Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 5-июлундагы № 380-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 2005-жылдын 24-25-мартындагы уурдап-тоноолордун, башаламандыктардынжана тартипсиздиктердин натыйжасында жана чегишкен ишкер-ижарачыларгафинансылык колдоо көрсөтүү максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги: - «Бюджеттик ссудалар» статьясы боюнча республикалык бюджеттекаралган каражаттардын эсебинен 10 жылдык мөөнөткө "Бурул-кайражаралуу" кредиттик союзуна 10 млн. сом суммасында процентсиз бюджеттикссуда бөлүп берсин. Күрөөлүк камсыздоо тартибинде "Бурул-кайражаралуу" кредиттик союзунун кредиттик портфели эсепке алынсын; - «Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө»Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана белгиленгентартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин. 2. Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүүбоюнча финансы компаниясына "Бурул-кайра жаралуу" кредиттик союзунабелгиленген тартипте кредит бөлүп берүүдө көмөк көрсөтүү сунушталсын. 3. "Бурул-кайра жаралуу" кредиттик союзуна төмөнкүлөр сунушталсын: -алынган процентсиз бюджеттик ссуданы жана Кыргыз Республикасындакредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясынынкредитин 2005-жылдын 24-25-мартындагы уурдап-тоноолордун,башаламандыктардын жана тартипсиздиктердин натыйжасында жана чегишкенишкер-ижарачыларга жењилдетилген кредиттерди берүүгө гана жумшоо; - бюджеттик ссуданы пайдалануу жөнүндө Кыргыз РеспубликасынынЭкономика жана финансы министрлигине квартал сайын отчет берип туруу. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-октябрындагы №450-6
буйругу кучун жоготту деп табылсын. 5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынажүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов