Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 25-августу № 472-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасы менен Польша Республикасынын кызматташтыгынчыњдоо жана кењейтүү максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашуунундолбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги-нин статс-катчысына жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмесмүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашуу Мындан ары "Макулдашуучу Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү жана Польша Республикасынын Өкмөтү, 1998-жылдын 19-ноябрында Варшава шаарында кол коюлган Польша Рес-публикасынын жана Кыргыз Республикасынын ортосунда достук мамилелердижана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө декларациянын жо-болорун жетекчиликке алып, Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттери катышкан эл аралык келишим-дердин экономикалык кызматташтык жагындагы жоболорун эске алып, Польша Республикасынын Европалык Союзга мүчөлүгүн эске алып, Кыргыз Республикасы менен Польша Республикасынын ортосундагы эко-номикалык мамилелерди мындан аркы бекемдөө жана өнүктүрүү максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты: 1-статья. 1. Макулдашуучу Тараптар тараптардын мамлекеттеринин улуттук мый-замдарына ылайык өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыктыөнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт. 2. Ушул Макулдашуунун чегинде ишке ашырылчу кызматташтыктөмөнкүлөргө багытталат: - экономикалык потенциалды эки тараптуу экономикалык мамилелердибекемдөө үчүн пайдаланууга, - эки тараптуу экономикалык мамилелерди, тактап айтканда экономи-калык иш чараларды инвестициялоо, инновациялоо жана каржылоо чөйрөсүндөургаалдаштырууга. 2-статья. 1-статьяда айтылган кызматташтык төмөнкүдөй жолдор менен ишкеашат: - Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин чарба субъектилерининортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү; - Макулдашуучу Тараптардын бир мамлекетинин чарба субъекттерининМакулдашуучу Тараптардын башка мамлекетинин аймагында объектилерди дол-боорлошу, курушу, реконструкциялашы, ошондой эле технологиялык модерни-зациялашы же Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин аймагында жеүчүнчү мамлекеттердин аймагында биргелешип катышышы; - экономикалык иш чараларды каржылоо, камсыздандыруу жана кепил-диктерди берүү менен байланышкан механизмдерди киргизүү; - сертификациялоо жана стандартизациялоо жагында бири-бирине жар-дам берүү; - Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин чарбалык субъекттеринбириктирүүчү уюмдарынын ортосундагы байланыштарга көмөк көрсөтүү; - Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин, ошондой эле үчүнчүмамлекеттердин аймагында консалтинг, укук, банктык жана техникалык,анын ичинде инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүчүкызматтарды өнүктүрүү; - жармањкелерди, көргөзмөлөрдү, семинарларды уюштуруу жана өткөрүүүчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү; - Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин экономикасын туруктууөнүктүрчү тажрыйбаларды, анын ичинде экономика тармагында делегациялар-ды жана эксперттерди алмашуу; - туризм тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү. 3-статья. 1. Макулдашуучу Тараптардын компетенттүү органдары экономикалыкишмердүүлүктү ишке ашыруучу өкүлчүлүктөрдүн, филиалдардын жана башкамекемелердин түзүлүшүнө жана алардын иштешине көмөк көрсөтүшөт. 2. Экономикалык иш жүргүзүүчү өкүлчүлүктөрдү, филиалдарды жанабашка мекемелерди түзүүнүн жана иш жүргүзүүнүн принциптери аймагында ишжүргүзүлүп жаткан Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдары мененаныкталат. 4-статья. Макулдашуучу Тараптар мамлекеттердин колдонуудагы мыйзамдарынаылайык төмөнкү тармактарда маалыматтарды алмашышат: - экономикалык ишкердүүлүктүн шарттарын, инвестицияны, стандарти-зациялоону, сертификаттоону, лицензия, концессия жана уруксат берүүшарттарын, интеллектуалдык жана өнөр жайлык менчикти, автордук жана аныменен байланыштуу укуктарды коргоо жана өз ара кызыкчылыкты пайда кыл-ган башка чөйрөлөрдү жөнгө салуучу мыйзамдар тармагында; - Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин чарба субъектилерининортосунда жана ошондой эле көргөзмөлөрдү, жармањкелерди, жана экономи-калык миссияларды өткөрүү тармагында контакттарды түзүүгө көмөк көрсө-түүчү иш чаралар жагында. 5-статья. 1. Макулдашуучу Тараптар мындан ары "Комиссия" деп атала тургансоодалык-экономикалык кызматташуу боюнча, Кыргызстандык-Польшалыкөкмөттөр аралык комиссия түзүшөт. 2. Комиссиянын милдеттери төмөнкүдөй, атап айтканда: - экономикалык кызматташуунун абалына мезгилдүү кароо жана баалоожүргүзүү; - экономикалык кызматташууну өнүктүрүүнү чектөөчү проблемалардыидентификациялоо жана аларды жок кылуу максатындагы чараларды сунуштоо; - экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган сунуштардыдаярдоо; - ушул Макулдашууну колдонууга же чечмелөөгө тийиштүү талаш масе-лелерди талкуулоо. 3. Комиссия төрагалар жетектеген кыргыз жана польшалыкбөлүктөрүнөн турат. Макулдашуучу Тараптардын ар бири бөлүктүн төрагасындайындайт. Төраганын ар бири орун басарын жана бөлүктүн катчысын дайын-дайт. Кээ бир маселелерди кароо үчүн Комиссия өзүнүн компетенциясынаылайык жумушчу топторду түзүп, милдеттерин аныктай алат. 4. Комиссиянын жыйыны зарылдыгына жараша бир жылда бир жолудан кемэмес, Польша Республикасында жана Кыргыз Республикасында кезек мененөткөрүлөт. Ар бир төраганын демилгеси боюнча Комиссиянын кезексиз жыйы-ны өткөрүлүшү же төрагалардын жолугушуусу демилгелениши мүмкүн. Бөлүктөрдүн төрагалары Комиссиянын кезектеги жыйынын чакыруу масе-лесин жана анын күн тартибин каралып жаткан жыйынды өткөрүүдөн бир аймурун өз ара макулдашышат. Төрагалардын макулдугу менен күн тартибинемурдатан каралбаган маселелер киргизилиши мүмкүн. Комиссиянын жыйынындаар бир бөлүк өзүнүн каалоосу боюнча кењешчилерди жана эксперттерди ча-кыра алат. 5. Комиссиянын жыйыны поляк, орус жана кыргыз тилдеринде протоколменен таризделет. 6. Комиссиянын жыйындарынын аралыгындагы мезгилдеги иштерге байла-ныштуу маселелерди жумуш тартибинде Комиссиянын төрагалары же алардынтапшырмалары боюнча алардын орун басарлары жана катчылары талкуулашат. 7. Комиссиянын ишинин жүрүшү ал бекиткен регламент менен аныкта-лат. 6-статья. 1. Бул Макулдашуунун Жоболору Макулдашуучу Тараптардын Польша Рес-публикасы жана Кыргыз Республикасы мүчөлөрү болгон эл аралык келишим-дерден, жана ошондой эле эл аралык уюмдарда мүчөлүктөрүнөн улам пайдаболгон укуктарына жана милдеттерине тиешеси болбойт. 2. 1995-жылдын 9-февралында Брюссель шаарында кол коюлган, биринчитараптан Европалык коомчулук жана ага мүчө мамлекеттер менен экинчи та-раптан Кыргыз Республикасынын ортосундагы өнөктүктү түзүүчү Өнөктөштүкжана кызматташтык жөнүндө Макулдашуу андан кийинки бардык өзгөртүүлөрүжана толуктоолору менен ушул Макулдашуу жөнгө салуучу маселелерге кара-та артыкчылык күчкө ээ. 3. Бул Макулдашуунун Жоболору Польша Республикасынын Европалык Со-юздагы мүчөлүгүнөн пайда болгон укуктарына жана милдеттерине тиешесиболбойт. 7-статья. 1. Бул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин ичиндеанын күчкө киришине керектүү жол-жоболор аткарылганы тууралуу жазуутүрүндөгү акыркы билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет. 2. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Макулдашуучу Та-раптардын бири Макулдашуучу башка Тараптан Макулдашуунун жарактуулугунтоктотуу тууралуу жазуу түрүндө билдирүүнү алган күндөн тартып алты айбүткөнгө чейин жарактуу болот. 3. Макулдашуучу Тараптар бул Макулдашууга өз ара макулдашуу боюнчаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизиши мүмкүн, алар анын ажырагысбөлүгү болуп эсептелет, өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушулстатьянын биринчи пункту менен каралган тартипте күчүнө кирет. 2006-жылдын "__" ____________ "_____________" эки нускада ар бириполяк, кыргыз, орус тилдеринде түзүлдү, мында баардык тексттер бирдейкүчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо, Макулда-шуучу Тараптар орус тилиндеги текстке таянышат. Польша Республикасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн