Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 30-июну № 369-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Астана шаарында 2000-жылдын 21-январында кол коюлган, Чүй жана Та-лас сууларындагы мамлекеттер аралык колдонуудагы суу чарба курулуштарынпайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Рес-публикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ишке ашыруу максатында: 1. Чүй жана Талас сууларындагы мамлекеттер аралык колдонуудагы суучарба курулуштарын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасы менен Казакс-тан Республикасынын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу КыргызРеспубликасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн орто-сундагы протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчүөнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментинин башкы директору Кош-матов Баратали Турановичке аталган Протоколдун долбооруна Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-ноябрындагы №705-б
буйругу күчүн жоготту деп табылсын. Премьер-министр Ф.Кулов