Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 28-августу № 479-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 30-майындагы №207 буйругуна ылайык, өзгөчө экологиялык жана эстетикалык баалуу жаны-барлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн сактоо максатында, ошондой эле КыргызРеспубликасынын жарандарынын, чет өлкөлүк саякатчылардын эс алуусунуюштуруу жана салтанаттык иш-чараларды жогорку дењгээлде өткөрүү үчүн: 1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнүкоргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республи-касынын Чүй облусунун Чүй районунун аймагындагы "Шамси-Туюк" мамлекет-тик мергенчилик участогун жана "Шахтын үйү" мергенчилик базасын КыргызРеспубликасынын Президентинин Иш башкармасынын балансына өткөрүп бер-син. 2. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы: - "Шамси-Туюк" мергенчилик участогун тиркемеге ылайык чек арадаКыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына пайдаланууга бер-син; - Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын 1999-жылдын 8-фев-ралындагы № 13 "Чүй облусунун аймагындагы айрым мергенчилик жерлердиЧүй мергенчилик чарбасына жана мергенчилик көзөмөлүнө бекитип берүү жө-нүндө" токтомун ушул буйрукка ылайык келтирсин; - "Шахтын үйү" мергенчилик базасы үчүн аныкталган тартипте жеручастогун бөлүп берсин; - жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздесин,каттасын жана берсин. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Иш башкармасына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов