Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 23-июнундагы № 246-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2006-жылдын 3-июлундагы № 372-б
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 6-июнундагы № 269-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-ноябрындагы № 720 "Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун маселелери жөнүндө" токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Потсдам шаарынын Жерди изилдөө борборунун ортосундагы
уюштуруу келишимине, Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институ-тутунун Уставына ылайык, Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу жана биргелешкен чечимдерди кабыл алуу максатында:
1. Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун Байкоочу кењешинин мүчөлөрү болуп кыргыз тараптан төмөнкүлөр дайындалсын:
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы № 269-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Байкоочу кењештин мүчөлүгүнө кыргыз тараптан төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- М.С.Бакиев, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Респуб-ликасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси;
- А.Ж.Жумагулов, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси.
Премьер-министр | Ф.Кулов |