Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2006-жылдын 6-июлу № 381-б
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-апрелиндеги № 64-б, 2016-жылдын 17-июнундагы № 270-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча авариялык-сактоочу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө даярдыкты жогорулатуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү борборлорунун (Түндүк жана Түштүк) базасында мобилдүү инженердик-механикаштырылган эки отряд түзсүн;
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык 200 млн.сом (5 млн. АКШ доллары) суммасына атайын техника сатып алсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 270-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кедейликти кыскартуунун борбордоштурулган фондунун каражаттарынын эсебинен инженердик жана авариялык-сактоочу техниканы сатып алууга керектүү каражат бөлсүн.
3. Ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн атайын техникаларды алууга жана бөлүштүрүүгө жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-апрелиндеги № 64-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы N 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускамага ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү көрсөтүлгөн атайын техникаларды атайын бажы режиминде тариздесин.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-апрелиндеги № 64-б буйругунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын бажы аймагына көрсөтүлгөн атайын техникаларды ташып келүүнүн жана пайдалануунун программасын иштеп чыксын.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-апрелиндеги № 64-б буйругунун редакциясына ылайык)
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-апрелиндеги № 64-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | Ф.Кулов |