Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 3-августу №433-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Тажикстан Республикасынын Хатлон облусунун жертитирөөдөн жапа чеккен калкына гуманитардык жардам көрсөтүүмаксатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттиксатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттикагенттик 10 тонна унду, 43 156 банка эт консервасын брондончыгарсын жана Тажикстан Республикасынын жапа чеккен калкынажеткирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдарминистрлигине берсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигитөмөнкү материалдык каражаттарды белгиленген тартиптечогултсун жана жеткирүүнү уюштурсун: - шифер - 3000 такта; - ДВП - 8000 кв. м; - эт консервасы - 43156 банка; - 1 сорттогу ун - 10 тонна. 3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансыминистрлиги 2006-жылдын бекитилген бюджетинин каражаттарынынэсебинен: - Тажикстан Республикасына гуманитардык жардамжеткирүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчөкырдаалдар министрлигине зарыл акча каражатын бөлсүн; - ушул буйруктун 2-пунктуна ылайык брондон чыгарылганматериалдык баалуулуктарды толуктоо үчүн КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алууларжана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиккеакча каражатын бөлсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттикбажы инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматыгуманитардык жардамды жеткирүүдө Кыргыз РеспубликасынынӨзгөчө кырдаалдар министрлигине көмөк көрсөтүшсүн. 5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуужана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов