Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 14-июлу № 389-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Словакия РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосунда Аба катнашы жөнүндө макулдашуунун долбоору жакты-рылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-рлигинин алдындагы Жарандык авиация департаментинин директоруна жогору-да көрсөтүлгөн Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү оњдо-олорду жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Словакия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашы жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Словакия Республикасынын Өкмөтү, Кол коюу үчүн 1944-жылдын 7-декабрында Чикаго шаарында ачылган Эларалык жарандык авиация жөнүндө конвенцияга катышуучу болушуп, өз аймактарынын ортосунда жанан алардын чегинен сырткары туруктууаба катнашын орнотуу жана аткаруу максатында Макулдашуу түзүүгө ниетте-нишип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Аныктамалар Эгер контекстте башкача каралбаса бул Макулдашуу үчүн: а) "Конвенция" деген термин Кол коюу үчүн 1944-жылдын 7-декабрындаЧикаго шаарында ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияны,анын ичинде 90-статьяга ылайык кабыл алынган ар кандай Тиркемелерди жа-на 90-статьяга жана 94-статьяга ылайык Тиркемелерге же Конвенцияга кир-гизилген бардык оњдоолорду алардын Тараптардын мамилесине карата алгы-лыктуулук даражасында билдирет; Ь) "авиациялык бийликтер" деген термин Кыргыз Республикасына кара-та - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги-не караштуу Жарандык авиация департаментин Словакия Республикасына ка-рата - Транспорт, почта жана телекоммуникациялар министрлигин Жарандыкавиациянын генералдык директоратын же эки тарапка карата - азыркы учур-да аталган авиациялык бийликтер тарабынан аткарылуучу функцияларды ат-карууга ыйгарым укук берилген башка ар кандай органды билдирет; с) "дайындалган авиакомпания" деген термин бир Тарап экинчи Тарап-ка ушул Макулдашуунун 3-статьясына ылайык жазуу жүзүндө билдирүү менендайындаган авиакомпанияны билдирет; 6) "аймак", "аба катнашы", "эл аралык аба катнашы", "авиакомпания"жана "коммерциялык эмес максатта токтоо" деген терминдер Конвенциянын 2жана 96-статьяларына ылайык аныкталган маанилерди билдиришет; е) макулдашылган аба катнашына карата "сыйымдуулук" деген терминандай катнашты аткаруу үчүн пайдаланылуучу самолеттогу орундардын марш-рут же маршруттун участогу боюнча белгилүү бир мезгилде ошол самолетменен учууларды аткаруунун жыштыгына көбөйтүлгөн санын билдирет; f) "макулдашылган аба катнашы" деген термин ушул МакулдашуунунТиркемесинде көрсөтүлгөн маршруттар боюнча жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жанапочтаны өзүнчө же чогуу ташуу үчүн катнаштарды билдирет; g) "аныкталган маршрут" деген термин ушул Макулдашуунун Тиркеме-синдеги маршруттарда көрсөтүлгөн маршрутту билдирет; h) "Тиркеме" деген термин ушул Макулдашууга Тиркемени же ушул ма-кулдашуунун 19-статьясына ылайык ага киргизилген овдоолорду билдирет.Тиркеме ушул Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгү болот жана Макулдашуугатийиштүү бардык шилтемелер өзүнө Тиркемени камтууга тийиш; жана i) "тариф" деген термин жүргүнчүлөрдү (алардын багажын) жежүктөрдү аба транспорту менен ташыгандык үчүн (почтадан башкасын) авиа-компания өзү же агенттер аркылуу (агенттик комиссиялыктарды кошо) алуу-чу бааны билдирет, анын ичинде; I. Тарифтин бар экенин жана колдонулушун аныктоочу шарттар, жана II. Авиакомпаниялар аткаруучу ар кандай кошумча кызмат көрсөтүүлөрүчүн жыйымдар жана шарттар. 2-статья. Ташууларга укук берүү (1) Ар бир Тарап экинчи Тарапка дайындалган авиакомпаниялары мененТиркемеде аныкталган маршруттар боюнча эл аралык аба катнашынжүргүзүүгө төмөнкүдөй укуктарды беришет: а) мындай укуктарды берген Тараптын аймагынын үстүнөн конбостонучуп өтүү; Ь) мындай укуктарды берген Тараптын аймагына коммерциялык эмесмаксатта конуу; с) ушул Макулдашуунун Тиркемесиндеги маршруттардын расписаниесиндекөрсөтүлгөн маршруттардагы пункттарда мындай укуктарды берген Тараптынаймагында жүргүнчүлөрдү, багажды, жүктөрдү жана почтаны коммерциялыкнегизде салуу жана түшүрүү максатында конуу; (2) ушул статьянын 1-пунктундагы эч бир нерсе бир Тараптын дайын-далган авиакомпаниясына жүргүнчүлөрдү, багажды, жүктөрдү жана почтаныбашка Тараптын аймагындагы пункттар арасында акысьша же жалдоо (кабо-таж) боюнча ташуу үчүн бортко алууга укук берүү катары каралбайт; (3) Тараптардын ушул Макулдашуунун 3-статьясына ылайык дайындалба-ган авиакомпанияларына да ушул статьянын 1 (а) жана (Ь) пункттарындакөрсөтүлгөн укуктар берилет; 3-статья. Авиакомпанияларды дайындоо жана эксплуатациялык ыйгарым укуктар (1) Ар бир Тараптын авиациялык бийликтери келишимдик катнаштардыжүргүзүү максатында эксплуатациялоо үчүн башка Тарапка жазуу жүзүндөмаалымдоо менен авиакомпанияны же авиакомпанияларды дайындоого, дайын-далышын жокко чыгарууга, же мурда дайындалгандын ордуна башка авиаком-панияны дайындоого укуктуу. (2) Дайындоо жөнүндө билдирүү алынгандан кийин авиациялык бийлик-тер башка Тараптын дайындалган авиакомпаниясына керектүү эксплуатация-лык ыйгарым укуктарды төмөнкүдөй шарттарда берүүгө тийиш: а) Словакия Республикасы тараптан дайындалган авиакомпанияга кара-та: (i) авиакомпания Словакия Республикасынын аймагында Европа Шерик-тештиги түзүүчү Келишимге ылайык уюшулса жана Европа Шериктештигининмыйзамына ылайык жарактуу лицензиясы болсо; (ii) Авиакомпаниянын үстүнөн иштиктүү контролду Европа Шериктешти-гине мүчө - Эксплуатанттын Сертификатын берүү үчүн жооптуу мамлекетжүргүзсө жана ошондой эле авиакомпанияны дайындаган авиациялык бийлик-тер так аныкталса; (iii) Авиакомпания Европа Шериктештигине же Европадагы эркин соодаассоциациясына мүчө мамлекетгин жана/же ал мамлекеттердин жарандарынынартыкчылыктуу ээлигинде жана иш жүзүндөгү контролунда турса жана калса; Ь) Кыргыз Республикасы тарабынан дайындалган авиакомпанияга кара-та: i) Авиакомпания Кыргыз Республикасынын аймагында уюшулса жана не-гизги иш орду жана такай турган жери Кыргыз Республикасынын аймагындаболсо, ошондой эле артыкчылыктуу ээлик жана иш жүзүндөгү контроль Кыр-гыз Республикасына, анын жарандарына же экөөнө тењ таандык болсо; ii) Дайындалган авиакомпанияга иштиктүү контроль Кыргыз Республи-касына таандык болсо; с) Тараптардын дайындалган авиакомпаниялары башка Тараптын авиаци-ялык бийликтери Конвенциянын жоболоруна ылайык эл аралык аба катнашта-рын жүргүзүүдө колдонуучу мыйзамдарда жана эрежелерде көрсөтүлгөн шарт-тарды аткарууга тийиш. 4-статья. Эксплуатациялык ыйгарым укуктарды жокко чыгаруу же убактылуу токтотуу Ар бир Тараптын авиациялык бийликтери башка Тараптын дайындалганавиакомпаниясына берилген эксплуатациялык ыйгарым укуктарды жокко чыга-рууга, колдонулушун убактылуу токтотууга же чектөөгө укуктуу, эгерде: а) Словакия Республикасынын дайындалган авиакомпаниясына карата: (i) авиакомпания Словакия Республикасынын аймагында Европа Шерик-тештиги түзүүчү Келишимге ынайык уюшулбаса жана учууларды аткаруу үчүнЕвропа Шериктештигинин мыйзамдарына ылайык жарактуу лицензияны албаса;жана (ii) Авиакомпанияны иш жүзүндө контролдоо Европа Шериктештигинемүчө - Эксплуатанттын күбөлүгүн берүү үчүн жооптуу мамлекет тарабынанжүргүзүлбөсө, ошондой эле авиакомпанияны дайындаган авиациялык бийлик-тер так аныкталбаса; (iV) Авиакомпания Европа Шериктештигине же Европадагы эркин соодаассоциациясына мүчө мамлекеттин жана/же ал мамлекеттердин жарандарынынартыкчылыктуу ээлигинде жана иш жүзүндөгү контролунда болбосо жана кал-баса; Ь) Кыргыз Республикасы тарабынан дайындалган авиакомпанияга кара-та: i) Авиакомпания Кыргыз Республикасынын аймагында уюшулбаса жананегизги иш орду жана такай турган жери Кыргыз Республикасынын аймагындаболбосо, ошондой эле артыкчылыктуу ээлик жана иш жүзүндөгү контрольКыргыз Республикасына, анын жарандарына же экөөнө тењ таандык болбосо; ii) Дайындалган авиакомпанияга иштиктүү контроль Кыргыз Республи-касына таандык эмес болсо; с) дайындалган авиакомпаниялар башка Тараптын авиациялык бийликте-ри Конвенциянын жоболоруна ылайык эл аралык аба катнаштарын жүргүзүүдөколдонуучу мыйзамдарда жана эрежелерде көрсөтүлгөн шарттарды аткарышпа-са. 5-статья. Мыйзамдарды жана эрежелерди колдонуу (1) Эл аралык аба катнаштарында иштеген аба кемелеринин өзүнүн ай-магына келишин, болуусун же кетүүсүн, же андай аба кемелердин анын ай-магынын чегинде болгон учурда эксплуатацияланышын жана навигациясынжөнгө салуучу мыйзамдары жана эрежелери башка Тараптын дайындалган ави-акомпаниясынын ушундай аба кемелерине карата колдонулат жана башка Та-раптын аймагына келгенде, турганда же кетип жатканда сакталууга тийиш. (2) Бир Тараптын өз аймагына жүргүнчүлөрдүн, экипаждардын, багаж-дын, жүктүн жана почтанын келишин, болушун, транзитин же жөнөтүлүшүнжөнгө салуучу мыйзамдары жана эрежелери, атап айтканда келүүгө,кетүүгө, иммиграцияга жана миграцияга, паспорттук, бажылык, валюталыкжана санитардык контролго тиешелүү мыйзамдары жана эрежелери башка Та-раптын дайындалган авиакомпаниясы аталган Тараптын аймагына келген, ке-тип жаткан же болуп турган учурда колдонулууга тийиш. (3) Тараптардын эч бири башка Тараптын дайындалган ушул статья.дакаралган мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык эл аралык аба катнашын ишкеашырган авиакомпаниясына караганда өзүнүн ушундай авиакомпаниясына жебашка ар кандай авиакомпанияга артыкчылык берүүгө тийиш эмес. (4) Бир Тарап башка ар кандай Тараптын өтүнүчү боюнча анын экимамлекеттин ортосунда аба катнашын аткарууга укуктуу авиакомпанияларынакеректүү жол документтери бар жүргүнчүлөр гана керектүү мамлекеттин ай-магына келе алуусун же транзит менен өтүшүн гарантиялоочу чаралардыколдонууга мүмкүндүк берет. Эгер жүргүнчү бир Тараптын келүүгө тийиштүүмыйзамдарын жана эрежелерин аткарбаса авиакомпания жүргүнчүнү өзүнүнэсебинен кайра алып кетүүгө тийиш. (5) Башка Тараптын аймагына конгон пункттан ал Тараптын өткөрүлбөйкойгон адам конгонго чейин берки мамлекеттин аймагында жашаса, ар бирТарап кайра алынып келген ал адамды текшерет. 6-статья. Учуулардын коопсуздугу жана перрондук инспекция (1) Эки Тарап тењ башка Тарап кабыл алган экипаждарга, аба кемеле-рине же алардын эксплуатацияланышына тиешелүү маселелер боюнча консуль-тация жүргүзүүнү кайсы убакта болбосун талап кыла алышат. Мындай кон-сультациялар андай өтүнүч алынгандан кийин отуз (30) күндүн ичиндежүргүзүлүүгө тийиш. (2) 3-статьянын II) а) 2-пунктунун жоболорун да эске алып, эгермындай консультациянын натыйжасында ушул статьянын 1-пунктуна ылайыкбир Тарап Конвенцияда ошол мезгилге карата ушул тармактардын кайсынысы-на карата болбосун белгиленген минимум стандарттарга жооп берүүчү учуу-нун коопсуздугу боюнча талаптарды башка Тарап тийиштүү аткарбай жатка-нын аныктаса, андан биринчи Тарап башка Тарапка андай жыйынтыгы жанаошол минимум стандарттарга жооп бериш үчүн берки Тарап колдонуусу зарылболгон чаралар жөнүндө маалымдоого тийиш. Эгер берки Тарап он беш (15)күндүн же андан ашык убакытка белгилениши мүмкүн болгон мезгилдин ичин-де зарыл чараларды көрбөсө, анда бул ушул Макулдашуунун 4-статьясынколдонууга негиз болот. (3) Конвенциянын 33-статьясында көрсөтүлгөн милдеттенмелерге кара-бастан, Тараптардын биринин авиакомпаниясы же авиакомпаниялары башкаТараптын аймагынан учуу же учуп кирүү үчүн эксплуатациялаган ар кандайаба кемеси башка Тараптын аймагында болгондо ал Тараптын ыйгарым укук-туу өкүлдөрү тарабынан аба кемесинин бортунда же жанында борттук доку-менттерди жана экипажды, аба кемесинин жана анын жабдууларынын абалынтекшерүү үчүн, бул рейстин бөөдө кечигишине алып келбеген шартта тек-шерүүгө (бул статьяда "перрондук инспекция" деп аталган) алынышымүмкүн. (4) Эгер мындай инспекция же инспекциялар төмөнкүдөй натыйжаларгаалып келсе: (а) аба кемеси же анын эксплуатацияланышы Конвенцияда ошол мезгил-ге карата белгиленген минимум стандарттарга ылайык эместиги жөнүндөолуттуу тынчсыздандырса, же (Ь) тийиштүү техникалык тейлөө жоктугу же Конвенцияда ошол мезгил-ге карата белгиленген учуунун коопсуздугу боюнча стандарттар аткарылба-ганы жөнүндө олуттуу тынчсыздандырса, анда перрондук инспекция жүргүзгөн Тарап конвенциянын 33- стать-ясына ынайык ал аба кемесине же анын экипажына берилген сертификатка жекүбөлүккө карата талаптар же таанылган талаптар, же ал аба кемесин экс-плуатациялоого карата талаптар Конвенцияга ылайык белгиленген минимумстандарттарга жооп бербестиги жөнүндө корутунду чыгарууга тийиш. (5) Эгер Тараптардын биринин авиакомпаниясы же авиакомпанияларыэксплуатациялаган аба кемесин 3-пунктка ылайык перрондук инспекциялоогоал авиакомпаниянын же авиакомпаниялардын өкүлдөрү тыюу салышса, башкаТарап жогоруда 4-пунктта айтылган олуттуу кемчиликтер бар экени жөнүндөтыянак чыгарууга жана ошол пунктка ылайык корутунду чыгарууга укуктуу. (6) Эгер биринчи Тарап перрондук инспекциянын, бир катар перрондукинспекциялардын, перрондук инспекция жүргүзүүгө жол бербегендиктин,консультациялардын жыйынтыгында же башка себеп боюнча авиакомпаниянынучууларды коопсуз аткарышы үчүн маанилүү кечиктирилгис чара көрүү зарылдеген корутунду чыгарса, ар бир Тарап башка Тараптын авиакомпаниясынаже авиакомпанияларына берилген эксплуатациялык уруксатты дароо токтотууже өзгөртүү укугун сактайт. (7) Тараптардын бири жогорудагы 2 же 6-пункттарга ылайык колдонгонбардык чаралар андай чара колдонуунун себептери жоюлгандан кийин дароотоктотулууга тийиш. 7-статья. Авиациялык коопсуздук (1) Тараптар эл аралык укуктун чегинде өздөрүнүн укуктары мененмилдеттенмелерине ылайык, алардын бири бирине карата жарандык авиация-нын коопсуздугун мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоого тиешелүү милдеттенме-лери ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болот деп дагы бир жолу билди-ришет. (2) Тараптар 1963-жылдын 14-сентябрында Токио шаарында кол коюлганАба кемелеринин бортунда жасалган кылмыштар жана башка иштер жөнүндөконвенциянын, 1970-жылдын 16-декабрында Гаага шаарында кол коюлган Абакемелерин мыйзамсыз басып алууга каршы күрөш жөнүндө конвенциянын,1971-жылдын 23-сентябрында Монреал шаарында кол коюлган Жарандык авиа-циянын коопсуздугуна каршы багытталган мыйзамсыз иштерге каршы күрөшжөнүндө конвенциянын жана 1988-жылдын 24-февралында Монреал шаарындакол коюлган Эл аралык жарандык авиацияны тейлеген аэропорттордо мыйзам-сыз зомбулук актыларына каршы күрөшүү жөнүндө протоколдун, 1991-жылдын1-мартында Монреалда кол коюлган Пластик жарылгыч заттарды табуу макса-тында маркировкалоо жөнүндө конвенциянын жоболоруна ылайык, ошондой элеавиациялык коопсуздукту жөнгө салуучу жана эки Тарапка тењ карата жа-рактуу көп тараптуу макулдашууларга ылайык, өздөрүнүн эл аралык укукбоюнча укуктарынын жана милдеттенмелеринин колдонулушун чектебестен ишжүргүзүүгө тийиш. (3) Тараптар жарандык аба кемелерин мыйзамсыз басып алууну жанаандай аба кемелеринин учуусунун коопсуздугуна, алардын бортундагыжүргүнчүлөргө жана экипаждарына, аэропортторго жана аэронавигациялыккаражаттарга, ошондой эле жарандык авиациянын коопсуздугуна каршы ба-гытталган иштерди болтурбоо максатында бири биринин талабы боюнча бар-дык керектүү жардамдарды берүүгө тийиш. (4) Тараптар өз ара мамилелеринде Эл аралык жарандык авиация уюмубелгилеген жана Конвенцияга Тиркеме деп аталуучу, авиациялык коопсуздукжөнүндө жоболорго ылайык, ал жоболор Тараптарга карата колдонулуучу да-ражада аракеттенүүгө тийиш; алар өз аймактарында катталган аба кемеле-ринин эксплуатанттарынан же туруктуу иш орду же такай турган жери алар-дын аймагында болгон аба кемелеринин эксплуатанттарынан, ошондой элеалардын аймактарындагы аэропорттордун эксплуатанттарынан ишти авиация-лык коопсуздук жөнүндө ушундай жоболорго ылайык жүргүзүшүн талап кылы-шат. (5) Ар бир Тарап жогоруда 4-пунктта башка Тараптын аймагынакирүүгө, чыгууга же болууга карата айтылган жоболорду аба кемелерининмындай эксплуатанттары сактоосун башка Тараптын талап кыла алаарына ма-кулдугун билдиришет. (6) Ар бир Тарап анын аймагында аба кемелерин коргоо жанажүргүнчүлөрдү, экипаждарды, кол жүктөрдү, багажды, жүктөрдү жана абакемелеринин борт жарактарын отургузуу же жүктөө алдында текшерүү боюнчатийиштүү чаралар колдонулушун камсыздайт. Ошондой эле ар бир Тарапконкреттүү коркунучка байланыштуу коопсуздук чараларын камсыздоожөнүндө башка Тараптан болгон ар кандай суранычка түшүнүү менен мамилекылууга тийиш. (7) Жарандык аба кемеси мыйзамсыз басып алынган окуя же басып алуукоркунучу же андай аба кемесинин, анын бортундагы жүргүнчүлөрдүн жанаэкипаждын, аэропорттордун же аэронавигациялык каражаттардын коопсузду-гуна коркунуч болгон башка иштердин учурунда Тараптар байланышты кам-сыздоо жана андай окуяны же андай болуу коркунучун тез жана коопсузтоктотууга багытталган башка чараларды көрүү жолу менен бири биринежардам көрсөтүүгө тийиш. (8) Эгер Тараптардын биринде башка Тарап ушул статьяда айтылганавиациялык коопсуздук жөнүндө жоболорду аткарбай жатат деп эсептөөгөжетиштүү негиздер болсо, анда ал Тараптын авиациялык бийликтери башкатараптын авиациялык бийликтери менен токтоосуз консультация өткөрүүнүсурай алышат. (9) Мындай өтүнмө түшкөн күндөн кийин бир айдын ичинде керектүүмаьсулдашууга жетишүүгө мүмкүн болбосо, ал башка Тараптын дайындалганавиакомпаниясына же авиакомпанияларына уруксаттарды берүүдөн баш тарту-уга, берилген уруксатты кайра алып коюуга, убактылуу токтотууга,чектөөгө же башка шарттарды коюуга негиз болот. 8-статья. Сертификаттарды жана күбөлүктөрдү таануу (1) Бир Тараптын эрежелерине жана процедураларына ылайык берилгенжана учууга жарактуулук күчүндөгү сертификаттары, квалификациялыккүбөлүктөр жана күбөлүктөр, Конвенцияга ылайык белгиленген минималдуустандарттарга шайкеш келген же ашкан шартта келишимдик катнаштарды ат-каруу максатында башка Тарапта күчүндөгү катары таанылууга тийиш. (2) Бирок, ар бир Тарап анын жарандарына башка Тарапта же башкамамлекетте анын аймагынын үстүнөн учууларды аткаруу же конуу үчүн бе-рилген квалификациялык күбөлүктөрдү жана күбөлүктөрдү таануудан баштартуу укугун сактап калышат. (3) Эгер Словакия Республикасынын авиациялык бийликтери Европа Ше-риктештигине мүчө мамлекеттин контролдоосу аткарылчу жана сакталчу ави-акомпанияны дайындаса, ушул статьяга ылайык Кыргыз Республикасынын ави-ациялык бийликтеринин укуктары Европа Шериктештигине мүчө мамлекеттинучуулардын коопсуздугун жана стандарттарын кабыл алышына, аткарышынажана сакташына карата жана ал авиакомпанияга эксплуатациялык уруксатберүүгө карата бирдей колдонулат. 9-статья. Бажылык пошлиналардан, салыктардан жана башка алымдардан бошотуу (1) Ар бир Тарап өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык өз ара алгы-лыктуулуктун негизинде болушунча мүмкүн болгон даражада башка Тараптындайындалган авиакомпаниясын же авиакомпанияларын импортко чектөөлөрдөн,бажылык пошлиналардан, кошумча наркка салыктан, акциздик салыктардан,текшерип кароодогу акылардан жана аба кемесине, отунга, майлоочу мате-риалдарга, сарпталчу техникалык запастарга, запас тетиктерге, аныничинде кыймылдаткычтарга, борттук жабдууларга, борттук жарактарга (аныничинде азык-түлүккө, спирт ичимдиктерине, тамеки буюмдарга жана учууубагында жүргүнчүлөргө чектелүү санда сатуу жана пайдалануу үчүн арнал-ган башка продуктуларга) жана дайындалган авиакомпаниянын аба кемесинэксплуатациялашына жана тейлешине байланыштуу пайдаланууга гана арнал-ган башка предметтерге, ошондой эле басып чыгарылган белеттердин запа-сына, жүк накладнойлоруна, компаниянын фирмалык белгиси бар ар кандайбасма материалдарга, ошондой эле ошол дайындалган авиакомпания акысызтаратуучу рекламалык материалдарга карата башка мамлекеттик пошлиналар-дан жана алындардан бошотот. (2) Ушул статьяга ылайык берилчү бошотуу ушул статьянын 1-пунктун-да көрсөтүлгөн предметтерге карата колдонулууга тийиш: а) бир Тараптын аймагына башка Тараптын дайындалган авиакомпаниясыже анын атынан алынып кирчүлөргө; Ь) бир Тараптын дайындалган авиакомпаниясынын аба кемесинин бор-тундагыларга же берки Тараптын аймагына келүүдө же кетүүдө; жана с) бир Тараптын дайындалган авиакомпаниясынын аба кемесинин борту-на алынгандарга жана келишимдик катнаштарды аткарууда пайдаланууга ар-налгандарга, ал предметтер бошотуу берген Тараптын аймагында толук же айрымбөлүгү пайдаланылганына карабастан, андай предметтер аталган Тараптынаймагында тыюу салынбаган шартта. Жогоруда а, Ь. с пункттарында көрсөтүлгөн предметтер бажылыккөзөмөлдөө жана контролдо болушу мүмкүн. (3) Кайсы Тараптын болбосун дайындалган авиакомпаниясынын аба ке-месинин бортунда адатта болуучу борттук жабуу, ошондой эле материалдаржана запастар башка Тараптын аймагына ал аймактын бажы бийликтерининмакулдугу менен гана түшүрүлүшү мүмкүн. Мындай учурда алар реэкспорт-толгонго же бажылык мыйзамдарга ылайык пайдаланылганга чейин ошол атал-ган бийликтердин көзөмөлүндө жайгаштырылат. 10-статья. Аэропортторду жана авиациялык жабдууларды пайдалануу (1) Биринчи Тараптын аймагында аэропортгорду, аэронавигациялык жа-на башка жабдууларды колдонгондугу үчүн экинчи Тараптын дайындалганавиакомпаниясынан алынуучу жыйымдар ушундай эл аралык катнаштарды атка-рып жаткан ошондой эл аралык аба катнаштарын аткаруучу улуттук аба ке-мелеринен алынуучу жыйымдардан ашпоого тийиш. (2) Өз контролунун астында болгон аэропортторду пайдаланууда, абакыймылын жана ага байланыштуу жабдууларды тейлөөдө Тараптардын эч бириэкинчи Тараптын ушундай эле эл аралык аба катнаштарын аткарып жатканавиакомпаниясына караганда өзүнүн же бардык башка авиакомпанияга артык-чылыктарды берүүгө тийиш эмес. 11-статья. Түз транзит Тараптын аймагы аркылуу түз транзит менен бараткан жана дал ушун-дай максаттарда пайдаланылган аэропорттун аймагынан чыгып кетпегенжүргүнчүлөр, багаж, жүк жана почта жөнөкөйлөтүлгөн гана бажылык жанаиммиграциялык контролдон өтүүгө тийиш. Түз транзит менен бара жатканбагаж жана жүк бажылык алымдардан жана башка жыйымдардан бошотулуугатийиш. 12-статья. Акча каражаттарын которуу (1) Ар бир Тарап башка Тараптын дайындалган авиакомпаниясынаөтүнүч боюнча өз өлкөсүнө жергиликтүү чыгымдардан ашкан жергиликтүү ки-решелерин которууга жана чегерүүгө уруксат берет. Которууга жана че-герүүгө которуу жөнүндө өтүнмө түшкөн күнгө карата колдонулуп жатканрасмий алмашуу курсу боюнча, банктар мындай операциялар үчүн алуучуадаттагы акылардан башка чектөөсүз уруксат берилет. Эгер Тараптардын ортосунда мындай акча каражаттарга карата атайынкелишим болсо, анда ошол атайын келишим колдонулат. (2) ар бир Тарап башка Тараптын мамлекетине мындай акча каражат-тарды которууга шарт түзөт; мындай которуулар негизсиз кечиктирүүсүзишке ашырылат. 13-статья. Тарифтерди жактыруу (1) Ушул Макулдашуунун 1-статьясында көрсөтүлгөн маршруттар боюнчажүргүнчү жана жүк ташыгандык үчүн алынуучу тарифтер Тараптардын авиаци-ялык бийликтеринде жактырылчу предмет болот. Тарифтерде эксплуатациялыкчыгымдар, негизделген пайда, атаандаштыктын жана рыноктун учурдагышарттары, ошондой эле керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктары эске алынууга ти-йиш. (2) Ушул Макулдашуунун 1-статьясында айтылган тарифтер мүмкүн бо-лушунча эки Тараптын тењ дайындалган авиациялык авиакомпаниялары мененконсультациядан кийин макулдашылат, зарыл болсо башка авиакомпанияларменен да макулдашылат. Мындай макулдашуу мүмкүндүк болушунча тарифтердибелгилөө боюнча тийиштүү эл аралык механизм же Аба транспортунун эларалык ассоциациясы (ИАТА) аркылуу жетишилет. Кандай болсо дагы, тариф-тер эки Тараптын авиациялык бийликтеринин жактыруу предмети болот. (3) Ушундай жол менен макулдашылган бардык тарифтер Тараптардынавиациялык бийликтерине аларды киргизүү белгиленгенден минимум отуз(30) күн мурда бекитүүгө берилүүгө тийиш; өзгөчө учурларда бул белги-ленген убакыт аталган бийликтердин макулдугу менен кыскартылышы мүмкүн. (4) Тарифтерди жактыруу сунушталган тарифтерди Тараптардын авиаци-ялык бийликтеринин жактыруусу же жактырбоо жолу менен ишке ашырылат,тарифтер ушул статьянын 3-пунктуна ылайык берилгенден кийин он беш (15)күндүн ичинде жактырылды деп эсептелет. Эгер тарифтерди берүү убакытыкыскартылса, авиациялык бийликтер убакытты кыскартууга макулдук береалышат жана ошол мезгилдин ичинде макул эместиги жөнүндө билдирүүгө ти-йиш. (5) Ушул статьянын жоболоруна ылайык белгиленген тарифтер жањы та-рифтер ушул статьянын жоболоруна ылайык бекитилмейинче күчүндө калуугатийиш. Эреже катары, жањы тарифтер жарактуулук мөөнөтү бүткөндөн кийинон эки (12) айдан ашык узартылбайт. (6) Эгер тарифти ушул статьянын 2-пунктуна ылайык макулдаша алыш-паса же ушул статьянын 4-пунктунда аныкталган мезгилдин ичинде жактыр-багандык жөнүндө билдирүү жиберилсе, Тараптардын авиациялык бийликтеритарифти аныктоого аракеттенишет. (7) Эгер Тараптардын авиациялык бийликтери ушул статьянын 6- пунк-туна ылайык тарифтер боюнча макулдукка жетише алышпаса талаш ушул Ма-кулдашуунун 20-статьясынын жоболоруна ылайык чечилет. (8) Ушул статьянын жоболоруна карабастан, Кыргызстандын дайындал-ган авиакомпаниясы же авиакомпаниялары Европа Шериктештигинин аймагындаалуучу тарифтер Европа Шериктештигинин мыйзамдарынын предмети болупэсептелет. 14-статья. Сыйымдуулук (1) Дайындалган авиакомпаниялардын келишимдик аба катнаштарын ат-каруусу үчүн сыйымдуулук Тараптардын дайындалган авиакомпанияларынабирдей жана адилеттүү мүмкүнчүлүктөрдү берүү принцибинин негизинде ави-ациялык бийликтер тарабынан жактырылууга тийиш. (2) Тараптын дайындалган авиакомпаниялары аткаруучу келишимдиккатнаштар башка Тараптын дайындалган авиакомпаниялары ошол эле маршрут-тар же алардын участоктору боюнча ишке ашырып жаткан аба катнашына тес-кери таасир тийгизбеш үчүн алардын кызыкчылыгын эске алууга тийиш. (3) Тараптардын дайындалган авиакомпаниялары аткарып жаткан кели-шимдик катнаштарда белгилүү бир маршруттарда ташууларга карата коомдукталаптар эске алынууга жана авиакомпанияны дайындаган Тараптын аймагы-нын арасында жүргүнчүлөрдү жана/же жүктөрдү, анын ичинде почтаны ташуубоюнча болгон жана күтүлгөн талаптарды аткаруу үчүн негиздүү коэффици-енттеги жетиштүү жүктөөнү, сыйымдуулукту камсыздоону негизги максатыкылып коюуга тийиш. 15-статья. Учуулардын расписаниеси (1) Биринчи Тарап дайындаган авиакомпания аба кемесинин учуу жыш-тыгын, тибин, убактысын, түзүлүшүн жана орундуктарынын санын, ошондойэле расписаниенин колдонулуу мөөнөтүн көрсөтүп, өзүнүн божомолдонгонкатнаштарынын расписаниесин экинчи Тараптын авиациялык бийликтерине жокдегенде кырк беш (45) күн мурда бекитүүгө берүүгө тийиш. (2) Эгерде дайындалган авиакомпания расписаниеде көрсөтүлгөндөнтышкары кошумча рейстерди жасоону кааласа, ал рейстерди башка Тараптынавиациялык бийликтери менен макулдашууга тийиш. Эгер дайындалган авиа-компаниялар макулдашууга жетише алышпса, бул маселени Тараптардын авиа-циялык бийликтери чечет. (3) Бир Тараптын дайындалган авиакомпаниясынын жактырылган распи-саниесине киргизилчү ар кандай өзгөртүүлөр аба кемесин техникалык се-бептер боюнча алмаштыргандан башка учурларда башка Тараптын авиациялыкбийликтерине макулдашууга берилүүгө тийиш. 16-статья. Коммерциялык ишмердик (1) Ар бир Тарап экинчи Тараптын дайындалган ар кандай авиакомпа-ниясына анын аймагында офисин, дайындалган авиакомпанияга негизделгенкеректүү санда администрациялык, коммерциялык жана техникалык персона-лын кармоого укук берет. (2) Жогоруда 1-пунктта көрсөтүлгөн офистерди ачуу жана персоналдыжалдоо кызыкдар Тараптын чет өлкөлүктөрдү кабыл алуу жана алардын башкаТараптын аймагында болуусу боюнча мыйзамдары жана эрежелери сыяктуумыйзамдарынын жана эрежелеринин предмети болот. Жогоруда 1-пунктка ыла-йык офиске иштөөгө жалданган персоналга иш үчүн уруксат талап кылын-байт. (3) Ар бир Тарап башка Тараптын дайындалган авиакомпаниясына башкаТараптын аймагында авиациялык ташууларды түз өзү же агенттери аркылуукайсы кардарга болбосун ар кандай валютада сатууга укук берет. (4) Дайындалган авиакомпания өз ара алгылыктуулук негизде башкаТараптын аймагында жердеги тейлөөгө (өзүн өзү тейлөөгө) укуктуу же өзкаалоосу боюнча кызмат көрсөтүүчү атаандаш тейлөөчүлөрдүн ичинен жердетолук же айрым тейлөөчүлөрдү тандап алууга укуктуу. Бул укук контролдо-нуучу зонада (аба кемесин жердеги тейлөө) жердеги тейлөөгө карата кол-донулбайт, прерогатива аэропорттун эксплуатантында болот. Бул укук учу-улардын коопсуздугу жана аэропорттогу коопсуздук максатында киргизилчүфизикалык чектөөлөргө гана көз каранды болот. Дайындалган ар бир авиа-компанияга өзүн өзү тейлөө жана жердеги тейлөө боюнча подрядчик же под-рядчиктер көрсөтүүчү кызматтардан пайдаланууга бирдей укуктар берилет.Жерде тейлөө боюнча ишмердик Словакия Республикасы менен болгон учурдабашка Тараптын мыйзамдары менен эрежелерине, ошондой эле Европа Шерик-тештигинин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 17-статья. Рейстердин аткарылышы жана статистика жөнүндө маалыматтардын берилиши (1) Дайындалган авиакомпаниялар абада тейлөөнүн түрү жана пайдала-нылчу аба кемесинин тиби жөнүндө маалыматты жана учуулардын расписание-син башка Тараптын авиациялык бийликтерине ушул Макулдашуунун 2-стать-ясынын 1-пунктуна ылайык маршруттар боюнча учууларды аткара баштаарданминимум бир ай мурда беришет. (2) Ар бир Тараптын авиациялык бийликтери башка Тараптын авиация-лык бийликтеринин суроосу боюнча биринчи Тараптын дайындалган авиаком-паниясы келишимдик линияларда эксплуатациялачу сыйымдуулукту анализдөөүчүн негиздүү керек болуучу мезгилдүү же башка статистикалык маалымат-гарды ар бир дайындалган авиакомпания боюнча беришет. 18-статья. Консультациялар (1) Тараптардын авиациялык бийликтери тыгыз кызматташуу маанайындаушул Макулдашуунун жана Тиркемелеринин жоболорун ишке ашырууну жана ка-нааттанарлык аткарууну камсыз кылуу максатында мезгил-мезгили менен би-ри-бири менен талкууларды өткөрүү же кат алышуу аркылуу кењешип туру-шат. (2) Ар бир Тарап каалаган убакта ушул Макулдашууга тиешеси барбардык маселелер боюнча консультацияларды өткөрүүнү талап кыла алат.Эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, мындай консультациялар экинчи Та-раптын өтүнмөсү алынган күндөн тартып алтымыш (60) күндүн ичинде башта-лууга тийиш. 19-статья. Оњдоолор (1) Эгерде Тараптардын бири ушул Макулдашуунун кайсы бир жобосунаоњдоолорду киргизүүнү кааласа, эгер мындай оњдоолор Тараптардын орто-сунда макулдашылса, анда алар дипломатиялык ноталарды алмашуу жолу ме-нен ырасталгандан кийин күчүнө кирүүгө тийиш. (2) Ушул Макулдашуунун Тиркемесине оњдоолор Тараптардын авиациялыкбийликтеринин ортосунда түздөн-түз макулдашылышы мүмкүн. (3) Эл аралык аба транспортуна тиешелүү жана эки Тараптын ортосун-дагы карым-катнаштарга таасирин тийгизген жалпы көп тараптуу конвенциякүчүнө кирген учурда, андай көп тараптуу конвенциянын жоболоруна ылайыккелтирүү үчүн бул Макулдашууга оњдоолор киргизилүүгө тийиш. 20-статья. Талаштарды чечүү (1) Тараптардын ортосунда ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдону-уга байланыштуу талаш маселе чыккан учурда, Тараптардын авиациялык бий-ликтери аларды адегенде сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө аракеттенүүгөтийиш. Эгерде авиациялык бийликтер макулдашууга жетишпесе, талаш дипло-матиялык каналдар аркылуу чечилүүгө тийиш. (2) Эгерде талаш жогорудагы 1-пунктка ылайык чечилбесе, Тараптар-дын биринин өтүнүчү боюнча талаш үч арбитрден турган бейтарап сотко бе-рилет. (3) Мындай арбитрдик сот төмөнкүдөй түзүлүүгө тийиш ad hoc: а) ар бир Тарап бирден арбитр дайындайт; Ь) Тараптар макулдашуу боюнча үчүнчү арбитрди дайындашат жана буларбитр үчүнчү мамлекеттин жараны болууга тийиш жана бейтарап соттунтөрагасы катары чыгат; с) Мындай арбитрлер Тараптардын бири талашты арбитраждык сотко ка-роого берүүнү каалагандыгы тууралуу экинчи Тарапка дипломатиялык каналаркылуу кабарлаган күндөн тартып эки (2) айдын ичинде, ал эми төрага -үч (3) айдын ичинде дайындалууга тийиш. (4) Эгер 3-пунктта көрсөтүлгөн мөөнөт сакталбаса жана башка эчкандай тиешелүү макулдашуу болбогон учурда, Тараптардын кайсынысы болсода Эл аралык жарандык авиация уюмунун Кењешинин (ИКАО) Президентин ке-ректүү дайындоолорду жүргүзүү үчүн чакыра алат. Эгерде Президент Тарап-тардын биринин жараны болсо же эгерде ал кандайдырбир башка себептербоюнча бул милдетти аткара албаса, анда аны алмаштыруучу вице-президенткеректүү дайындоону жүргүзүүгө тийиш. (5) Бейтарап сот добуштардын көпчүлүгү менен бүтүмгө келүүгө ти-йиш. Мындай чечимдер Тараптар үчүн милдеттүү болууга тийиш. (6) Ар бир Тарап өзүнүн арбитринин, ошондой эле анын арбитраждыкпроцедурага катышкандагы чыгымдарын төлөйт; ал эми төраганын чыгымдарынжана бардык башка чыгымдарды Тараптар тењ төлөшөт. Калган бардык масе-лелер боюнча бейтарап сот өз процедураларын өзү аныктоого тийиш. 21-статья. ИКАОдо каттоо Бул Макулдашуу жана анын бардык оњдоолору ушул Макулдашуунун19-статьясына ылайык Эл аралык жарандык авиация уюмунда (ИКАОдо) катта-лууга тийиш. 22-статья. Брондоонун автоматташтырылган системалары Тараптар өз аймагынын чектеринде Брондоонун автоматташтырылгансистемасына тийиштүү башка эрежелерге жана милдеттенмелерге ылайыккелүүчү ИКАОнун Брондоонун автоматташтырылган системасын пайдалануунужөнгө салуу боюнча жүрүм-турум кодексин колдонушат. 23-статья. Күчүнө кириши Бул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекетичиндеги процедураларды аткарышканы жөнүндө дипломатиялык ноталарды ал-машкандан кийин дароо күчүнө кирет. Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап убактылуу күчүнө кирет. 24-статья. Колдонуунун токтотулушу (1) Бул Макулдашуу чектелбеген мөөнөткө түзүлдү. (2) Ар бир Тарап ушул Макулдашуунун жарактуулугун токтотуу туура-луу өзүнүн чечими жөнүндө экинчи Тарапка каалаган убакта дипломатиялыкканалдар боюнча жазуу жүзүндө билдирүү жибере алат. Мындай билдирүүошол эле учурда Эл аралык жарандык авиация уюмуна да берилүүгө тийиш.Мындай учурда, эгер эки Тараптын ортосундагы макулдашуу боюнча жаракту-улукту токтотуу тууралуу андай билдирүү тийиштүү мөөнөт бүткөнгө чейинкайрадан алынбаса, ушул Макулдашуу экинчи Тарап билдирүүнү алган күндөнтартып он эки (12) айдын ичинде өз аракетин токтотот. Ушуларды ырастоо үчүн өз Өкмөттөрүнөн ыйгарым укуктуу төмөндөгүлөрушул Макулдашууга кол коюшту. _________ шаарында 200_-жылдын "__" _________ кыргыз, словак, орусжана англис тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттербирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер болгон учурда, англис тилин-деги текст негиз катары колдонулат. Словакия Республикасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Словакия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашы жөнүндө макулдашууга ТИРКЕМЕ Маршруттардын расписаниеси 1-бөлүм Словакия Республикасынын дайындалган авиациялык бийликтери дайын-даган авиакомпаниялар төмөнкүдөй маршруттар боюнча аба катнаштарын ат-карууга укуктуу:-----------------------------------------------------------------------|Словакиядагы |Кыргызстандагы |Ортодогу |Чектен тышкаркы ||пункттар |пункттар |пункттар |пункттар ||---------------|------------------|---------------|------------------||Бардык башка |Бардык башка | - | - || пункттар |пункттар | | |----------------------------------------------------------------------- 2-бөлүм Кыргыз Республикасынын дайындалган авиациялык бийликтери дайында-ган авиакомпаниялар төмөнкүдөй маршруттар боюнча аба катнаштарын атка-рууга укуктуу:-----------------------------------------------------------------------|Кыргызстандагы |Словакиядагы |Ортодогу |Чектен тышкаркы ||пункттар |пункттар |пункттар |пункттар ||---------------|------------------|---------------|------------------||Бардык башка |Бардык башка | - | - || пункттар |пункттар | | |----------------------------------------------------------------------- Эскертүү: Ортодогу пункттар жана сырттагы пункттар Тараптардын авиациялык бий-ликтеринин өз ара макулдашуусу боюнча кийин аныкталышы мүмкүн.