Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2006-жылдын 2-марты № 71
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2004-жылдын
24-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Мамлекеттик
чегара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө
макулдашууну ратификациялоо тууралу
2005-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2004-жылдын 24-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Мамлекеттик чегара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзбек тарапка Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги зарыл жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев