Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 30-июну № 364-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Казакстан Республикасынын аймагында убактылуу иштеп жатышканКыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагындаубактылуу иштеп жатышкан Казакстан Республикасынын жарандары эмгек-чи-мигранттардын эмгек ишмердүүлүгү жана укуктарын коргоо жөнүндө Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүнортосундагы Макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция жана жумушту-улук боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымына бул Макулдашууга прин-циптүү эмес мүнөздөгү оњдоолорду жана толуктоолорду киргизүү укугу ме-нен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюга ыйгарым укук бе-рилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Казакстан Республикасынын аймагында убактылуу иштеп жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу иштеп жатышкан Казакстан Республикасынын жарандары эмгекчи-мигранттардын эмгек ишмердүүлүгү жана укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казахстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-нен Казакстан Республикасынын Өкмөтү, Эларалык Эмгек Уюмунун алкагында иштелип чыккан адамдын укуктарыжана принциптери жагында негиз түзгөн Бириккен Улуттар Уюмунун доку-менттерине таянуу менен; Алматы шаарында 1997-жылдын 8-апрелинде кол коюлган Казакстан Рес-публикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук туу-ралуу Келишимдин принциптерин жетекчиликке алып, Эмгекчи-мигранттардын эмгектик миграция жана социалдык коргоо жа-гында кызматташуу тууралу Москва шаарында 1994-жылдын 15-апрелинде колкоюлган Макулдашуунун жоболоруна негизденип, Тараптардын калктын эмгектик миграция процесстерин жөнгө салуу жа-на эмгекчи-мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык кор-гоо жагында кызматташуу үчүн укуктук негизди камсыз кылууга умтулуп, эки мамлекеттин аймагында убактылуу иштешкен Кыргыз Республикасы-нын жарандарынын жана Казакстан Республикасынын жарандарынын эмгектикишмердүүлүгү жана социалдык жактан коргоо жагында эки тараптуу кызмат-ташуунун укуктук негиздерин өнүктүрүү максатында, Тараптар атуулдарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынкоргоону камсыз кылуу маселелеринин артыкчылыктуулугун эске алып, Тараптар аймагында миграциялык процесстерди тартипке келтирүү бо-юнча кызматташууну жана легалдуу эмес миграцияны алдын-алууну жөнгө са-луунун маанилүү багыты катары карап, төмөндөгүлөр тууралу макулдашты: 1-статья. Бул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөндө көрсөтүлгөн терминдертөмөндөгүлөрдү билдирет: "эмгекчи-мигрант" - чыгып кете турган Тараптын аймагында туруктуужашап, жумушка орноштуруучу Тараптын мамлекетинин аймагында акытөлөнүүчү эмгек ишмердүүлүгү менен мыйзамдуу негизде алектенген адам. "Чыгып кете турган Тарап" - эмгекчи-мигрант туруктуу жашаган мам-лекеттин аймагы жана жумушка орноштуруучу Тарап акы төлөнүүчү эмгек иш-мердүүлүгү менен алектенүү үчүн жөнөйт; "Жумушка орноштуруучу Тарап" - чыгып кете турган Тараптан келишкенэмгекчи-мигранттар акы төлөнүүчү эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырганмамлекеттин аймагы; "жумуш берүүчү" (жалдоочу) - эмгекчи-мигрант эмгектик мамиледетурган жумушка орноштуруучу тараптагы юридикалык же жеке жактары; "жумуш менен камсыз кылуучу жеке агенттик" - Тараптардын мыйзамда-рында бекитилген тартипте каттоодон өткөн жарандарды жумушка орноштуру-уга көмөк көрсөтүүчү юридикалык же жеке жак. 2-статья. Бул Макулдашуу эмгекчи-мигранттарга карата колдонулат. Бул Макулдашуу төмөнкүлөргө карата колдонулбайт: качкындарга жанааргасыз көчүп келгендерге; жеке ишкерлик менен алектенген адамдарга, артисттерге жана спорт-смендерге; билим алуу максатында келишкен адамдарга; өкүлчүлүктөрдүн аккре-диттелген кызматкерлери болгон адамдарга. 3-статья. Адам укуктары жаатындагы эларалык ченемдерге ылайык Тараптар эм-гекчи-мигранттардын укуктарын сыйлоого жана коргоону камсыз кылууга,Тараптардын мыйзамдарына ылайык жынысы, жаш курагы, тили, этникалык жа-на социалдык теги, атуулдугу, үйбүлөлүк жана мүлктүк абалы, ошондой элебашка ар кандай белгилер боюнча дискриминациянын бардык түрлөрүнө жолбербөөгө милдеттенишет. 4-статья. Ушул Макулдашууну аткарууга ыйгарым укуктуу органдар төмөнкүлөрболуп саналышат: Кыргыз Республикасынан - Кыргыз Республикасынын Миграция жана жу-муштуулук боюнча мамлекеттик комитети; Казахстан Республикасынан - Казакстан Республикасынын Эмгек жанакалкты социалдык жактан коргоо министрлиги. Бул Макулдашууга байланыштуу маселелерди чечүү үчүн ыйгарым укук-туу органдар Тараптардын башка компетенттүү органдарын тартууга укук-туу. Аталган Макулдашууну аткарууну камсыз кылуу максатында Тараптардипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин алдында ыйга-рым укуктуу органдардын өкүлчүлүктөрүн Кыргыз Республикасында да, Ка-закстан Республикасында да ача алышат. 5-статья. Жумушка орноштуруучу Тараптын аймагына эмгекчи-мигранттардын кели-ши, алардын эмгектик ишмердүүлүктөрү, болуусу жана кетүүсү жумушка ор-ноштуруучу Тараптын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Тараптар жумушка орноштуруучу Тараптын мыйзамдарын бузган учурлар-да эмгекчи-мигрантты мөөнөтүнөн мурда эмгек мамилелерин токтотууну та-лап кылууга жана чыгып кете турган Тарапка кайра кайтарууга укуктуу. 6-статья. Эмгекчи-мигранттын эмгек ишмердүүлүгү бир же андан көп тилде жумушберүүчү Тараптын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жеке эмгектик келишимдин(контрактын) негизинде жүзөгө ашырылат. Жеке эмгектик келишим (контракт) өзүнө жумуш берүүчү менен эмгек-чи-мигранттын милдеттерин, жумуш берүүчү менен эмгекчи-мигранттын не-гизги маалыматтарын, акыркы жолу жумушка орношкондогукесибин/адистигин, жумуштун мүнөздөмөсү, квалификациясын жогорулатуу,эмгек шарттары жана айлык акысы, негизги жумушчу убактысынын жана эсалуу убактысынын узактыгы, жашоо шарттары, транспорттук чыгымдарды жа-буу тартиби, медициналык тейлөө жана өндүрүштөгү кырсыктардан камсыз-дандыруу, эмгектик талаш-тартыштарды чечүү жолдору, жеке эмгектик кели-шимдин колдонулуш мөөнөттөрү жана аны токтотуу шарттары жөнүндө маалы-маттарды камтыйт. Жумушка орноштуруучу Тараптагы мамлекеттин аймагында эмгектик иш-мердүүлүктү жүзөгө ашырууга тартылган эмгекчи-мигранттар 18 жаштан жашболбошу керек. Эмгек мамилелери токтотулган кезде эмгекчи-мигранттын талабы боюн-ча жумуш берүүчү иштеген ишинин мөөнөтү жана ай сайын алынган айлыкакысын көрсөткөн, мөөр менен тастыкталган маалымкат бериши керек. 7-статья. Тараптар эмгекчи-мигранттар эмгек ишмердүүлүктөрүн жүзөгө ашыруусуүчүн ыњгайлуу жана өзара ылайыктуу шарттарды түзүү максатында: эмгектик миграция жагында өз өлкөлөрүндөгү улуттук мыйзамдар жанаТараптардын эмгек рыногунда жумуш күчүнө суроо-талаптар жөнүндө бир-би-рине маалымдап турушат; Четөлкөлүк жумушчу күчүн четөлкөгө тартууга жана/же киргизүүгөбайланыштуу ишмердүүлүккө лицензиясы (уруксаты) бар жумуш менен камсызкылуучу жеке агенттиктердин тизмелерин алмашып турушат; Тараптардын компетенттүү органдарынын тийиштүү лицензиясы (урукса-ты) жок ортомчулар тарабынан эмгекчи-мигранттарды жумушка орноштуруунуболтурбоо максатында зарыл чараларды көрүшөт; Тараптар региондорго ыйгарым укуктарды берүү менен эмгектик мигра-ция жагында региондук кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшөт. 8-статья. Тараптар чыгып кете турган Тараптан жумушка орноштуруучу Тарапкажумуш берүүчү койгон квалификациялык талаптарды эске алуу менен эмгек-чи-мигранттарды тандоо жана жумушка орноштурууга жумуш менен камсыз кы-луучу жеке агенттиктерди тартуу менен легалдуу эмгек миграциясын камсызкылуучу механизмдерди түзүүгө жардам көрсөтөт. Жумуш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктер мамлекеттик органдар,жумушчу орундарын түзүүдө Жана иш менен камсыздоо маселелерин ишке ашы-рууда жумушка орноштуруу маселелери боюнча жумуш берүүчүлөр менен өзарааракеттенишет. Жумуш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктердин иштерине контролдуТараптардын ыйгарым укуктуу органдары жүргүзүшөт. 9-статья. 1. Эмгекчи-мигранттар жумуш берүүчү Тараптын мыйзамдарына ылайыксоциалдык камсыздандыруудан пайдаланышат. Эмгекчи-мигранттарды медициналык тейлөө, эгерде эмгек келишиминде(контрактта) каралган болсо, жумуш берүүчүнүн каражаттарынын эсебиненжүзөгө ашырылат. 10-статья. Тараптар легалсыз эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн билимитууралуу дипломдорду, күбөлүктөрдү, наам, разряд, квалификация берген-диги тууралу жана башка тийиштүү документтерди чыгып кете турган Тарап-та бекитилген тартипте күбөлөндүрүлсө жана жумушка орноштуручу Тараптынмамлекеттик тилине же орус тилине которулса жарактуу деп таанышат. 11-статья. 1. Ушул Макулдашуунун негизинде эмгектик ишмердүүлүктөрүн жүзөгөашыруучу эмгекчи-мигранттар жумушка орноштуруучу Тараптын ички валюта-лык рыногунда четөлкөлүк валютаны алууга, ошондой эле жумушка орношту-руучу Тараптын мыйзамдарына ылайык туруктуу жашаган мамлекетке иштептапкан каражаттарын четөлкөлүк валютада которууга жана алып кетүүгөукуктуу. 12-статья. Эмгекчи-мигранттын жумушка орноштуруучу Тараптын аймагында зарылболгон жабдууларды жана техникалык каражаттарды алып келүү жана чыгыпкеткен Тарапка кайра ташып келүү, ошондой эле жумушка орноштуруучу Та-раптын аймагында сатып алынган товарларды эмгекчи-мигранттын ташыпкетүүсү Тарап өлкөлөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылышыкерек. 13-статья. Эмгекчи-мигрант жумушка орноштуруучу Тараптын жарандары менен бир-дей төмөнкү укуктарга ээ: коопсуздукка жана эмгекти коргоого; медициналык тез жардам алууга; эмгектик милдеттерин аткаруу учурунда өмүрүнө жана денсоолугунакелтирилген зыяндын ордун толтурууга. Эмгекчи-мигрант эмгектик милдеттерин аткарышына байланыштуу анынмайып болушу же денсоолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу же кай-тыш болгон учурда жумуш берүүчү чыгып кеткен Тараптын аймагына жабыртартканды же кайтыш болгонду ташуудагы бардык кеткен чыгымдарды тартууменен камсыз кылат, кайтыш болгондугу, кырсык же кесиптик оору туура-луу, эгерде жеке эмгектик келишимде (контракта) башкалар каралбаса ошолТараптын дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүгүнө мааалымдайт. 14-статья. Эмгекчи-мигрант туруктуу жашаган жеринен жумуш берүүчүгө жана ка-рай келүүгө кеткен чыгымдарды, ошондой эле жол жүрүүдө ооруга же зарылстационардык дарыланууга байланыштуу чыгымдар, эгерде жеке эмгектик ке-лишим (контракт) менен каралбаса жумуш берүүчүнүн каражаттарынын эсеби-нен төлөнөт. Эмгекчи-мигранттын демилгеси менен жеке эмгектик келишим (конт-ракт) бузулган болсо, жогоруда аталган бардык чыгымдарды, эгерде жекеэмгек келишиминде (контрактта) башкалар каралбаса, анда эмгекчи-миг-рант тартат. 15-статья. Мамлекеттердин биринин аймагында жашаган эмгекчи-мигранттар ушулМакулдашуудан келип чыккан бардык маселелер боюнча түздөн-түз же жаша-ган жери боюнча бийликтин тийиштүү органдары аркылуу башка өлкөнүн ком-петенттүү органдарына кайрыла алышат. Тараптардын биринин компетенттүү органдарынын суроо-талабы боюнчабашка Тараптын компетенттүү органы өз өлкөсүнүн улуттук мыйзамдарынаылайык зарыл документтерди, анын ичинде ушул Макулдашууну аткаруугабайланыштуу маселелер боюнча архивдик материалдарды бериши керек. 16-статья. Тараптардын өзара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзүнчө прото-кол менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн,алар анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана Ушул Макулдашуунун17-статьясынын жоболорунда каралган тартипте күчүнө кирет. Бул Макулдашууну колдонуу же чечмелөө менен байланышкан бардык та-лаш-тартыш маселелер ыйгарым укуктуу органдардын ортосундагы консульта-циялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. 17-статья. Бул Макулдашуунун күчүнө Кириши үчүн зарыл болгон Тараптардын мам-лекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө дипломаттык каналдарбоюнча жазуу жүзүндө билдирмени алган акыркы датадан баштап күчүнө ки-рет. Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бирида тиешелүү мезгил аяктаганга чейин кеминде алты ай мурда жазуу жүзүндөанын колдонулушун токтотууга өзүнүн ниети жөнүндө билдирбесе кийинкибеш жылдык мөөнөткө өзүнөн өзү узартылат. Андай учурда бул Макулдашуунун колдонулушу Тараптардын бири башкаТараптын жазуу түрүндөгү билдирмесин алгандан кийин алты айдан соњөзүнүн аракетин токтотот. Аталган Макулдашуу колдонулсун токтоткон учурда анын жоболору кыз-маткер менен жумуш берүүчү (жалдоочу) түзгөн эмгектик келишимдин (конт-рактта) мөөнөтү бүткөнгө чейин күчүндө калат. 2006-жылдын "__" ________ ________ шаарында эки түп нускада, арбири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттербирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келипчыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн