Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 30-июну № 361-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо минист-рлиги менен Казакстан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык жак-тан коргоо министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Макулдашуу-нун долбоору принциптүү мүнөздө болбогон мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду эске алуу менен жактырылсын. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги менен Казакстан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Макулдашуу Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Эмгек жанасоциалдык жактан коргоо министрлиги менен Казакстан Республикасынын Эм-гек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагытүбөлүк достук жөнүндөгү 1997-жылдын 8-апрелиндеги Келишимди жетекчи-ликке алып, социалдык-эмгек чөйрөсүндө Тараптардын ортосундагы достук мамиле-лерди жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкчылыкты эске алып, эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү эки тарап-туу байланыштарды чыњдоого багытталган биргелешкен ниеттерди өзара кол-доого умтулуп, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык Тараптарэмгек, пенсиялык, социалдык жактан камсыз кылуу, социалдык камсызданды-руу жана калкты социалдык жактан коргоо жагында кызматташтыктыөнүктүрүшөт жана кењейтишет. 2-статья Тараптардын ортосундагы кызматташтык Тараптардын мамлекеттерининулуттук мыйзамдарына ылайык төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт: - эмгек, пенсиялык, социалдык жактан камсыз кылуу, социалдык кам-сыздандыруу жана калкты социалдык жактан коргоо жагын мыйзам мененжөнгө салуу; - мамлекеттердин мыйзамдарын ырааттуу шайкеш келтирүүнү өнүктүрүү,макулдашылган социалдык саясат жүргүзүү; - социалдык-эмгектик мамилелер, эмгектик инспекциялар, эмгектинкоопсуздугун жана гигиенаны камсыз кылуу, эмгектик талаштарды чечүүжолдору. 3-статья Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык Тараптаркызматташуунун төмөнкү түрлөрүн жүргүзүшөт: - эмгек, пенсиялык, социалдык жактан камсыз кылуу, социалдык кам-сыздандыруу жана калкты социалдык жактан коргоо жагындагы ченемдикукуктук актыларды алмашуу; - социалдык-эмгектик мамилелердин маселелери боюнча маалымат-тык-талдоо материалдарын алмашуу; - алдыњкы тажрыйбаны алмашуу; - Тараптардын эксперттеринин ортосунда консультациялар. 4-статья Ушул Макулдашууну жүзөгө ашыруу максатында Тараптар иштиктүүиш-чараларды жана программаларды иштеп чыгууга жана бекитүүгө ниетте-нет. 5-статья Ушул Макулдашууну финансылык жактан камсыз кылуу Тараптар үчүнөзара пайдалуу шартта, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынаылайык жүргүзүлөт. 6-статья Тараптардын өзара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилши мүмкүн, ал ушул Макулдашуунун ажыралгысбөлүгү болуп саналган протокол менен таризделет. 7-статья Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет, беш жылгатүзүлөт жана эгерде Тараптардын бири ушул Макулдашууну колдонуунун ти-йиштүү мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде алты ай калганга чейин анынколдонулушун токтотуу жөнүндө өз ниетин башка Тарапка жазуу жүзүндөбилдирме менен жөнөтпөсө, ал кийинки беш жылдык мөөнөткө шыдыр элеузартылат. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда талаш-тартышкелип чыккан учурда алар сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу мененчечилет. Бул Макулдашуу Тараптардын мамлекети катышуучусу болуп саналганбашка эларалык келишимдерден келип чыккан алардын укуктарын жана мил-деттенмелерин козгобойт. Макулдашуу 200_-жылы "__" ____________ ______________ шаарында экинускада, кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттербирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чык-кан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Эмгек жана социалдык Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо жактан коргоо министрлиги үчүн министрлиги үчүн