Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2006-жылдын 22-сентябры №544-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ІЙІ Сел агымдарынын жүрүшүнүн натыйжасында жабыр тарткан Жалалабатоблусунун Сузак районунун тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүүмаксатында, «Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө» КыргызРеспубликасынын
Мыйзамынын 3-статьясына ылайык: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алууларжана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик мамлекеттикрезервден төмөнкү товардык материалдык баалуулуктарды төмөнкүдөй өлчөмдөброндон чыгарсын жана берсин: ун - 10 тонна; эт консервалары - 920 банка; кийиз жабуулары менен боз үйлөр - 6 комплект; флягалар - 60 даана. 2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалалабатоблусунун Сузак районунун тургундарына гуманитардык жардамдын жеткирилишинуюштурсун, 3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги КыргызРеспубликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жанаматериалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2006-жылга бекитилгенбюджетинин каражаттарынын эсебинен гуманитардык жардамды жеткирүү жанамамлекеттик резервдин ушул буйруктун 1-пунктунда аталган товардыкматериалдык баалуулуктарынын запастарын толуктоо үчүн акча каражат бөлсүн. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына жанакоргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов