Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 28-июну № 359-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Кыргыз-казак мамлекеттик чегарасында биргелешкен контрольжүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-пекциясынын директорунун орун басары Кулматов Кубанычбек Кењешовичкепринциптүү эмес мүнөздөгү оњдоолорду киргизүү укугу менен аталган Ма-кулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарымукук берилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 31-январындагы №57-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Казак-кыргыз мамлекеттик чегарасында биргелешкен контроль жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-нен Казакстан Республикасынын Өкмөтү, 1999-жылдын 24-сентябрындагы Бажы союзуна катышуучу мамлекеттердинортосунда ташылуучу товарларды бажылык тариздөөнүн жөнөкөйлөтүлгөн тар-тиби жөнүндөгү макулдашууга, 2000-жылдын 17-февралындагы Бажы союзунакатышуучу мамлекеттердин ортосунда ташылуучу товарларга жана транспорткаражаттарына бажы контролу жөнүндөгү протоколго, 1999-жылдын 15-нояб-рындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен жана Казакстан Республика-сынын Өкмөтүнүн ортосундагы Алматы-Бишкек маршруту боюнча чегаралыкөтүү жөнүндөгү макулдашууга негизденип; "бир аялдама принциби" боюнча мамлекеттик чегарадагы контролдуннатыйжалуулугун камсыздоону каалап; жеке адамдардын жана товарлар жана транспорт каражаттарынын чегарааркылуу өтүшүн биргелешкен контроль жүргүзүүдө жана аларды тариздөөдөмамлекеттик чегарада Тараптардын контролдоочу органдарынын ортосундагыөз ара аракетти күчөтүүнүн зарылдыгын моюнга алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Бул Макулдашуудагы түшүнүктөр төмөнкү мааниде пайдаланылат: "биргелешкен контроль" - адамдарды, товарларды жана транспорт ка-ражаттарын биргелешкен өткөрүү пункттары аркылуу өткөрүүдө Тараптардынконтролдоочу жана башка контролдоочу органдары тарабынан бирге колдону-луучу жана ишке ашырылуучу аракеттердин, чаралардын, ыкмалардын, кара-жаттардын жана контроль формаларынын жыйындысы; "контролдоочу органдар" - Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мый-замдарына жана ушул Макулдашууга ылайык өткөрүү пункттарында мамлекет-тик контролдоо милдети жүктөлгөн Тараптардын мамлекеттеринин чегаралыкжана бажы кызматтары; "башка контролдоочу органдар" - Тараптардын мамлекеттеринин улут-тук мыйзамдарына ылайык өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоомилдетин жүргүзүүчү Тараптардын башка мамлекеттик органдары же кызмат-тары; "контролдоо зонасы" - чегинде Тараптардын мамлекеттеринин контрол-доочу органдары же башка контролдоочу органдары биргелешкен контрольжүргүзүүчү Тараптардын мамлекеттеринин биргелешкен өткөрүү пункттарын-дагы кирүү чектелген, атайын белгиленген зона; "бир аялдама" принциби" - кыргыз-казак мамлекеттик чегарасынанөтүүдө жеке адамдарды, товарларды жана транспорт каражаттарын бир жолкутоктотуу менен биргелешкен контроль жүргүзүү; "кызмат адамдары" - Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу ор-гандарынын жана башка контролдоочу органдарынын биргелешкен контрольжүргүзүүчү кызматкерлери; "биргелешкен өткөрүү пункту" - бир же экинчи Тараптын мамлекетининбиргелешкен контроль жүргүзүлүүчү жана адамдардын мамлекеттик чегараданөтүүчү жери, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин аймагынан товар-ларды жана транспорт каражаттарын алып келүүчү жана алып кетүүчү жериболуп эсептелүүчү өткөрүү пунктунун аймагы. 2-статья. Тараптардын мамлекеттеринин бул Макулдашууну жүзөгө ашырууга жооп-туу ыйгарым укуктуу органдары болуп төмөнкү органдар эсептелет: Кыргыз Республикасында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспек-циясы; Казакстан Республикасында: Казакстан Республикасынын Финансы министрлиги. Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын расмийаталыштары же иш-милдеттери өзгөрсө Тараптар ал жөнүндө дипломатиялыкканалдар аркылуу өз убагында билдиришет. 3-статья. Бир Тараптын улуттук мыйзамдары ушул Макулдашууга ылайык экинчиТараптын аймагындагы биргелешкен өткөрүү пунктунун аймагына өз Тарабы-нын аймагындагыдай эле контролдоо зонасынын чектеринде колдонулат. Биргелешкен өткөрүү пунктунун аймагында бул мыйзамды бузуулар өзТарабынын мамлекетинин аймагындагы ушуга окшогон мыйзам бузуулардай элеукуктук натыйжаларга алып келет. 4-статья. Биргелешкен контроль Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу ор-гандары жана башка контролдоочу органдарынын ортосундагы өз ара аракет-тин негизинде "бир аялдама" принциби боюнча жүргүзүлөт. Биргелешкен контролду жүргүзүүдө анын төмөнкү ыкмалары колдонулат: - жеке адамдардын чегараны кесип өтүшү жана товарларды жана транс-порт каражаттарын чегара аркылуу алып өтүү жөнүндө маалымат алмашуу; - Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу органдарынын кызматадамдары тарабынан чегара аркылуу биргелешкен өткөрүү пунктунда бирге-лешкен текшерүүлөрдү, кароолорду, толук кароолорду өткөрүү; - Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу органдары жана башкаконтролдоочу органдарынын тарабынан Тараптардын мамлекеттеринин улуттукмыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык таризделген товарлар-дын документтерин таануу жана колдонуу; - Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана эларалыккелишимдерине каршы келбеген биргелешкен контролду жүргүзүүнүн бар фор-маларын жана ыкмаларын колдонуу жана алардын жањы формаларын жана ыкма-ларын иштеп чыгуу жана жайылтуу. Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу жана башка контролдоочуоргандары биргелешкен контролду жүргүзүүдө алардын баалоо, талдоо жанатобокелдикти башкаруу принциптерин ишке ашыруу менен бирге, аткарылышынконтролдоо Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу жана башка контрол-доочу органдарына жүктөлгөн Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзам-дарын жана эларалык келишимдерин сактоону камсыздоо үчүн жетиштүү бол-гон формаларын колдонот. Тараптардын мамлекеттеринин чегара кызматтары Тараптардын мамле-кеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык, казак-кыргыз мамлекеттик чега-расынан өтүп жаткан жеке адамдарды контролдоонун башка түрлөрүнжүргүзүү укугун өздөрүндө калтырат. 5-статья. 1. Биргелешкен өткөрүү пункттары тиешелүү түрдө иштеши үчүнтөмөнкүлөрү менен камсыздалат: - биргелешкен өткөрүү пункттарынын иштешинин муктаждыктарын эскеалуу менен бирге жетиштүү сандагы дасыккан кызматчылар менен; - контролдоого тийиштүү товарлардын жана транспорт каражаттарынынтүрүн эске алуу менен бирге биргелешкен контролду жүргүзүү үчүн зарылболгон имараттардын, курулмалардын комплекси, жабдуулар, контролдоонунтехникалык каражаттары жана түзүлүштөрү менен; - кызмат адамдары үчүн Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзам-дарына жана ушул Макулдашууга ылайык келген расмий нускамалар менен; - бажылык тариздөөнү жана бажы контролун, анын ичинде алдын аламаалымдоо жана тобокелдикти башкаруу системасын пайдалануунун негизиндежүргүзүү процессин автоматташтырууну камсыздоочу маалымат системаларыжана комплекстери менен. 2. Контролдоо зонасында биргелешкен контролду жүргүзүү үчүн болгонтехникалык каражаттарды колдонуу тартиби Тараптардын мамлекеттерининыйгарым укуктуу органдарынын макулдашуусу боюнча аныкталат. 6-статья. Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу жана башка контролдоочуоргандарынын кызматкерлеринин казак-кыргыз мамлекеттик чегарасындагыбиргелешкен өткөрүү пунктунда иштөө режими Тараптардын мамлекеттерининыйгарым укуктуу органдарынын макулдашуусу боюнча аныкталат. 7-статья. 1. Биринчи болуп адамдарды, товарларды жана транспорт каражаттарынконтролдоону аталган адамдар, товарлар жана транспорт каражаттары айма-гынан чыгып жаткан Тараптын мамлекеттин кызмат адамдары жүргүзөт. Бул Тараптын мамлекетинин мыйзамынын контроль жүргүзүүгө байланыш-кан жоболору, анын кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан контрольаяктаган учурдан баштап күчүн жоготот. 2. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында контроль жүргүзүп жатканТараптын контролдоочу жан башка контролдоочу органдарынын кызмат адам-дары, адамдардын, ошондой эле өз мамлекетинин аймагынан алынып чыгыпжаткан товарлардын жана транспорт каражаттарынын өтүшүн токтотуп, алар-ды өз мамлекетинин аймагына кайтарууга укуктуу. 3. Тараптардын мамлекеттерин чегарасы аркылуу адамдардын өтүшүндө,ошондой эле товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүдө мыйзам бу-зуу аракеттерин же бузуулардын далилдерин жыйноону камсыздоо максатындаТараптар бир бирине керектүү жардам көрсөтүүгө милдеттенет. 8-статья. Кыргыз-казак мамлекеттик чегарасындагы өткөрүү пунктунда биргелеш-кен контролду жүргүзүү тартиби Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарымукуктуу органдары тарабынан кол коюлган жана Тараптардын мамлекеттери-нин тиешелүү контролдоочу жана башка контролдоочу органдары менен ма-кулдашылган өзүнчө протокол менен аныкталат. Биргелешкен контролду жүргүзүү үчүн өткөрүү пунктунун инфраструк-турасы колдонулат. 9-статья. 1. Эгер контролдун башка түрлөрүн жүргүзүү зарылдыгы келип чыкса,контролдоочу органдар ал үчүн башка контролдоочу органдарга маалымдайтжана ишке тартат. 2. Биргелешкен өткөрүү пунктунда контролдоонун бир нече түрүжүргүзүлгөн учурда контролдоочу жана башка контролдоочу органдар алардыбир мезгилде жана кыска убакытта жүргүзүү үчүн бардык тиешелүү чаралар-ды көрөт. 3. Биргелешкен өткөрүү пунктунда контролдун айрым түрүн жүргүзүүзарылчылыгы келип чыкса, аларды улуттук мыйзамдарга ылайык Тараптардынмамлекеттердин аймактарында жүргүзүүгө жол берилет. 10-статья. 1. Тараптар дипломатиялык ноталарды алмашуу жолу менен Тараптардынбиринин бардык контролдоочу жана башка контролдоочу органдары экинчиТараптын мамлекетинин аймагында контроль жүргүзө турган биргелешкенөткөрүү пункттарын аныктайт. 2. Контролдоочу жана башка контролдоочу органдар биргелешкенөткөрүү пункттарынын аймактарынын чегинде контроль жүргүзөт. 11-статья. 1. Аймагында биргелешкен контроль жүргүзүлүп жаткан Тарап экинчиТараптын контролдоочу жана башка контролдоочу органдарынын кызмат адам-дарына контролдоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүк берет. 2. Контролдоо иш-аракеттерин аткарууга байланыштуу экинчи Тараптынмамлекеттин аймагында жүргөн, Тараптардын биринин контролдоочу жанабашка контролдоочу органдарынын кызмат адамдары, эгер бул Макулдашуудабашкача каралбаса жүргөн Тарабынын мамлекетинин мыйзамдарын сактоогомилдеттүү. 3. Экинчи Тараптын мамлекеттин аймагында контроль жүргүзүп жаткан,Тараптардын биринин контролдоочу жана башка контролдоочу органдарынынкызмат адамдарын жайгаштыруу жана которуу Тараптардын мамлекеттерининконтролдоочу органдарынын ортосундагы келишимдердин негизиндежүргүзүлөт. 4. Бул Макулдашууга ылайык, экинчи Тараптын мамлекетинин аймагын-дагы биргелешкен өткөрүү пунктунун аймагынын чегинде контроль жүргүзүпжаткан Тараптардын биринин контролдоочу жана башка контролдоочу орган-дарынын кызмат адамдары өздөрүнүн мамлекети тарабынан аныкталган форма-лык кийимди кийишет, кызматтык айырмалоо белгилерин тагынышат, өздөрүменен кошо кызматтык күбөлүктөрүн жана кызматтык жаныбарларды, ошондойэле контролдун жана байланыштын техникалык каражаттарын алып жүрүшөт. 5. Экинчи Тараптын мамлекеттин аймагында биринчи Тараптын кызматадамдары тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча дооматтаржүргөн Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык каралат. 12-статья. 1. Контролдоочу жана башка контролдоочу органдардын кызмат адамда-ры экинчи Тараптын биргелешкен өткөрүү пунктунда милдеттерин аткарууүчүн бара турган Тарабынын мамлекетинин чегара органдары тарабынан бе-рилүүчү өткөрмөнүн негизинде чегараны кесип өтүшөт. 2. Тараптардын чегара кызматтары өткөрмөлөрдүн үлгүлөрүн алмашат,тиги же бул Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан биргелешкенөткөрүү пункттарында контроль жүргүзүү үчүн кызмат адамдарынын чегара-дан өтүү тартибин макулдашат жана бекитишет. 13-статья. 1. Жүргөн Тарабынын мамлекетинин аймагындагы тиешелүү органдарбайланыш каналдарын уюштуруп, аларды тиешелүү абалда кармап турат жанаэкинчи Тараптын контролдоочу жана башка контролдоочу органдарын байла-ныш каражаттары жана маалыматтарды электрондук иштеп чыгуу үчүн жабдуу-лар менен камсыз кылат. 2. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында контролдоочу иш-аракет-терди жүргүзүп жаткан Тараптардын биринин контролдоочу жана башка конт-ролдоочу органдары экинчи Тараптын радиобайланышынын ишине тоскоол бол-боо үчүн, радиобайланыш каражаттарын пайдаланууну макулдашат. 14-статья. 1. Тараптардын мамлекеттердин биринин мыйзамын бузуулар аныкталганучурда, экинчи Тараптын мамлекетинин мыйзамын бузуулар болбосо, жак че-немдери бузулган Тараптын мамлекетинин мыйзамына ылайык жоопкерчиликтартат. 2. Эки Тараптын мамлекетинин тењ мыйзамдары бузулган учурларда,жак жеке адамдар, товарлар жана транспорт каражаттары аймагынан кетипже чыгып жаткан Тараптын мамлекеттин мыйзамына ылайык жоопкерчиликтеболот. 15-статья. Тараптардын контролдоочу жана башка контролдоочу органдары зарылучурда (биргелешкен контроль жүргүзүүгө тоскоол болуучу эпидемия, эпи-зоотия, табигый кырсыктар же башка кырдаалдар) өз мамлекетинин аймагынаконтроль жүргүзүү үчүн аныкталбаган убакытка кайрылып келиши мүмкүн.Бул учурда экинчи мамлекеттин контролдоочу жана башка контролдоочу ор-гандарына тез аранын ичинде бул жөнүндө маалымат берилет. 16-статья. Бул Макулдашууну аткаруу үчүн кеткен чыгашаларды Тараптардын мам-лекеттеринин улуттук мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте Тараптарөз алдынча көтөрүшөт. 17-статья. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда келип чык-кан пикир келишпестиктер жана талаштар Тараптар ортосунда сүйлөшүүлөрдүжана консультацияларды жүргүзүү жолу аркылуу чечилет. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча, бул Макулдашуугаөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал ушул Макулдашуунунажырагыс бөлүгү болгон өзүнчө протоколдор менен таризделет. 18-статья. Бул Макулдашуу аныкталбаган мөөнөткө түзүлдү, кол коюлган күндөнбаштап убактылуу колдонулат жана Макулдашуу күчүнө кириши үчүн керектүүмамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө Тараптар жазуужүзүндөгү акыркы билдирүүнү алгандан кийин күчүнө кирет. Бир Тарап экинчи Тараптын ушул жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүналгандан алты ай өткөндөн кийин, бирок Макулдашуунун жүрүшүндө келипчыккан финансылык жана башка милдеттемелер жөнгө салынгандан кийин ганабул Макулдашуу өзүнүн колдонулушун токтотот. __________ шаарында 200__ жылдын "__" ___________ эки түп нускада,ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттербирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун талкуулоодо пикир келиш-пестиктер келип чыкса, Тараптар Макулдашуунун орус тилиндеги текстинекайрылышат. Кыргыз Республикасынын Казак Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн