Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 18-сентябрындагы №528-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамындагы кадрдыкөзгөрүүлөргө байланыштуу: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 99-6 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - эксперттик топтун курамына Кыргыз РеспубликасынынТранспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы«Кыргызтемиржолкурулуш» магистралдык темир жолдордудолбоорлоо жана куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкыдиректорунун орун басары К.И.Раимкулов киргизилсин; - көрсөтүлгөн эксперттик топтун курамынан Ф.Ю.Гатаулинчыгарылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 100-6 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүкиргизилсин: - Кытай-Кыргыз-Өзбек темир жол магистралын куруу боюнчабиргелешкен изилдөөлөрдү жана долбоордук иштерди жүргүзүүбоюнча эксперттик топтордун иштерин координациялоочу үчтараптуу биргелешкен жумушчу комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүнкурамына төмөнкүлөр киргизилсин: Д.Т.Үсөнов-Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы; С.С.Абдрахманов-Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын юридика бөлүмүнүн башчысы; - көрсөтүлгөн комиссиянын курамынан М.Т.Керимкулов жанаА.Ж.Орозбаева чыгарылсын. Премьер-министр Ф.Кулов