Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 23-июнундагы № 345-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы үчүн кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын төрагасына (макулда-шуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү түзөтүүлөрдү киргизүү укугун берүү менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасынын чегара кызматы үчүн кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүменен Казакстан Республикасынын Өкмөтү, достук мамилени бекемдөө жана андан ары өнүктүрүү ниетинде, тышкы чегаралардын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөинтеграциялык процесстерди жолго салууга жана терендетүүгө умтулуп, Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердинтышкы чегараларын ишенимдүү кайтаруу үчүн чегара аскерлеринин кесиптикжактан даярдалган аскердик кадрлардын чсчүүчү мааниси бар экендигиптүшүнүп, 1995-жылдын 3-ноябрындагы Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинекатышкан мамлекеттердин чегара аскерлери үчүн аскер кадрларын даярдоожана квалификациясын жогорулатууда кызматташуу жөнүндө макулдашуунун 1-статьясын жетекчилике алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Казакстан Тарап кыргыз Тараптын Чегара аскерлеринин аскеркызматкерлерин Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздуккомитетинин: Казакстан Республикасы, Алматы шаары, Досгык проспекти,103 дареги боюнча жайгашкан Аскердик институтуна (мындан ары-УККнынАскердик институту) жыл сайын сүйлешүлгөн санда, адистиктер боюнчажана Тараптар макулдашкан мөөнөткө окутууга кабыл алат. Макулдашуунунжыйыптыктары контракт менен таризделет. 2-статья Бул Макулдашуунун аткарылышына Тараптардын жооптуу ыйгарым укуктууоргандары төмөнкүлөр болуп саналат: кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы; Казакстан Тараптан - Казакстан Республикасьшын Улуттук коопсуздуккомитети. Жогоруда аталган ыйгарым укуктуу органдардын аталышы же функциясыөзгөрүлгөн учурда Тараптар өз убагында дипломатиялык каналдар боюнчамаалымдашат. 3-статья Аскер кызматкерлерин окууга кабыл алуу кыргыз Тараптын жыл сайынжиберилүүчү жазуу түрүндөгү табыштамасына, Казакстан Тараптын сунушунажана мүмкүнчүлүгүнө ылайык жүргүзүлөт. Табыштама окуу башталганга 6 айкалганга чейин жөнөтүлөт. Табыштамада окутуунун адистиги, ар бирадистик боюнча өзүнчө талапкерлердин саны жана талапкерлердин окуубилим дењгээли көрсөтүлөт. Кыргыз Тарап УККнын Аскердик институтуна окууга талапкерлердитандоону жыл сайын аныкталган квотага ылайык иште ашырат.Талапкерлердин жашы тапшырган жылы 17ден 23кө чейинки жашты түзүшкерек жана тиешелүү билим дењгээлине ээ болууга тийиш. 4-статья Кыргыз Тарап белгиленген тартилте медициналык жактан күбөлөндүрөт,кесиптик тандоодон өткөрөт, тиешелүү профамма боюнча кабыл алууэкзаменин жургүзөт жана белгиленген мөөнөттө аскер кызматкерлердиУККнын Аскердик институтуна окууга жиберет. Кесиптик тандоого(экзаменге) Казакстан Тараптын өкүлү катышса болот. Талапкерлер УККнынАскердик институтка келгенден кийин жыйынтыктоочу медициналыктекшерүүдөн өтүшөт. Окутуу орус тилинде, Казакстан Республикасынын аскердик окуумекемелеринде кабыл алынган окуу планына жана программасына ылайыкжүргүзүлөт. 5-статья Кыргыз Тарап Казакстан Тараптын дарегине окуу башталганга 1 айкалганга чейин (орус тилинде) төмөнкүлөрдү жиберет: аскер кызматкерлердин аскердик наамын, аты-жөнүн, туулган жылын,билим дењгээлин, окутуунун адистигин көрсөтүү менен аскеркызматкерлерињин эки нускадагы тизмесин; окууга талапкерлердин төмөнкүлөрдү камтыган өздүк ишин: кесиптик тандоонун жыйынтыгы, мамлекеттик жашырын сырга жетүүгө тиешелүү форманы, толук орто билими жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүргөн көчүрмөлөрүи, ВИЧ-инфекцияга жана (А.В.С) гепатитке текшерүүдөн өткөндүгүжөнүњдөгү медининалык кортундуну. Окуу аяктагандан кийин өздүк иш кыргыз Тарапка кайта жиберилет. Кыргыз Тараптын аскер кызматкерлери окууга аныкталган тартиптеокуу жылы башталар алдында келишет, аларда төмөнкүлөр болушу керек: Кыргыз Республикасынын жаранынын паепорту; билими жонүидөгү, өтүлгин сабактардын жана аларга коюлган баалартууралуу документтердин түп нускасы жана көчүрмөсү; кирүү экзаменин тапшыргандыгы жөнүндө ведомосттун көчүрмөсү; туулгандыгы жөнүндегү күбөлүктүн көчүрмөсү; медициналык китепче жана 3 айдан көп эмес мөөнөттөгү денсоолугунунабалы жөнүндөгү кортунду, 1 айдан көп эмес мөөнөттөгү ВИЧ-инфекциясынажана (А,В,С) гепатитке текшерүүдөн өткөндүгү жөнүндөгү кортунду; аскердик формада түшкөн 4,5x3,5 см өлчөмүндөгү беш фотосүрөт. Баардык документтер орус тилинде толтурулуп жана нотариустанкүбөлөндүрүлуүгө тийиш. Кыргыз Тарап талапкерлерди окууга белгиленген мөөнөттө алыпкелүүнү камсыз кылат. Эгер талапкер белгиленген мөөнөттөн кийин он күн аралыгында УККнынАскердик институтуна келбесе, анда алар окууга киргизилбейт. Кыргыз Тарап окууга жиберип жаткан учурда аскер кызматкерлерининичинен улуттук топтун башчысы дайындалат жана ал УККнын Аскердикинститутунда анын өкүлү болуп саналат. 6-статья УККнын Аскердик институтунда окуп жаткан кыргыз Тараптын аскеркызматкерлерине окуу планына ылайык жыл сайын каникулдук өргүүберилет, жайкы өргүү 30 күндүк мөөнөткө жана кышкы өргүү 14 күндүкмөөнөткө. 7-статья Казакстан Тарап кыргыз Тараптын аскер кызматкерлерин УККнынАскердик институтунда төмөнкүлөр менен камсыз кылат: Казакстан Республикасынын ички иштер органында убактылуу каттоо; акчалай үлүш; буюм мүлктөрү; турак-жай (жатакана); үч маал тамак-аш; окутуучулук курам, окуу китептери, окуу-класстык аспаптар,лапораториялык жабдуулар, курал-жаракгар, техникалар. ок-дарылар.практикалык окууга техникалык каражаттар; окуу планьша жана программасына ылайык окуу процесси үчүн зарылболгон чыгымдоочу материал жана башка жабдуулар; окуу процесси үчүн зарыл болгон китепканалар, окуу, спортгук жанабашка жайлардан пайдалануу укугун; медициналык тейлөелөр, анын ичинде госпиталга жаткыруу жана лары-дармектер менен камсыздоо; окуу максатында транспорттор; форма кийимдери, ошондой эле Казакстан Тараптын аскеркызматкерлерине болгон категориядагы норма боюнча техникалар менеништеө үчүн атайын кийимдер менен. Атайын кийимдер убактылуу колдонуу учүн берилет жана окуубүткөндөн кийин кайрадан тапшырылууга тийиш. 8-статья Кыргыз Тараптын аскер кызматкерлерине акчалай үлүш берүү,кийинтүү, тамактандыруу жана турак-жай (жатакана) менен камсыз кылуу,ошондой эле окууга байланыштуу Казакстан Тараптын аскеркызматкерлерине болгон категориядагы норма боюнча чыгымдарды КазакстанТарап ишке ашырат. Кыргыз Тараптын аскер кызматкерлеринин жол киреси, алардын аскеркызматын өтөп жаткан жерден (жашаган жеринен) окуп жаткан жерге чейинжана кайта артка кол жүгүн жеткирүү, жеке шарты боюнча өргүү жанакезектеги каникулдук өргүүгө, Кыргыз Республикасына жиберилүүчүстажировкага (практикага) жана Казакстан Республикасынын УККнынАскердик институтунан чыгарып салган учурда жана окууну аяктап кызматөтөөчү жерге жөнөтүүгө кеткен жол кирелерди кыргыз-Тарапка андан арытөлөө үчүн эсеп берүү менен Казакстан Тарап ишке ашырат. 9-статья Кыргыз Тараптын аскер кызматкерлеринин күнөөсү боюнча КазакстанТараптын буюмдары сынып-бүлүнгөн учурда, Кыргызстан Тарап анын оњдооже алмаштыруу баасын Казакстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ишжүзүндөгү сарптоолордун негизинде төлөп берет. Кыргыз Тараптын аскер кызматкерлеринин күнөөсү боюнча КазакстанТараптын буюмдары жоголгон учурда, кыргыз Тарап анын баасын КазакстанТараптын аскер кызматкерлерине ылайык келген категория үчун аныкталганөлчөмдө төлөп берет. Оњдоп берүүгө кеткен чыгымдарды төлөөнү же сынып-бүлүнгөн буюмдуалмаштырууну, ошондой эле жоголгон буюмдун баасын төлөп берүүнүКазакстан Тарап кыргыз Тараптын өкүлүнө тийешелүү эсептик кагаздыберген күндөн баштап, 2 айдын аралыгында кыргыз Тарап ишке ашырат.Эсептик кагаз Тараптардын өкүлдөрүнүн кол коюусу менен аныкталганактынын негизинде таризделет. 10-статья УККнын Аскердик институтунда окуп жаткан кыргыз Тараптын аскеркызматкерлерине Казакстан Республикасынын мыйзамдарында чет элдикжарандар үчүн каралган милдеттер жана укуктар жайылтылат. Кыргыз Тараптын аскер кызматкерлери Казакстан Республикасынынмыйзамдарынын, Казакстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнун аскеркызматын өтөөнү жөнгө салуучу жалпы аскерднк уставдарын, ошондой элеУККнын Аскердик институтунун ички тартибинин жана окуу процессининталаптарын сактоого милдеттүү. УККнын Аскердик институтунда окуп жаткан аскер кызматкерлерижогоруда айтылган талаптарды бузган учурда, ошондой эле кыргызТараптын чечими боюнча чакыртылып алынганда УККнын Аскердикинститутунан чыгарылат жана Кыргыз Республикасына жөнөтүлөт. 11-статья Аскер кызматкери ооруп калып, андан ары окууга тоскоолдук болгонучурда, ал аскердик-врачтык комиссияга жиберилет. Аскердик-врачтыккомиссия ооруп калган аскер кызматкеринин андан ары окуусун улантуугажарабай тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алган учурда, ал УККнынАскердик институтунан чыгарылат жана кыргыз Тараптын карамагынажиберилет. Окуп жаткан кызматкер Казакстан Республикасына келген учурда казаболсо, Казакстан Тарап баардык иш-чараларды көрүл жана сөөктү КыргызРеспубликасына жиберүүнү камсыз кылат. Кыргыз Тарап Казакстан Тарапказарыл болгон жардамдарды көрсөтөт. Эгер кыргыз Тараптын аскер кызматкери өз күнөөсү боюнча казаболсо, анда кыргыз Тарап Казакстан Тарапка каза болгондун сөөгүнКыргыз Республикасына жиберүү боюнча баардык зарыл болгон иш-чаралардыаткарууга байланышкан чыгымдарды төлөп берет. Эгер кыргыз Тараптын аскер кызматкери Казакстан Тараптын күнөөсүбоюнча каза болсо, анда каза болгондун сөөгүн Кыргыз Республикасынажиберүү боюнча баардык зарыл болгон иш-чараларлы аткарууга байланышканчыгымдарды кыргыз Тарап төлөп бербейт. Бул учурда Казакстан Тарапаныкталган тартипте, кыргыз Тараптын аскер кызматкерине ылайык келгенкатегория үчүн аныкталган чыгымды туугандарына төлеп берет. Баардык учурларда Казакстан Тарап кыргыз Тарапка окуп жаткан аскеркызматкеринин каза болгондугу тууралуу дароо маалымдайт, ал эми казаболуунун себептерин компетенттүү органдар териштирет. 12-статья Кыргыз Тараптын аскер кызматкерлери аскердик стажировкасын аскербирикмелеринде жана бөлүктөрүндө өтөшөт. Стажировканын планы, мөөнөтүжана өткөрүлүүчү орду жумушчу тартибинде такталат. Кыргыз Тараптын аскер кызматкерлерин кезектеги жана каникулдукөргүүгө жиберүү аскердик стажировка бүтөөрү менен УККнын Аскердикинститутуна кайтып келбестен ишке ашырылат. Окуу программаны талапка ылайык көлөмдө өздөштургөн, экзамендердитапшырып жана дипломдук ишти ийгиликтүү жактаган аскеркызматкерлерине, алган адистигине ылайык квалификациялар ыйгарылып,дипломдор жана аныкталган үлгүдөгу төш белгирели тапшырылат. УККнын Аскердик институтунда окуган кыргыз Тараптын аскеркызматкерлерине биринчи офицердик наамды тапшыруу, КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык, Казакстан Тараптын макулдугубоюнча ишке ашырылат. 13-статья Окууну аяктаган кыргыз Тараптын аскер кызматкерлеринин ишдептерлери жана дипломдук долбоорлору аныкталган тартипте кыргызТараптын суоо-талабынын негизинде Кыргыз Республикасына жиберилишимүмкүн. 14-статья Казакстан Тарап кыргыз Тараптын аскер кызматкерлерине жашыруунжана өтө жашыруун маалыматтарга кайрылуу жана иштөө тартиби менентааныштырат, бул фактыны жазуу түрүндө күбөлөндүрөт жана мындаймаалыматтарды таратпоо жөнүндө тилкат алат. 15-статья Кыргыз Тарап Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарында каралгантартипте, ушул Макулдашууну ишке ашыруу чегинде алынган жашыруун жанаөтө жашыруун маалыматтарды коргоону камсыз кылат жана буга КыргызРеспубликасынын жашыруун жана өтө жашыруун маалыматтарды коргоо үчүнкөрүлгөн коргоо чараларын колдонушат. Алынган маалыматтар үчүнчү тарапка Казакстан Тараптын алдын алажазуу түрүндөгү макулдугусуз берилбейт. 16-статья Ушул Макулдашууну ишке ашыруу чегинде алынган жашыруун жана өтөжашыруун маалыматтарды кыргыз Тараптын аскер кызматкерлерисанкцияланбаган түрдө жайылтып же таркатып жиберсе, же башкакылмыштарды жасаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындакаралган тартипте жоопкерчиликке тартылат. 17-статъя Тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча ушул Макулдашуугаөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколтүрүндө таризделип, бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ушул Макулдашууну аткарууда пайда болгон бардык талаш-тартыштардыТараптар өз ара сүйлөшүү жана кењешүү жолдору менен чечишет. 18-статья Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бириэкинчи Тараптан өзүнүн ушул Макулдашуунун аракетин токтотуу тууралууниетин кат түрүндөгү билдирүүсүн алган күндөн баштап, алты ай өткөнгөчейин колдонулат. Бул Макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда, анын негизиндетүзүлгөн протоколдор Тараптардын ал боюнча милдеттенмелериаткарылганга чейин күчүндө калат. _____________шаарында, 2006-жылдын « »_________________ экитүпнускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде аткарылды жанабаардык текст бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер болсо,Тараптар орус тилиндеги текстке кайрьлышат. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн