Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 5-ноябрындагы № 577-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2006-жылдын 23-августу № 463-б
"Агробизнес жана маркетинг" долбоорунун чектеринде "Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-ноябрындагы № 873 токтомуна ылайык түзүлгөн Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун ишин камсыздоо максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 24-январындагы № 39-б буйругу менен бекитилген Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун Байкоочу кеңешинин (мындан ары - Кеңеш) курамына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- Кеңештин курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Жээнбеков А.Ш. - "Жер-Азыгы" Кыргызстан агробизнесмендер ассоциациясынын Директорлор кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Дикамбаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин статс-катчысы;
Кулов Т.А. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары;
- Кеңештин курамынан К.Ж.Жүзүмалиев, Э.Т.Төрөмырзаев, Б.Ж.Байтемиров чыгарылсын;
- 1-пунктта "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министринин биринчи орун басары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин статс-катчысы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр
| Ф.Кулов |
|
|