) башкаруу тармагында тажрыйба алмашуу үчүн Макулдашуучу Тарап-тардын ветеринардык жана карантиндик кызматтарынын администрациясы ме-нен кызматташат; е) семинарлар жана башка иш-чаралар аркылуу академиялык алмашуунужүргүзүшөт; f) карантиндик жана ветеринардык медицина боюнча мыйзамдар, ток-томдор жана нускамалар жөнүндө маалыматтарды алмашат. 7-статья. Макулдашуучу Тараптар ушул Макулдашууну аткаруу максатындатөмөнкүдөй компетенттүү органдарды дайындашат, алар: Кыргыз Республикасы тараптан: Кыргыз Республикасынын Айыл, суучарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу мамлекеттикветеринария Департаменти. Кытай Эл Республикасы тараптан: Кытай Эл Республикасынын Айыл чар-ба министрлиги жана Кытай Эл Республикасынын Сапатты контролдоо,көзөмөлдөө жана карантин боюнча мамлекеттик администрациясы. 8-статья. Бул Макулдашууну ишке ашыруу максатында жумшалчу чыгымдартөмөнкүдөй булактардан каржыланат: а) семинарларды, жолугушууларды, стажировкаларды уюштурууда иш-ча-раларды каржылоо маселеси ар бир конкреттүү учурда Макулдашуучу Тарап-тардын уюмдарынын ортосунда макулдашылат; Ь) маалыматтарды, журналдарды жана публикацияларды алмашууга бай-ланыштуу чыгымдарды жиберүүчү Макулдашуучу Тарап көтөрөт. 9-статья. 1. Бул Макулдашууну аткарууда келип чыккан бардык талаштарды Ма-кулдашуучу Тараптардын компетенттүү органдары карашат. 2. 1-пункт боюнча чечилбеген бардык талаштарды Макулдашуучу Тарап-тар түзгөн биргелешкен комиссия чечүүгө тийиш. Комиссияда ар бир Макул-дашуучу Тараптан үчтөн өкүл болот. Комиссия Макулдашуучу Тараптардынбири өтүнүч жибергенден кийин отуз күндүн ичинде чогулууга тийиш. Жолу-гушуулар Макулдашуучу Тараптардын кезектешип төрагалык кылуусу мененөткөрүлүүгө тийиш. 10-статья. Бул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптардын алар катышкан башка эларалык келишимдеринен келип чыгуучу башка укуктарына жана милдеттенме-лерине тиешеси болбойт. 11-статья. Бул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн ке-ректүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы тууралуу жазуужүзүндөгү акыркы билдирүүнү алышкан күндөн баштап күчүнө кирет. Бул Макулдашуу 5 жыл мөөнөткө түзүлдү. Анын жарактуулугу Макулда-шуучу Тараптардын бири ушул Макулдашуунун жарактуулук мөөнөтү бүтөөрдөналты ай мурда экинчи Макулдашуучу Тарапка бул Макулдашуунун жарактуулу-гун токтотуу ниети жөнүндө кабарлабаса кийинки беш жылдык мөөнөттөргөөзүнөн өзү узартыла берет. 2006-жылдын "__" июнунда Пекин шаарында ар бири кыргыз, кытай жанаорус тилдериндеги эки нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкөээ. Бул Макулдашуунун текстин чечмелөөдө кайчы пикирлер болсо орус ти-линдеги текстке артыкчылык берилет. Кыргыз Эл Республикасынын Кытай Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн