Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 22-июлу №408-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Ак-Өлөњ жана Көк-Мойнок айылдарынын жашоочуларынын турмуш дењгээлинжогорулатууда Ысыккөл облусунун Тоњ районундагы Көк-Мойнок айылөкмөтүнө жардам көрсөтүү, Тоњ районунун ирригациялык курулмаларынкалыбына келтирүү жана оњдоо максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги "Кызыл-Омпол" насостук станциясынын басым менен сууберүүчү түтүктөрүн (металл түтүктөр) Кыргыз Республикасынын Айыл, суучарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарбадепартаментинин балансынан: - Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн балансына: диаметри 1020 мм - 1500 м; диаметри 860 мм - 550 м; диаметри 720 мм - 3450 м; - Ысыккөл суу чарба бассейн башкармалыгынын балансына: диаметри 1020 мм - 1500 м; диаметри 860 мм - 550 м; диаметри 720 мм - 3450 м түтүктөрүн акысыз өткөрүп берсин. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик комитети: - Ысыккөл облусунун Тоњ районундагы "Кызыл-Омпол" насостукстанциясынын ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн басым менен сууберүүчү түтүктөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгентартипте сатсын; - көрсөтүлгөн басым менен суу берүүчү түтүктөрдү сатуудан түшкөнакча каражаттарын социалдык инфраструктура объекттерин калыбынакелтирүү үчүн Ысыккөл облусунун Тоњ районунун Көк-Мойнок айылөкмөтүнүн алыш-бериш эсебине жана Суу чарба департаментинин балансындатурган Тоњ районунун ирригациялык курулмаларын калыбына келтирүүгөжана оњдоого пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарбажана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментининЫсыккөл суу чарба бассейндик башкармалыгынын атайын эсебине которсун. 3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин Суу чарба департаменти: - Тоњ районунун "Кызыл-Омпол" насостук станциясынынгидромеханикалык жабдууларын Ысыккөл облусунун башка насостукстанцияларында багыты боюнча пайдалансын; - басым менен суу берүүчү суу түтүктөрүн сатуудан түшкөн жана Тоњрайонунун ирригациялык курулмаларын калыбына келтирүүгө жана оњдоогобагытталган акча каражаттарын максаттуу пайдаланууга контролдуктукамсыз кылсын. 4. Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясы басым менен сууберүүчү суу түтүктөрүн сатуудан түшкөн жана социалдык инфраструктураобъекттерин калыбына келтирүүгө багытталган акча каражаттарынмаксаттуу пайдалануу үчүн контролдукту камсыз кылсын. 5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайраиштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов