Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 30-августу № 483-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын чарбалык субъектилеринин кампаларында то-вардык запастардын кыскарышы боюнча иштерди активдештирүү, алардын фи-нансылык абалын жакшыртуу, жүгүртүлүшүн тездетүү жана жүгүртүлүүчү ка-ражаттар менен толуктоо максатында: 1. Кыргыз Республикасынын товар өндүрүүчүлөрүнө 2006-жылдын 1-ян-варына карата даяр азыктардын жана товарлардын калдыктарын (2005-жылдын1-январына чейин чыгарылган), 2007-жылдын 1-январына чейин өз баасынантөмөн баада сатууга уруксат берилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Салык инспекциясы даяразыктардын жана товарлардын калдыктарын сатуудан түшкөн каражаттаргасалык салууда ушул буйрукту жетекчиликке алсын. 3. Ишканалардын жетекчилерине суроо-талаптарды изилдөө боюнча мар-кетинг кызматынын ишин күчөтүү, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүнилгерилешин камсыздоочу дилердик тармактарды активдүү түзүү сунуштал-сын. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-сентябрындагы №421-6
буйругу күчүн жоготту деп табылсын. 5. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨнөр жай, соода жана туризм министрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов