Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 19-июлу №402-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кытай Республикасынын Өкмөтүнүн 30,0 млн. юань жана 70,0млн. юань суммасындагы (жалпы 100,0 млн. юань суммасында)грантынын каражатына сатып алынуучу айыл чарба техникаларынКыргыз Республикасына берүү боюнча Кыргыз РеспубликасынынӨкмөту менен Кытай Республикасынын Өкмөтү 2006-жылдын 10-майында жана 2006-жылдын 1 -июлунда кол коюшкан алмашуукаттарына ылайык кабыл алынган милдеттенмелерди аткаруумаксатында: 1. "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасы жогорудакөрсөтүлгөн грантты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органболуп аныкталсын. 2. "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасы белгиленгентартипте: - келүүчү техникаларды кабыл алууну, аны бажылыктариздөөнү уюштурсун, жайгаштыруу жана сактоо ордунаныктасын; - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайраиштетүү өнөр жай министрлиги менен бирдикте келүүчү айылчарба техникасынын сапаты, саны жана комплектиси боюнчаинспекциялоо жүргүзсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникацияларминистрлиги айыл чарба техникалары жүктөлгөн транспорткаражаттарын чегара жана Кыргыз Республикасынын бүткүлаймагы боюнча аны жеткирүү пунктуна чейин уруксат берүүчүжана башка жыйымдарсыз тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылсын. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жайкомплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов