Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 26-июну № 349-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Мамлекеттик администрациялык имараттардын жайларын натыйжалуу жанасарамжалдуу пайдалануу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Денетарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин иштеши үчүн зарылшарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алын-ган чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү мак-сатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы №204-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 1-пункттагы "17" деген сан "175" деген санга алмаштырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 23-ноябрындагы №648-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын. Премьер-министр Ф.Кулов