Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 3-июлундагы № 371-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Өзгөрбөс органикалык булгоочу заттар жөнүндө Стокгольм конвенциясынишке ашыруу максатында: 1. Кыргыз Республикасында Өзгөрбөс органикалык булгоочу заттаржөнүндө Стокгольм конвенциясын аткаруунун тиркелген улуттук планыжактырылсын. 2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялыкведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ошшаарларынын мэриялары Өзгөрбөс органикалык булгоочу заттар жөнүндөСтокгольм конвенциясын аткаруу боюнча бардык чараларды көрүшсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнүкоргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Өзгөрбөсорганикалык булгоочу заттар жөнүндө Стокгольм конвенциясы боюнчаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттенмелери аткарылышынкоординациялоону камсыздасын. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казыпалуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов