Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 28-июну № 358-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Туризм тармагын натыйжалуу колдоо, тике инвестицияларды тартуу жа-на Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун аймагында жайгашкан жанаКазакстан Республикасынын пайдалануусунда турган курорттук-рекреациялыкчарбанын объектилерине менчик укуктун маселелерин жөнгө салуу максатын-да: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун аймагын-да жайгашкан курорттук-рекреациялык чарбанын объектилерине менчик укук-ту жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигибул Макулдашуунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Эларалык иштер, парламенттер аралык байланыштар, коомдук бирикмелер жанадиний уюмдар боюнча комитети менен макулдашсын. 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитетинин төрагасы көрсөтүлгөн Макулдашуунун долбоорун Кыр-гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Эл аралык иштер, парламенттераралык байланыштар, коомдук бирикмелер жана диний уюмдар боюнча комите-ти караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуугадайындалсын. 4. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министриД.Т.Үсөновго аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аты-нан кол коюуга ыйгарым укук берилсин. 5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарбанын объектилерине менчик укукту жөнгө салуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Казакстан Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. 1. Кыргыз тарап: 1) Бул Макулдашууга кол коюлган күндөн баштап үч айдын ичинде анынкүчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду жүргүзүүгөмилдеттенет; 2) бул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн баштап бир айдан кечиктир-бей Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун аймагында жайгашкан има-раттар менен курулмаларга Казакстан Республикасынын менчик укугун та-риздейт, атап айтканда: - "Олимп" спорттук-ден соолукту чыњдоо борбору" РГП спорттук-денсоолукту чыњдоо базасы (мурдагы "Автомобилист Казакстана" эс алуу үйү,Корумду айылы); - "Самал" эс алуу үйү (Бостери айылы); - "Казакстан" санаторийи (Чолпоната ш.); - "Университет" спорттук-ден соолукту чыњдоо лагери (Бостери айы-лы). 2. Казак тарап бул Макулдашуунун 1-статьясынын 1-пунктунун 2-пунк-тчасында көрсөтүлгөн объекттерге Казакстан Республикасынын менчик укугутаризделгенден кийин төмөнкүдөй чараларды көрөт: - мүмкүн болсо жыл бою иштей турган 3 жана 4 жылдыздуу дењгээлдегиотелдерге чейин жеткирүү; "Казакстан" санаторийин - 2 жылдын ичинде; "Олимп" спорттук-ден соолукту чыњдоо борбору" РГП спорттук-ден со-олукту чыњдоо базасын (мурдагы "Автомобилист Казакстана" эс алуу үйүн),"Самал" эс алуу үйүн, "Университет" спорттук-ден соолукту чыњдоо лаге-рин - 4 жылдын ичинде; - жогоруда аталган объекттерди курууда жана пайдаланууда жумушчукүчтүн 80 пайыздан кем эмесин Кыргыз Республикасынын жарандарынан алуу-га. 2-статья. 1. Казакстан Тарап бул Макулдашуунун 1-статьясынын 2-пунктунда ка-ралган шарттарды аткарбаса Кыргыз Тарап бул Макулдашууну бир жактуутартипте бузууга укуктуу. 2. Бул Макулдашууга Тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар бул Макулдашуунун ажырагысбөлүгү болгон өзүнчө протоколдор менен таризделет. 3-статья. 1. Бул Макулдашуу Тараптар керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболор-ду аткарганы жөнүндө жазуу түрүндөгү акыркы билдирүүнү алышкан күндөнбаштап күчүнө кирет. 2. 2006-жылдын "__" __________ ________ шаарында ар бири казак,кыргыз жана орус тилдериндеги эки түп нускада кол коюлду жана бардыктексттер бирдей күчкө ээ. 3. Бул Макулдашуунун текстин чечмелөөдө пикир келишпестиктер болсоТараптар орус тилиндеги текстке таянышат. Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн