Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 30-июну № 364-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосунда жашыруун маалыматтарды өз ара коргоо жөнүндө макул-дашуунун тиркелген долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынажогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгүтүзөтүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аты-нан кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда жашыруун маалыматтарды өз ара коргоо жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүжана Казакстан Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосунда саясий, аскердик, экономикалык, илимий-техникалыкже башка кызматташтык учурунда жүргүзүлгөн алмашуудагы жашыруун маалы-маттарды, ошондой эле мындай кызматташуунун процессинде келип чыкканжашыруун маалыматтарды коргоону камсыз кылуу каалоосун негиз кылып, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жашыруунмаалыматтарды коргоону камсыз кылууда Тараптардын өз ара кызыкчылыгынэске алып, Көз Карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу өлкөлөрүнүнмамлекеттер ортосундагы маалыматтардын жашырындуулугун өз ара камсызкылуу жөнүндө 1993-жылдын 22- январындагы Макулдашууну ишке ашырууда өзара кызыкчылыктарды эске алып, төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты: 1-статья. Терминдердин аныктамасы Бул Макулдашууда колдонулган терминдер төмөндөгүлөрдү билдирет: "жашыруун маалымат" - Тараптар ар бири менен белгиленген жана ушулМакулдашууга ылайык берилген Тараптардын улуттук мыйзамына ылайык кор-голгон, ошондой эле санкциясыз таратуу Тараптардын улуттук коопсуздугу-на жана кызыкчылыгына зыян келтире турган, Тараптардын кызматташтыкпроцессиндеги келип чыккан жана бардык формада айтылган маалыматтар; "жашыруун маалыматтын ээ болуучусу" - материалдык объектилер, аныничинде символ, түр, сигнал, техникалык чечим жана процесстер сыяктуужашыруун маалымат өзүнүн түрүн тапкан физикалык талаалар; "жашырындуулуктун грифи" - жашыруун маалыматтын ээ болуучусуна ко-юула турган же ээ болуучуда болгон жашыруун маалыматтын дењгээли туура-лу күбөлөндүрүп, аны жиберүүчү документацияга коюлган реквизиттер; "жашыруун маалыматка кирүүгө уруксат" - жашыруун маалыматкакирүүгө жеке адамдын укугун тариздөө жол-жобосу, ыйгарым укуктуу орган-дарга болсо - мындай маалыматты колдонуу менен иш жүргүзүүгө; "жашыруун маалыматка жеткиликтүүлүк" - жашыруун маалыматка кирүүгөуруксат болгон жеке адамды жашыруун маалымат менен тааныштыруу процес-си; "контракт" - Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундатүзүлгөн жана жашыруун маалыматтын берүүсү же алуусу каралган биргелеш-кен иштерди жүргүзүүгө же продукцияны берүүгө келишим; "ыйгарым укуктуу орган" - Тараптардын кызматташтык процессинде бе-рилген жана (же) алынган жашыруун маалыматты алууга, сактоого, коргоогожана колдонууга Тараптар ыйгарым укук берген мамлекеттик орган же уюм; "координациялоочу орган" - ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнчааракетти координациялоо үчүн жооптуу Тараптардын мамлекеттик органы. 2-статья. Жашыруун маалыматты аныктоо Төмөнкүлөр жашыруун маалымат болуп саналат: а) Кыргыз Республикасында: Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна,экономикалык жана саясий кызыкчылыгына тиешелүү, мамлекеттин контролун-дагы жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде жана атка-руу максатында иштелип чыккан атайын тизмек жана эрежелер менен чектел-ген бардык ээ болуучу түрлөрү тарабынан сакталуучу жана колдонулган,мамлекет тарабынан корголгон маалымат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлары мамлекеттик, аскердикжана кызматтык сырлар болуп бөлүнөт. Мамлекеттик жашыруун сырга, аны таратуу Кыргыз Республикасынынкоргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кы-зыкчылыктарына зыян келтире турган маалыматтар кирет. Аскердик жашыруун сырды аны таратуу Кыргыз Республикасынын кызык-чылыктарына жана Куралдуу Күчтөрүнө зыян келтире турган аскердикмүнөздөгү маалыматтар түзөт. Кызматтык жашыруун сырга аны таратуу Кыргыз Республикасынын корго-нуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчы-лыктарына тескери таасирин тийгизүүчү маалыматтар кирет. Мындай маалы-мат мамлекеттик же аскердик жашыруун сырга кирет, айрым мүнөздөгү маа-лыматты камтыйт жана ал алардын сырын толук ачып бербейт. Жашыруун маалыматтарды санкциясыз таратуунун натыйжасында КыргызРеспубликасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалыкжана саясий кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн экендигине каратажашыруун маалыматтын ээ болуучусуна төмөндөгү чектелген жашырындуулукгрифтери берилет: "өзгөчө маанилүү" - бул мамлекеттик сырды камтыган жана аны тара-туу Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна,экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына коркунуч туудура турган маа-лымат; "өтө жашыруун" - бул мамлекеттик сырды камтыган жана аны таратууКыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, эконо-микалык жана саясий кызыкчылыктарына коркунуч туудура турган маалымат,ошондой эле аскердик мүнөздөгү сырды камтыган жана аны таратуу КыргызРеспубликасынын Куралдуу күчтөрүнө зыян келтире турган маалымат; "жашыруун" - аскердик мүнөздөгү сырды камтыган жана аны таратууКыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө зыян келтире турган маалымат,ошондой эле мамлекеттик жана аскердик сырга тиешелүү, ошону менен биргеанын таратуу Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуз-дугуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына тескери таасир бергенжана анын толук эмес ачып берилген айрым мүнөздөгү болгон кызматтык сыркатегориясындагы маалымат; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "өзгөчө маанилүү", "өтөжашыруун" жана "жашыруун" грифтери бар жашыруун маалымат мамлекеттиксырга кирет; "кызматтык пайдалануу үчүн" грифи менен - Кыргыз Республи-касынын мамлекеттик кызыкчылыгы үчүн санкциясыз таратууга ылайыксызмамлекеттик эмес сырлар кирет. б) Казакстан Республикасында: аскердик, экономикалык, илимий техникалык, тышкы экономикалык,тышкы саясий, чалгындоо, каршы чалгындоо, оперативдүү-иликтөө жана эларалык укуктун жалпы кабыл алган ченемдерге каршы чыкпаган башка ара-кеттерди ишке ашыруу максатында таратуу мамлекет тарабынан чектелген,мамлекеттик жана кызматтык сырды түзгөн, мамлекет тарабынан корголгонмаалымат. Жашыруун маалыматты санкциясыз таратуунун натыйжасында КазакстанРеспубликасынын улуттук коопсуздугуна же мамлекеттик органдарынын жанауюмдарынын же өлкөнүн экономика тармагына зыян келтириши мүмкүн болотургандыгына байланыштуу көрсөтүлгөн жашыруун маалыматтын ээ болуучусу-на тиешелүү жашырындуулук грифи коюлат: "өзгөчө маанилүү" - бул аскердик, тышкы саясий, экономикалык, или-мий-техникалык, чалгындоо, каршы чалгындоо жана оперативдүү-иликтөөаракеттери тармагына тиешелүү маалыматтар жана анын таратуу бир же бирнече аталган тармактардагы Казакстан Республикасынын улуттук коопсузду-гуна зыян келтирет; "өтө жашыруун" - бул аскердик, тышкы саясий, экономикалык, или-мий-техникалык, чалгындоо, каршы чалгындоо жана оперативдүү-иликтөөаракеттери тармагына тиешелүү маалымат, анын таратуу Казакстан Респуб-ликасынын улуттук коопсуздугуна, мамлекеттик органынын кызыкчылыктарынаже өлкөнүн экономика тармагындагы бир же бир нече аталган тармактарыназыян келтириши мүмкүн; "жашыруун" - аскердик, тышкы саясий, экономикалык, илимий-техника-лык, чалгындоо, каршы чалгындоо жана оперативдүү-иликтөө иш-аракеттеритармагына тиешелүү маалымат, анын жоголушу же таратылышы мамлекеттикоргандардын жана уюмдардын кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн жанамамлекеттик сырды түзгөн айрым маалыматтар. "Өзгөчө маанилүү" жана "өтө жашыруун" грифтери бар маалыматтармамлекеттик сырды, "жашыруун" грифи менен - кызматтык сырды түзөт. Ка-закстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана кызматтыксырды түзгөн маалыматтар мамлекеттик сырга кирет. 3-статья. Жашырындуулук даражалардын салыштыруучулугу Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин биринин улуттук мыйзамдарынаылайык белгилеген жашырындуулук даражасы жана алардын тиешелүү жашырын-дуулук грифи төмөндөгүдөй салыштырылат: КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНДА: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА: "Аса мањызды" "Өзгөчө маанилүү" "Өтө купуя" "Өтө жашыруун" "Купуя" "Жашыруун" 4-статья. Жашыруун маалыматты коргоо боюнча чаралар 1. Тараптар өз өлкөлөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайыктөмөндөгүдөй милдеттенме алышат: 1) экинчи Тараптан берилген же Тараптардын кызматташуу процессиндекелип чыккан жашыруун маалыматтарды коргоого; 2) берген Тарап койгон жашырындуулук грифин, жазуу түрүндөгү анынмакулдугусуз өзгөртпөөгө; 3) жашыруун маалыматты колдонууда жашырындуулук өзүнүн жашыруунмаалыматына карата ушул Макулдашуунун 3-статьясына ылайык салыштырылганжашырындуулук даражасын колдонгон коргоо чараларды көрүүгө; 4) экинчи Тараптын ыйгарым укуктуу органынан алынган жашыруун маа-лыматты, аны берген максатта гана каралгандай колдонууга; 5) берген Тараптын алдын ала жазуу түрүндөгү макулдугусуз жашыруунмаалыматка жеткиликтүүлүккө үчүнчү Тарапка жол бербөөгө. 2. Жашыруун маалыматка жеткиликтүүлүккө аларды берүүдө каралганмаксатта кызматтык милдетти аткаруу үчүн, ошол маалымат менен таанышууүчүн керектөөчү адамга гана уруксат берилет. Жашыруун маалыматка жетки-ликтүүлүккө ага атайын уруксаты бар адамга гана мүмкүндүк берилет. 3. Жашыруун маалыматты колдонуу боюнча милдеттенмелер жана аныкоргоо боюнча чаралар толук берилген жашыруун маалыматтарды коргоо бо-юнча кошумча талаптар Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары менентүзүлгөн контракттарда каралышы мүмкүн. 5-статья. Жашыруун маалыматты берүү 1. Бир Тараптын координациялаган органы, экинчи Тараптын координа-циялаган органынан биринчи Тараптын ыйгарым укуктуу органынан тиешелүүжеткиликтүүлүктүн бар болгонун, ошондой эле аны тийиштүү коргоого ке-ректүү мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу үчүн жазуу жүзүндө күбөлөндүрүүнүсурайт. 2. Айкын жашыруун маалыматты берүү тууралуу чечим Тараптардын мам-лекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык ар бир учурда Тараптар тарабы-нан кабыл алынат. 3. Жашыруун маалыматты биринчи мамлекеттен экинчиге берүү дипло-маттык каналдар боюнча, шифрделген документ байланыш каналдары, фельдъ-егердик кызмат же аскердик-курьердик кызмат боюнча Тараптар катышуучуболгон эл аралык макулдашууларга ылайык берилет. Тийиштүү ыйгарым укук-туу орган жашыруун маалымат алгандыгын аныктайт. 4. Ири көлөмдөгү жашыруун маалыматты берүү үчүн тиешелүү ыйгарымукуктуу органдар ушул Макулдашууга ылайык ар бир учурда ташуу ыкмала-рын, маршрутту жана коштоо формаларын макулдашат. Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары мындай ташуунун ар бир учур-лары жөнүндө тиешелүү маалыматтарды алмашып турушат. 6-статья. Жашыруун маалыматтар менен иштөө 1. Ушул Макулдашуунун 3-статьясына ылайык берилген жашыруун маалы-матка аны алганга жооптуу ыйгарым укуктуу орган аркылуу салыштыруучукошумча жашырындуулук грифи белгиленет. Жашырындуулукту гриф менен белгилөөнүн милдеттүүлүгү котормонун,көчүрмө түшүрүүнүн же нускалоонун натыйжасында Тараптардын кызматташтыкпроцессиндеги топтолгон жашыруун маалыматтарга коюлат. Берилген жашыруун маалыматтын негизинде топтолгон жашыруун маалы-матка берилген жашыруун грифинен төмөн болбогон жашырындуулук грифи ко-юлат. 2. Жашыруун маалымат өздөрүнүн жашыруун маалыматтарынын талаптары-на ылайык сакталат жана эске алынат. 3. Алынган маалыматтын жашырындуулук даражасы аны берген Тараптыныйгарым укуктуу органынын атайын жазуу түрүндөгү уруксаты боюнча ганаөзгөртүлөт же алып салынат. Бир Тараптын ыйгарым укуктуу органы мындай билдирүүнү алгандан ки-йин экинчи Тараптын ыйгарым укуктуу органынан алынган жашыруун маалы-маттын ээ болуучусуна жашырындуулук грифин өзгөртүү боюнча чаралардыколдонууга 30 күндүн ичинде билдирүүгө милдеттүү. Тараптардын кызматташтык процессинде пайда болгон жашырындуулукдаражасы, Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара макулдашуусубоюнча аныкталат, өзгөртүлөт же алып салынат. 4. Жашыруун маалыматтын ээ болуучулары аларды берген Тараптын ый-гарым укуктуу органынан жазуу түрүндөгү уруксаты боюнча кайтарылат жежок кылынат. Жашыруун маалыматты жана анын ээ болуучуларын көбөйтүү (нускалоо),аларды берген Тараптын ыйгарым укуктуу органынын жазуу түрүндөгү урук-саты боюнча жүргүзүлөт. Жашыруун маалыматты жок кылуу документтештирилет, ал эми жоюу про-цесси аны кайта калыбына келтирүү мүмкүн эместигине кепил болууга ти-йиш. 7-статья. Контракттар Ыйгарым укуктуу органдар менен түзүлгөн контракттарга өзүнчөтөмөндөгүнү аныктаган бөлүм киргизилет: - жашыруун маалыматтын тизмеги жана анын жашырындуулук даражасы; - жашыруун маалыматты коргоонун өзгөчөлүгү; - талаш жагдайларды чечүү жана жашыруун маалыматтарды санкциясызтаратууда болуучу зыяндын ордун толтуруу тартиби. 8-статья. Координациялоочу органдар Тараптардын координациялоочу органдары болуп: Кыргыз Республикасында - Кыргаз Республикасынын Улуттук коопсуздуккызматы; Казакстан Республикасында - Казакстан Республикасынын Премьер-ми-нистринин Канцеляриясы эсептелинет. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча аракеттерди координациялоочумамлекеттик орган өзгөрүп калган учурда Тараптар мындай өзгөрүүлөр туу-ралуу бир бирине өз убагында билдиришет. 9-статья. Консультациялар 1. Тараптардын координациялоочу органдары ушул Макулдашууну атка-руу үчүн зарыл болгон жашыруун маалыматты коргоо тармагындагы өз мамле-кеттеринин тиешелүү ченемдик укуктук актыларын алмашат. 2. Ушул Макулдашууну аткарууда кызматташтыкты камсыздоо максатындаТараптардын координациялоочу органдары биринин өтүнүчү боюнча биргелеш-кен консультацияларды өткөрүшөт. 10-статья. Визиттер 1. Бир Тараптын ыйгарым укуктуу органынын өкүлүнүн экинчи Тараптынмамлекетинин жашыруун маалыматтарына жеткиликтүүлүгү каралган визити,кабыл алып жаткан Тараптын мамлекетинин мыйзамдарында белгиленген тар-типте жүргүзүлөт. Мындай визиттерге уруксат, ушул Макулдашуунун4-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга гана берилет. 2. Мындай визиттердин мүмкүнчүлүгү жөнүндө кайрылууну, жиберипжаткан Тараптын координациялоочу органы болжолдогон барууга кеминде 4(төрт) жума мурда кабыл алып жаткан Тараптын мамлекетинин координация-лоочу органына жиберет. Мындай визиттердин мүмкүнчүлүгү жөнүндө кайрылуу кабыл алып жатканТараптын мамлекетиндеги кабыл алынган жол-жоболордун негизинде түзүлөтжана төмөнкүдөй маалыматты камтыйт: - ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнүн фамилиясы жана аты, туулганкүнү жана туулган жери, жарандыгы жана паспортунун номери; - ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнүн кызматы жана кесиби, ал иште-ген ыйгарым укуктуу органдын аталышы; - тиешелүү жашырындуулук даражасы менен жашыруун маалыматка урук-саты болгондугу; - баруунун болжолдогон күнү жана узактыгы, бара турган ыйгарымукуктуу органдын аталышы, баруу максаты, талкуулануучу маселелерге тие-шелүү бардык пайдалуу көрсөтмөлөр, ошондой эле таанышуу болжолдонгонжашыруун маалыматтын жашырындуулук даражасы; - өкүлдөр жолугушууга болжолдогон адамдардын кызматы, фамилиясыжана аты. 3. Ушул Макулдашуунун чегинде бир Тараптын ыйгарым укуктуу орган-дарынын өкүлдөрү экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына келгенде кабылалып жаткан Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарында белгиленгентартипте каттоодон өтүшөт. 4. Бир Тараптын ыйгарым укуктуу органынын өкүлдөрү экинчи Тараптынмамлекетинин жашыруун маалыматтарына түздөн-түз жеткиликтүүлүгү кабылалып жаткан Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарынын талаптарынаылайык жүргүзүлөт. 11-статья. Жашыруун маалыматты коргоо боюнча чараларды ишке ашырууга чыгымдар Ар бир Тараптын ыйгарым укуктуу органынын жашыруун маалыматты кор-гоо боюнча чараларды өткөрүүгө байланыштуу ушул Макулдашуунун чегиндегикелип чыккан чыгымдары өз алдынча жүргүзүлөт жана экинчи Тараптын ыйга-рым укуктуу органы тарабынан төлөнбөйт. 12-статья. Жашыруун маалыматты коргоо боюнча талаптарды бузуу жана зыяндын ордун толтуруу 1. Жашыруун маалыматты санкциясыз таратууга алып келген жашыруунмаалыматты коргоо боюнча талаптар бузулган учурда, ошол бузуу болгонаймактагы Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык тергөөжүргүзүлүп, бул тууралуу экинчи Тараптын координациялоочу же ыйгарымукуктуу органына окуянын жүрүшү, анын кесепеттери жана көрүлүп жатканчаралар жөнүндө дароо билдирет. 2. Жашыруун маалыматты санкциясыз таратуудан болуучу зыяндынөлчөмү жашыруун маалымат санкциясыз тараган Тараптын мамлекетинин улут-тук мыйзамдарына белгиленген тартипте аныкталат. 13-статья. Башка келишимдерге мамиле Бул Макулдашуунун жоболору алар катышуучу болгон башка эл аралыккелишимдерден келип чыккан Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелеринкозгобойт. 14-статья. Талаш-тартыш маселелерди чечүү Бул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга карата келип чыккан та-лаш-тартыштар Тараптардын ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөраркылуу чечилет. 15-статья. Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашуугаөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал ушул Макулдашуунунажыратылгыс бөлүгү болгон өзүнчө протокол менен таризделет. 16-статья. Макулдашуунун күчүнө кириши, колдонуу мөөнөтү жана колдонууну ток-тотуу. 1. Бул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ичкижол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө жазуу түрүндөгү акыркы бил-дирүүнү алган күндөн баштап күчүнө кирет. 2. Бул Макулдашуу белгисиз убакка түзүлөт жана Тараптардын бири өзишин токтотуу жөнүндө алдын ала алты ай мурда жазуу жүзүндөгү ниетинбилдирбесе күчүндө кала берет. 3. Тараптардын кызматташтык процессинде берилген же түзүлгөн жашы-руун маалыматка карата ушул Макулдашуу колдонулушун токтоткон учурдажашырындуулук грифи алынмайынча ушул Макулдашуунун 4-статьясында карал-ган аны коргоо боюнча чаралар колдонула берет. ________шаарында 200__-жылдын "__"_______ эки түп нускада ар бирикыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдейкүчкө ээ. Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чык-са Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн