Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 4-июлу №378-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Акысыз аскердик жардам көрсөтүү жөнундө Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагымакулдашуунун долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Толук жанаЫйгарым укуктуу Элчиси Мамбетжунус Абыловго принциптүү эмес мүнөздөгүөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга колкоюуга ыйгарым укук берилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор АКЫСЫЗ АСКЕРДИК ЖАРДАМ КӨРСӨТүү ЖӨНүНДӨ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ЖАНА ТүРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ОРТОСУНДАГЫ МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жанаТүркия Республикасынын Өкмөтү, мурдагы достук байланыштарына таянышып,Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүнортосундагы Аскердик билим берүү боюнча 1993-жылдын 3-мартындагыкызматташуу жөнүндө келишимге жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жанаТүркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү, илим жанатехника жаатындагы аскердик кызматташуу жөнүндө 2000-жылдын 15-июнундагы келишимге таянышына, аскердик кызматташууну терењдетүү жанаКыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоого көмөк көрсөтүүмаксаттарында төмөнкүлөр боюнча макулдашты: 1-статья Түркия Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө АКШдолларынын эквивалентинде 1 190 000 (бир миллион бир жүз токсон мињ)түрк лири өлчөмүндө грант берет. Бул грантты өздөштүрүү 2006-жылдан тартып башталат. 2-статья Бул гранттын АКШ долларынын эквивалентиндеги 1 190 000 (бир миллионбир жүз токсон мињ) түрк лири Түркия Республикасынын тийиштүүмыйзамдарынын алкагында материалдар жана кызмат көрсөтүүлөр түрүндөберилет. 3-статья АКШ долларынын эквивалентиндеги 1 190 000 (бир миллион бир жүзтоксон мињ) түрк лири өлчөмүндөгү грант Материалдык-техникалыкжардамды аткаруу жөнүндө протоколго ылайык берилет, ага эки өлкөнүныйгарым укуктуу адамдарынын ортосунда ушул Макулдашуунун алкагындакошумча кол коюлат. 4-статья Кыргыз Республикасы Түркия Республикасынын алдын ала макулдугуналбастан материалдык каражаттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондойэле аларды пайдалануу укугун башка өлкөгө же үчүнчү тарапка бербөөгөмилдеттенет. 5-статья Бул Макулдашуу Түркия Республикасынын Министрлер Кењеши бекиткенкүндөн баштап күчүнө кирет жана Аткаруу протоколунда айтылган бардыкматериалдык каражаттар Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинеөткөрүлүп жана кызмат көрсөтүүлөр толук аткарылган учурга чейинкүчүндө болот. 6-статья Акысыз жардам жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын атынанКыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Түркия Республикасынынатынан - Генералдык Штабы тарабынан аткарылат. Бул Макулдашууну аткаруу боюнча бардык талаш-тартыштар түзсүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Макулдашуу 2006-жылдын «__» ___________ Анкара шаарында, ар бирикыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде эки нускада түзүлдү жанабардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер болгон учурда Тараптаранглис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат. Кыргыз Республикасынын Туркия РеспубликасынынӨкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн Мамбетжунус Абылов Али Акдоган генерал-майор,Кыргыз Республикасынын Түркия РеспубликасынынТүркия Республикасындагы Генералдык ШтабынынТолук жана Ыйгарым Коргонууну пландоо жанаукуктуу Элчиси ресурстарды башкаруу департаментинин начальниги