Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 26-июну № 347-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларынынсоциалдык-тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти тарабынан 2006-жылга коюлган милдеттерди аткаруу максатында: 1. "Бишкеккурулуш" өндүрүштүк-курулуштук фирмасынын ачык акционер-дик коомунун жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Бишкекшаары, Васильев көчөсү дареги боюнча жайгашкан капиталдык курулушу бүтөэлек объектини - 89 квартиралуу турак үйдү мамлекеттик менчикке акысызөткөрүп берүү жөнүндөгү сунуштарына макулдук берилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети ушул буйруктун 1-пунктунда аталган курулушу бүтө элекобъектини Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин балансына кабылалуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте жүргүзсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-тарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик ушул буйруктун 1-пунктундааталган курулушу бүтө элек объектини Кыргыз Республикасынын Коргоо ми-нистрлигинин балансына мамлекеттик менчик катары белгиленген тартиптекаттасын. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-юнча бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов