Редакцияот 22.07.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 22-июлу №407-б           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ    Азык-түлүк  буудай  данын мамлекеттик  резервге  сактоогокоюуну    камсыздоо   жана   базарларда   буудайдын   баасынтурукташтыруу,  айылдык  товар  өндүрүүчүлөргө   мамлекеттикколдоо  көрсөтүү  жана "2006-жылы айыл чарба  өсүмдүктөрүнүнтүшүмүн жыйноону уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы  №470 токтомун аткаруу максатында:      1.  Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат  жанаатаандаштыкты  өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги  бюджеттикссудалар,   чет  өлкөлүк  кредиттер  жана  Япония  Өкмөтүнүнгранттары   боюнча,  жер  салыгы,  камсыздандыруу  взносторубоюнча,  пайдаланылган сугат суусу жана насостук станциялар,жаадырып  сугаруучу агрегаттар керектеген  электр  энергиясыүчүн   өздөрүнүн  карыздарын  төгүү  эсебине   республиканынайылдык  товар  өндүрүүчүлөрү  тапшырган  азык-түлүк  буудайданына бир жумалык мөөнөттө бааны белгилесин.   2.  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттиксатып  алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттикагенттик  жер  салыгы, бюджеттик ссудалар жана  чет  өлкөлүккредиттер боюнча өздөрүнүн карыздарын төлөө эсебине  айылдыктовар  өндүрүүчүлөр тапшырган азык-түлүк буудай данын КыргызРеспубликасынын Монополияга каршы саясат жана  атаандаштыктыөнүктүрүү  боюнча  улуттук агенттиги белгилеген  баа  боюнчасактоого коюуну камсыз кылсын.   3.    Бул   буйруктун   аткарылышын   контролдоо   КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жайкомплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.      Премьер-министр                           Ф.Кулов