Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-сентябрындагы №490-б
буйругу менен жактырылган Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө макулдашуу Мындан ары "Макулдашуучу тараптар" деп аталуучу КыргызРеспубликасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү, Тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы достук жана бир туугандыкмамилелерди андан ары өнүктүрүү максатында, эки мамлекеттин ортосундагы жарандардын өз ара барып-келүү тартибинжөнгө салуу ниетин жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Макулдашуучу тараптардын ар биринин мамлекетинин жарандары булМакулдашуунун 1 жана 2-тиркемелеринде айтылган жарактуу документтербоюнча жана ушул Макулдашууда каралган шарттардын негизинде экинчиМакулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына кирүүгө, чыгууга, ал аймакаркылуу транзит менен өтүүгө жана убактылуу болууга укуктуу. 2-статья Макулдашуучу тараптардын ар биринин мамлекетинин жарандарынынэкинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына кириши, чыгышы жанатранзит менен өтүшү Макулдашуучу тараптардын мамлекеттери эл аралыкжүргүнчүлүк каттоолор үчүн ачкан өткөрүү пункттары аркылуу ишкеашырылат. Мамлекеттик чегараны кесип өтүүдө Макулдашуучу тараптардынмамлекеттеринин жарандары Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеритарабынан белгиленген эрежелерге жана улуттук мыйзамдарга ылайыкбардык керектүү жол-жоболорду аткарышат. 3-статья Макулдашуучу тараптардын ар биринин мамлекетинин жарактуудипломатиялык, атайын кызматтык жана кызматтык паспорттордун ээлериболгон жарандары экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагынавиза ачуусуз киришет, чыгышат жана транзит менен өтүшөт. Мында алардынаймакта болуу мөөнөтү алты айдын ичинде мамлекеттик чегараны кесипөткөн учурдан тартып токсон күндөн ашпоого тийиш. Мамлекеттинаймагында болуу убактысы 90 күндүк мөөнөттөн ашып кете турган болсо,анда Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин дипломатиялык/консулдукмекемелеринде тиешелүү визалар акысыз негизде күн мурунтаналынууга тийиш. Эгерде Макулдашуучу тараптардын Тышкы иштер министрликтерининөтүнүчтөрү бар болсо, анда эки тараптуу кызматташуунун алкагындагыконференцияларга, семинарларга, стажировкаларга ж. б. жөнөтүлүп жатканМакулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин министрликтеринин жанаведомстволорунун кызматкерлерине аталган иш-чаралардын мөөнөтүнөвизалар акысыз негизде берилет. 4-статья 1. Дипломатиялык, атайын кызматтык жана кызматтык паспортторго ээболгон жана экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагындааккредиттелген өздөрүнүн дипломатиялык жана консулдук мекемелеринин жеэл аралык уюмдар алдындагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери болгонбиринчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин жарандарына бүткүл ишмөөнөтүнө көп жолку визалар акысыз негизде берилет. 2. Бул статьянын 1-пунктунун жоболору анда айтылган адамдардындипломатиялык, атайын кызматтык, кызматтык жана жалпы жарандыкпаспортторго ээ болгон үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы колдонулат. 3. Макулдашуучу тараптар аккредиттелген адамдар жөнүндө бири-биринедипломатиялык каналдар боюнча жазуу түрүндө маалымдашат. 5-статья Ушул Макулдашуунун 1 жана 2-тиркемелеринде белгиленген документтербоюнча визасыз кирүү тартиби төмөнкүлөр үчүн сакталат: 1) Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин жарандык авиацияларынынаба кемелеринин экипаж мүчөлөрү үчүн - генералдык декларациядатиешелүү жазуу болгон учурда улуттук паспорттор боюнча. Экипаж мүчөлөрү алмашылса, ооруп калса, кеме бузулса, ошондой элеаба ырайына байланыштуу себептер боюнча кечигүү болсо, визасыз режимсакталат; 2) Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин мамлекеттик жанаөкмөттүк расмий делегация мүчөлөрү жана аларды коштоп жүргөн адамдарүчүн - өлкөдө болуу мөөнөтүнө. Бул адамдардын тизмеси дипломатиялык каналдар боюнча алдын-алажөнөтүлөт. 6-статья Бул Макулдашуунун 3, 4 жана 5-статьяларынын күчү колдонулбаган, башка чыныгы жолдо жүрүү документтерине ээ болгон Макулдашуучутараптардын биринин мамлекетинин жарандары экинчи Макулдашуучутараптын мамлекетинин аймагына кирүү, чыгуу жана ал аймак аркылуутранзит менен өтүү үчүн визаларды күн мурунтан Макулдашуучутараптардын мамлекеттеринин дипломатиялык/консулдук мекемелеринде булмамлекеттердин улуттук мыйзамдарына ылайык тариздөөгө тийиш. 7-статья Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин ишкердик жүргүзгөнжарандарына, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө ТүркияРеспубликасынын Соода-өнөржай палатасынан жана Кыргыз РеспубликасынынТышкы иштер министрлигинен тиешелүү документ алгандан кийин 90 күнгөчейин өлкөнүн аймагында болууга укук берүүчү 6 ай мөөнөттүк көп жолкувизалар берилет. 8-статья Экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына билим алуумаксатында жөнөгөн Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекетининжарандарына бир жыл мөөнөткө чейин жарактуу визалар чет элдикстуденттерди окууга чакырууга лицензиясы бар билим берүүмекемелерининен алынган расмий өтүнүчтөрдүн негизинде акысыз негиздеберилет. Жогоруда аталган адамдардын мамлекеттин аймагында андан ары болуумөөнөттөрүн узартуу жол-жоболору билим берүүчү мекеменинтастыктамасынын негизинде жана Макулдашуучу тараптардынмамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык акысыз ишке ашырылат. 9-статья 1. Экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында эмгекишкердигин жүргүзгөн Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекетининжарандарына визалар Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин улуттукмыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу ведомство тарабынан, эмгекишкердигин жүргүзүүгө укук берүүчү уруксаттын бүткүл жарактуумөөнөтүнө берилет. Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында алты айданкем эмес убакыт болууга уруксаты бар Макулдашуучу тараптардынмамлекеттеринин жарандарынын биринчи жана экинчи категориядагы (жакын)туугандарына кирүү визаларын Макулдашуучу тараптар жогоруда аталганжарандардын нотариуста күбөлөндүрүлгөн чакырууларынын негизиндеберишет. 2. Автомобиль менен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү эл аралык ташуунужүргүзгөн айдоочуларга - Макулдашуучу тараптардын мамлекеттерининжарандарына өлкөнүн аймагында 90 күнгө чейин болууга укук берүүчү 6ай мөөнөттүк көп жолку визалар берилет. 10-статья Экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына туризммаксатында кирген (жеке түрдө же топтун курамында), тиешелүү уруксаткаээ болгон туристтик фирма тарабынан белгиленген тартипте таризделгенМакулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин биринин жарандарына визаларотуз күндүк мөөнөткө берилет. Жогоруда аталган адамдарды өлкөнүн аймагына киргизүү жана чыгаруутартиби үчүн жоопкерчилик Макулдашуучу тараптардын мамлекеттерининулуттук мыйзамдарына ылайык чакырып жаткан туристтик уюмдаргажүктөлөт. 11-статья Берилген визалар үчүн консулдук жана иш жүзүндөгү жыйымдардынтарифтери Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин улуттукмыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. 12-статья 1. Макулдашуучу тараптардын ар бири кабыл алынган чечимдинсебептерин көрсөтпөстөн, экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетининжарандарын өзүнүн аймагына киргизүүдөн баш тартууга же алардын аймактаболуу мөөнөтүн чектөөгө укуктуу. 2. Макулдашуучу тараптардын ар бири өзгөчө учурларда (эпидемия,эпизоотия, табигый кырсык болгондо, ошондой эле улуттук коопсуздуктукамсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо жана калктын ден соолугун коргооүчүн) бул Макулдашуунун кээ бир жоболорунун колдонулушун толук жежарым-жартылай убактылуу токтото алат. Мындай чаралардын колдонулушу жана токтотулушу жөнүндө Макулдашуучутараптар бири-бирине алдын-ала, бирок чечим кабыл алынган учурдантартып 72 сааттан кеч эмес дипломатиялык каналдар аркылуу билдиришет. 13-статья 1. Макулдашуучу тараптар бул Макулдашууга кол коюлгандан кийин 30күндүн ичинде ушул Макулдашуунун 1 жана 2-тиркемелеринде белгиленгенбардык жарактуу документтердин үлгүлөрүн дипломатиялык каналдараркылуу алмашат. 2. Эгерде Макулдашуучу тараптардын бири ушул статьянын 1-пунктундаэскертилген жарактуу документтерге өзгөртүүлөрдү киргизсе же жањыдокументтерди киргизсе, анда ал мындай документтер күчүнө киргенгечейин 60 күндөн кеч эмес убакта документтердин үлгүлөрүн экинчиМакулдашуучу тарапка жөнөтөт. 14-статья Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө же колдонуу боюнча талаш-тартыштар пайда болгон учурда Макулдашуучу тараптар алардыкењешмелерди өткөрүү жолу менен же дипломатиялык каналдар аркылуучечишет. 15-статья Макулдашуучу тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашуугаөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушулМакулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган атайын протоколдор менентаризделет. 16-статья Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттикички жол-жоболорду Макулдашуучу тараптар аткаргандыгы жөнүндө акыркыжазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашуу күчүнө кирген учурдан тартып "Кыргыз РеспубликасынынТышкы иштер министрлиги менен Түркия Республикасынын Тышкы иштерминистрлигинин ортосундагы визаларды алып таштоо жөнүндө" 1992-жылдын3-мартында ноталарды алмашуу жолу менен түзүлгөн Макулдашуу өз күчүнжоготот. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Макулдашуучутараптардын бири бул Макулдашуунун колдонулушун токтотууга ниетижөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн экинчи Макулдашуучу тарапкажөнөткөн күндөн тартып 6 ай өткөнгө чейин өз күчүндө кала берет. Анкара шаарында 2006-жылдын "__" сентябрында кыргыз, орус, түркжана англис тилдеринде түзүлдү. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайдаболгон учурда англис тилиндеги текст негиз катары алынат. Кыргыз Республикасынын Түркия РеспубликасынынӨкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө макулдашууга № 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын жарандарынын Түркия Республикасынын аймагына кириши, чыгышы, транзит менен өтүшү жана ал аймакта болушу үчүн документтердин тизмеси 1. Дипломатиялык паспорт.2. Кызматтык паспорт,3. Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту.4. Аба кемесинин экипаж мүчөсүнүн учуу күбөлүгү (экипаждын курамында жүрүү убактысында).5. Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгү (Кыргыз Республикасына гана кайтып келүү үчүн). Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө макулдашууга № 2-тиркеме Түркия Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кириши, чыгышы, транзит менен өтүшү жана ал аймакта болушу үчүн документтердин тизмеси 1. Дипломатиялык паспорт.2. Атайын кызматтык паспорт.3. Кызматтык паспорт.4. Түркия Республикасынын жалпы жарандык паспорту.5. Аба кемесинин экипаж мүчөсүнүн учуу күбөлүгү (экипаждын курамында жүрүү убактысында).6. Түркия Республикасына кайтып келүү үчүн жолдо жүрүү документи (Түркия Республикасына гана кайтып келүү үчүн).