Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 25-августу № 471-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Автотранспорт каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, региондук бажыоргандарынын материалдык-техникалык базасын чыњдоо, Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 "Кыргыз Республика-сында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке салуу боюнча ан-дан аркы чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген кызматтык автотранс-порттун санынын лимитине ылайык кызматтык автотранспортту кармоого чы-гымдарды азайтуу максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-пекциясына төмөнкүлөргө уруксат берилсин: - кызматтык автотранспортту № 1 тиркемеге ылайык сатууга; - эксплуатациялоонун белгиленген нормасында иштетилген жана жарак-сыз болгон кызматтык автотранспортту № 2 тиркемеге ылайык эсептен чыга-рууга. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-майындагы № 237буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-пекциясынын балансынан айыл өкмөттөрдүн балансына өткөрүлчү автотранс-порттун тизмесиндеги 9, 10, 11, 15, 16 жана 17-пункттар алып салынсын. 3. Автотранспорт каражаттарды эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасы-нын Экономика жана финансы министрлигинин 2002-жылдын 8-октябрындагы №285-П приказы менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министр-лигинде 2002-жылдын 28-ноябрында катталган (Каттоо номери 151-02) Бюд-жеттик мекемелерде жана уюмдарда жараксыз абалга келген имараттарды,курулмаларды, машиналарды, жабдууларды, транспорт каражаттарды жана не-гизги каражаттарга таандык башка мүлктү эсептен чыгаруунун тартиби жө-нүндө нускаманын талаптарына ылайык ишке ашырылсын. 4. Кызматтык автомашиналарды сатуу Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 "Менчиктештирүү объекттерининнаркын баалоо боюнча методикалык рекомендацияларды бекитүү жөнүндө"токтому менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражат-тарын (номерлүү агрегаттарды) сатуу жана алардын наркын баалоо методи-касы жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылсын. 5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети кызматтык автомашиналарды сатуудан алынган каражаттыреспубликалык бюджетке жиберсин. Премьер-министр Ф.Кулов