Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 3-июлу № 370-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ "Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык: 1. 2006-жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн багыт-талган, республикалык бюджеттин атайын эсебине которулуучу акча кара-жаттарын бөлүштүрүү тиркемеге ылайык бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: - облустук мамлекеттик администрациялардын, Бишкек, Ош шаарларынынмэрияларынын сунуштарын эске алуу менен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуужана жоюу үчүн которулуучу каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүчү алдыналуучу жана авариялык-калыбына келтирилүүчү иштердин планын бекитсин; - квартал сайын Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы ми-нистрлигине жогоруда көрсөтүлгөн каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө маа-лыматты берип турсун. 3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигиөзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн келип түшкөн каражаттар-ды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине толук көлөмдөдайыма которуп турууну камсыз кылсын. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-юнча бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 370-б буйругуна тиркеме 2006-жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга келип түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү -----------------------------------------------------------------------|№| Чыгымдардын аталышы | Мињ сом ||-|--------------------------------------------------------|----------||1|Авариялык-калыбына келтирилүүчү объектилердин курулушун | 143988,3|| |каржылоо | ||-|--------------------------------------------------------|----------||2|Подряддык уюмдарга карыздарды жоюу | 34000,0||-|--------------------------------------------------------|----------||3|Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин | 14151,0|| |Өзгөчө кырдаалдардын мониторинги, болжолдоо | || |департаментин каржылоо | ||-|--------------------------------------------------------|----------||4|Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин | 39617,5|| |каржылоо | ||-|--------------------------------------------------------|----------||5|Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин | 588,0|| |Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыгынын аппаратын| || |каржылоо | ||-|--------------------------------------------------------|----------||6|Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин | 80102,8|| |Региондор аралык башкармалыктарын каржылоо | ||-|--------------------------------------------------------|----------||7|Күтүлбөгөн чыгымдар, | 66065,8|| |анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар | 5000,0|| |министрлигине караштуу Авиация департаментин каржылоо | ||-|--------------------------------------------------------|----------|| |ӨКМ боюнча бардыгы | 378513,4|----------------------------------------------------------------------- Премьер-министрдин Аппарат жетекчиси - министр Т.Коеналиев