Кыргыз Ресрубликасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-сентябрындагы №491-б
буйругу менен жактырылган Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Монголиянын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы Дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Монголиянын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик комитети жанаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнчамалекеттик агенттик (мындан ары «Тараптар») дене тарбия жана спорттармагында эки тараптуу кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну,ошондой эле Монголия менен Кыргыз Республикасынын элдеринин ортосундасалт болуп келаткан достукту жана өз ара түшүнүүнү улантуу максатында,төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Тараптар Макулдашуунун түзүлүшү эки өлкөнүн спортсмендеринин жанаэлдеринин ортосунда эки тараптуу мамиленин, өз ара түшүнүшүүнүн жанадостуктун өнүгүшүнө шарт түзөт деп эсептешет. Тараптар өз арасыйлашуунун, тењдиктин жана өз ара пайданын негизинде дене тарбия жанаспорт жаатында кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүү үчүнбардык күч-аракетин жумшашат. 2-статья Тараптар дене тарбия жана спорт тармагына тийиштүү маселелердекызматташтыкты күчөтүүгө, кењешмелерди, семинарларды, конференциялардыөткөрүүгө, маалымат алмашуу үчүн жолугушууларды өткөрүп турууга жанаспорттун ар кайсы түрлөрү боюнча улуттук, аймактык же клубдуккомандалардын ортосундагы тажрыйба алмашуу жолу менен эл аралыкспорттук кызматташууну калыптандыруу жана өнүктүрүү максатындаспорттук федерациялардын иш-аракеттин координациялоого макулдашат. 3-статья Тараптар монгол жана кыргыз спортсмендердин, машыктыруучулардын,спорттук врачтардын жана спорт кыймылынын активистеринин эки өлкөдөтењ өткөрүлүүчү эл аралык мелдештерге катышуусуна көмөк көрсөтөт. 4-статья Тараптар курама командалардын мүчөлөрүнүн спорттук чеберлигинжогорулатуу максатында биргелешкен окутуу-машыктыруучу сабактарды,семинарларды жана башка спорттук иш чараларды өткөрүүгө көмөккөрсөтөт. 5-статья Тараптар элдин, окуган жаштардын, балдардын дене тарбиясынынөнүгүшүнө жана спорттук-ден-соолук чындоо кызматтары менен камсыздоогокөмөк көрсөтөт. 6-статья Тараптар окутуучулардын жана машыктыруучулардын окутулушуна жанаалардын квалификациясын жогорулатууга, илимдик, спорттук жанапедагогикалык кадрларды алмашууга көмөк көрсөтөт. 7-статья Тараптар ар кандай эл аралык уюмдар тарабынан уюштурулгансимпозиумдарга, съезддерге жана семинарларга эки өлкөнүн тењ денетарбия жанан спорт адистеринин катышуусуна көмөк көрсөтөт. 8-статья Тараптар дене тарбия жана спорт, заманбап илимий жана спорттукжабдууларды жана аппаратураларды колдонуу жаатындагы илимий иштепчыгуулар, соњку иштелип чыккан методикалык сунуштар менен алмашуугакөмөк көрсөтөт. 9-статья Тараптар олимпиада кыймылынын принциптерин сактап спорттукбайланыштардын жана кызматташуунун өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт. 10-статья Тараптар дене тарбия жана спорт тармагында учурдагы же пайда болуучутерс маселелерди чечүү максатында өз позицияларын координациялайт. 11-статья Бул Макулдашуунун алкагында адистерди же делегацияларды алмашуудажиберип жаткан Тарап бүт жол чыгымдарын, а кабыл алып жаткан тараптамакка, турак жайга жана өлкөнүн ичиндеги жол кире чыгымдарын мойнунаалат. 12-статья Кызматташууну ийгиликтүү жүзөгө ашыруу максатында Тараптар жыл сайынИш чаралардын пландарынын долбоорлорун алмашышат. 13-статья Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет жана беш жылгажарактуу. Эч бир Тарап анын жарактуулук мөөнөтү бүтөөрдөн алты аймурда экинчи Тарапка ушул Маккулдашуунун жарактуулугун токтотуу ниетижөнүндө кабарлабаса, жарактуулук мөөнөтү кийинки беш жылга өзүнөн өзүузартыла берет. 14-статья Ушул Макулдашуунун мөөнөтү аякташы макулдашылган жана башталган ишчараларга таасири тийбейт. 15-статья Ушул Макулдашуу башка макулдашылган иш чараларды жүзөгө ашыруумүмкүндүгүн четке какпайт. ____________ шаарында 2006-жылдын «___» _______ эки түп нускада арбири кыргыз, монгол, орус жана англис тилдеринде түзүлдү жана бардыктексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун текстин чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсоартыкчылык орус тилиндеги текстке берилет. Кыргыз Республикасынын Монголия РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Дене тарбия Дене тарбия жана спорт боюнчажана спорт боюнча мамлекеттик мамлекеттик комитети агенттик ____________________________ ______________________________