Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 30-июну № 365-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Ысыккөл, Талас, Чүй облустарынын КазакстанРеспубликасы менен чектеш райондорунун жана Казакстан РеспубликасынынАлматы, Жамбыл облустарынын Кыргыз Республикасы менен чектеш райондору-нун аймактарынын алкагында Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республи-касы тарабынан үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары үчүн берилген туристтик ви-заларды өз ара таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ка-закстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун тиркелгендолбоору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу оњдоолорду жана то-луктоолорду эске алуу менен жактырылсын. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасынын Ысыккөл, Талас, Чүй облустарынын Казакстан Республикасы менен чектеш райондорунун жана Казакстан Республикасынын Алматы, Жамбыл облустарынын Кыргыз Республикасы менен чектеш райондорунун аймактарынын алкагында Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасы тарабынан үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары үчүн берилген туристтик визаларды өз ара таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Казакстан Республикасынын Өкмөтү, достук жана бир тууган коњшулаштык мамилелерди өнүктүрүү, өлкөнүнаймагына кирүү туризмин өнүктүрүүгө жана Тараптардын мамлекеттерининкоопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү ниеттерин жетекчиликке алышып, Кыргыз Республикасынын Ысыккөл, Талас, Чүй облустарынын КазакстанРеспубликасы менен чектеш райондорунун жана Казакстан РеспубликасынынАлматы, Жамбыл облустарынын Кыргыз Республикасы менен чектеш райондору-нун аймактарынын алкагында үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын кирүүсү,жүрүүсү жана чыгуусу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү зарыл экендигинбелгилешип, бул максаттарга жетүүнүн натыйжалуу каражаттарынын бири болуп ту-ризм маселелери боюнча кызматташуу жана оперативдүү өз ара аракеттенүүэсептелээрин таанышып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл, Талас, Чүй облустарынын КазакстанРеспубликасы менен чектеш райондорунун жана Казакстан РеспубликасынынАлматы, Жамбыл облустарынын Кыргыз Республикасы менен чектеш райондору-нун аймактарынын алкагында ар бир Тарап экинчи Тараптын мамлекетининкомпетенттүү органдары тарабынан дипломатиялык каналдар боюнча аныктал-ган жана макулдашылган үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына берилген туристтиквизаларды тааныйт. 2-статья. Тараптардын биринин мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайыкүчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына анын мамлекетинин аймагына кирүү, аймактаболуу жана чыгуу үчүн берилген туристтик визалар алардын ээлерине виза-нын бүтүндөй колдонуу мөөнөтүндө чет элдик жарандардын кирүүсү үчүн жа-бык болгон аймактарды эске албаганда, Кыргыз Республикасынын Ысыккөл,Талас, Чүй облустарынын Казакстан Республикасы менен чектеш райондору-нун жана Казакстан Республикасынын Алматы, Жамбыл облустарынын КыргызРеспубликасы менен чектеш райондорунун аймактарына тоскоолдуксузкирүүгө жана чыгууга укук берет. 3-статья. Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын туристтиквизаларына ээ болгон үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын Тараптардын мамле-кеттеринин аймактарына кирүү жана каттоодон өтүү тартиби визанын ээлериаймагына кирген мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. 4-статья. Тараптар үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын алардын мамлекеттерининаймактарында болуусуна, анын ичинде туристтик визаларды ачуу тартибине,консулдук жыйымдардын тарифтерине, ошондой эле паспорттук-визалык доку-менттердин үлгүлөрүнө байланышкан маселелер боюнча маалыматтарды алма-шып турушат. 5-статья. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагысбөлүгү болуп саналган протоколдор менен таризделет. 6-статья. Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттикички жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгүбилдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бириушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети бар экендиги жөнүндөэкинчи Тараптын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган күндөн тартып алты айөткөнгө чейин өз күчүндө кала берет. ________ шаарында 200_ -жылдын "__" _________ эки нускада, ар бирикыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бир-дей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо,Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн