Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 6-августу № 137 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Ялта шаарында 2003-жылдын 18-сентябрында кол коюлган Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобиль жүк ташуулары жагынан өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралу 2005-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. Ялта шаарында 2003-жылдын 18-сентябрында кол коюлган Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобиль жүк ташуулары жагынан өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсө-түлгөн Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Көз-карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин аткаруу комитетине билдирсин. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев