Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 16-августу № 451-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Электр байланышынын сапатын жакшыртуу, Кыргыз Республикасындаазыркы учурдагы маалыматтык инфраструктураларды түзүүнүн, аны эл аралыкмаалыматтык тармакка жана системага интеграциялоонун негизинде жаран-дардын, мамлекеттик башкаруу органдарынын маалыматтык муктаждыктарынканааттандыруу үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле тармактыөнүктүрүүгө стратегиялык инвесторлорду тартуу максатында жана "Кыргыз-телеком" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "Кыргызтелеком" ААКы)иштешинин натыйжалуулугун камсыздоо зарылдыгына байланыштуу, "КыргызРеспубликасында чет өлкөлүк инвестициялар жөнүндө", "Кыргыз Республика-сында концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" жана "Электржана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетек-чиликке алуу менен: 1. "Кыргызтелеком" ААКын андан ары натыйжалуу өнүктүрүү маселесиниликтөө боюнча тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык комиссиятүзүлсүн. 2. Комиссия 2006-жылдын 25-августуна чейинки мөөнөттө: - "Кыргызтелеком" ААКын андан ары өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй вариант-тарын кароочу маселелерин изилдесин: сатуу; концессияга берүү; ишенимдүү башкарууга берүү; инвестор менен биргелешкен ишкана түзүү; - изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөтиешелүү сунуш киргизсин. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-августундагы № 451-б буйругуна тиркеме "Кыргызтелеком" ААКын андан ары натыйжалуу өнүктүрүү маселесин иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ Жолдошев Н.Б. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- паратынын курулуш, транспортту жана коммуника- цияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, комиссия- нын төрагасы; Бейшенов Ж.С. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуни- кациялар министри, комиссиянын төрагасынын орун басары. Комиссия мүчөлөрү: Абдрахманов С.С. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- паратынын юридика бөлүмүнүн башчысы; Мамыров Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы; Абдылдаев Б.Т. - Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу өкүлү; Дикамбаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин статс-катчысы; Бакиров С.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү баш- каруу боюнча мамлекеттик комитетинин статс-кат- чысы; Николаев Н.Ф. - Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агент- тигинин статс-катчысы (макулдашуу боюнча); Мамбеталиев М.М. - "Кыргызтелеком" ААКынын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Живоглядов В.П. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академи- ясынын академиги; Бримкулов У.Н. - Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын интеграция институтунун "Кыргыз-Америка Интернет факультетинин" деканы (макулдашуу боюнча); Тагаев Б. - "Winline" жоопкерчилиги чектелген коомунун ди- ректору (макулдашуу боюнча); Айдралиев А.О. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуни- кациялар министрлигинин башкармалыгынын началь- ниги, комиссиянын жооптуу катчысы. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат Жетекчиси - министр Т.Коеналиев