Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 23-августу № 466-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик чегара аркылуу өткөрүү пункттарыжөнүндө 2004-жылдын 24-июлундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толук-тоолорду киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору принциптүүэмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жактырыл-сын. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик чегара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө 2004-жылдын 24-июлундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик чегара аркылуу өткөрүү пункттарыжөнүндө 2004-жылдын 24-июлундагы макулдашуунун (мындан ары - Макулда-шуу) 6 жана 10-статьяларын жетекчиликке алып, төмөнкү тууралуу макулдашты: бул Протоколдун тиркемесине ылайык Макулдашуунун тиркемесине (тир-келет) толуктоо киргизилет. Бул Протокол Макулдашуунун ажыратылгыз бөлүгү болуп эсептелет жанаМакулдашуунун 12-статьясына ылайык күчүнө кирет. ____________ шаарында 2006-жылдын "__" ___________ эки нускада, арбири кыргыз, өзбек, жана орус тилинде түзүлдү, мында бардык тексттербирдей күчкө ээ. Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик чегара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө 2004-жылдын 24-июлундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколго тиркеме -----------------------------------------------------------------------|Кыргыз |Кыргыз |Өзбекстан |Өзбекстан |Өткөрүү |Иштөө ||Республика-|Республика-|Республика-|Республика-|пунктунун |режими ||сынын |сындагы |сынын |сындагы |статусу | ||өткөрүү |жайгашкан |өткөрүү |жайгашкан | | ||пунктунун |жери |пунктунун |жери | | ||аталышы | |аталышы | | | ||-----------|-----------|-----------|-----------|-----------|---------||Карасуу- |Ош облусу, |Карасув- |Анжиян |Эки |Күндүз ||автожолу |Карасуу |автожолу |облусу, |тараптуу | || |району | |Кургантепи | | || | | |району | | |-----------------------------------------------------------------------