Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы N 689-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 20-сентябры N 538-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. "Карасу-Ак-Тилек" жана "Айша бүбү-Чоњ-Капка" чегара жанындагыкызматташуунун эл аралык борборлорун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы алкак-тык макулдашуунун долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министринепринциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүукугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан аталган Макулдашуу-нун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов Долбоор "Карасу-Ак-Тилек" жана "Айша бүбү-Чоњ-Капка" чегара жанындагы кызматташуунун эл аралык борборлорун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы АЛКАКТЫК МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Казакстан Республикасынын Өкмөтү, Тараптардын мамлекеттеринин эгемендүүлүгүн жана аймактыкбүтүндүгүн урматташып, атаандашууга жөндөмдүүлүктү жогорулатууга көмөк көрсөтүүчү ишкер-дик жана инвестициялык чөйрөнү түзүү зарылдыгына ишенишип, эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү максатында өз ара пайдакөрүү принцибин жетекчиликке алышып, чегара жанындагы сооданы жана Тараптардын мамлекеттеринин чегаражанындагы чектеш аймактарынын экономикасын өнүктүрүүгө, базарлардыкалктын ар кандай катмарларынын талаптарын канааттандыруучу товарларменен камсыз кылууга умтулушуп, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. 1. Тараптар тиркемеге ылайык чегарадан өткөрүү пункттарынын жанын-да Тараптардын мамлекеттери тарабынан бөлүнгөн чектеш аймактарда "Кара-су-Ак-Тилек" жана "Айша бүбү-Чоњ-Капка" чегара жанындагы кызматташуунунэл аралык борборлорун (мындан кийин - Борборлор) түзүшөт. 2. Борборлордун казак тарап бөлүгү Казакстан Республикасынын юрис-дикциясынын алдында болот да, ал жерде Казакстан Республикасынын мый-замдары колдонулат, ал эми Борборлордун кыргыз тарап бөлүгү Кыргыз Рес-публикасынын юрисдикциясынын алдында болот да, ал жерде Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдары колдонулат. Борборлордогу чарбалык ишмердүүлүктүн кайсы гана түрлөрү болбосуналар кайсы мамлекеттин аймагында ишке ашырылса, ошол мамлекеттин улут-тук мыйзамдарында каралган талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. 3. Чегара жанындагы райондордун экономикасын жана соодасынөнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган Борборлордогу бажы, салык са-луу жана башка чөйрөлөрдөгү жагымдуу чаралар, адамдардын өтүшү үчүн жа-гымдуу шарттарды түзүү боюнча тартиптер, ошондой эле Борборлордун кыр-гыз жана казак бөлүктөрүнүн жайгашуу аянттары, аймактардын чегаралары,схемалары Тараптардын ортосунда өзүнчө Макулдашууларды түзүү жолу мененкошумча макулдашылат жана аныкталат. 2-статья. Борборлордун кыргыз жана казак бөлүктөрүн куруу жана өздөштүрүүТараптардын ар биринин мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайыканыкталган кызыгдар уюмдар аркылуу жүргүзүлөт. 3-статья. Борборлордун аймактарынын чектеринде Тараптардын мамлекеттерининмамлекеттик чегарасы аркылуу адамдардын, товарлардын жана унаа каражат-тарынын өтүүсүнө контроль жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн Тараптардын мам-лекеттеринин чегаралык, бажылык, унаа, инспекциялык-карантиндик, сани-тардык-эпидемиологиялык контроль жаатындагы кызыгдар органдары жанабашка органдары Тараптардын ар биринин мамлекеттеринин улуттук мыйзам-дарына ылайык Борборлордун өздөрүнө тийиштүү бөлүктөрүндө контрольжүргүзүшөт, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту коргоону камсызкылышат. 4-статья. Борборлордун аймактарында үчүнчү өлкөлөрдүн ишканалары тарабынанинвестициялык ишмердүүлүк жүргүзүлүшү мүмкүн. Борборлордун аймактарында болгон укук бузуулар (бажылык, салыктык,инспекциялык-карантиндик, санитардык-эпидемиологиялык, административ-дик, кылмыш-жаза жана башкалар) кайсы өлкөнүн аймагында болуп өтсө,ошол мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык каралат. Тараптар экономикалык укук бузуулардын алдын ала алуу боюнча чара-ларды көрүшөт, кылмыштуулук менен күрөшүү маселелери боюнча өз ара ара-кеттенишет, кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнчатериштирүүнү жүргүзүүдө бири-бирине көмөк көрсөтүшөт. 5-статья. Ушул Алкактык макулдашууга ылайык Тараптар Борборлорду түзүү жанажөнгө салуу боюнча башка режимдерди жана айкын эрежелерди макулдашатжана аларды эки Тарап үчүн алгылыктуу юридикалык формада бекитишет. 6-статья. Бул Алкактык макулдашуу Тараптардын алар катышуучулары болгон баш-ка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу укуктарына жана милдеттеринезыян келтирбейт. 7-статья. Бул Алкактык макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонуудакайчы пикирлер келип чыкканда Тараптар аларды сүйлөшүү жолу менен чечи-шет. 8-статья. Зарыл учурда Тараптардын өз-ара макулдугу боюнча бул Алкактык ма-кулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушулАлкактык макулдашуунун ажырагыс бөлүктөрү болгон өзүнчө Протоколдор ме-нен таризделет. 9-статья. Бул Алкактык макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мам-лекет ичиндеги жол жоболорду Тараптардын аткаргандыгы тууралуу жазуутүрүндө акыркы билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Алкактык макулдашуу чексиз мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардынбири экинчи Тарапка ушул макулдашуунун колдонулушунун кезектеги мөөнөтүбүткөнгө чейин кеминде алты ай мурда аны токтотуу тууралуу ниетин дип-ломаттык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө билдиргенге чейин күчүндө калаберет. ___________ шаарында 2006-жылдын "__" ________ эки түп нускада арбири кыргыз, казак, орус тилдеринде түзүлдү, мында баардык тексттербирдей күчкө ээ. Бул Алкактык макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчыпикирлер келип чыккан учурда орус тилиндеги текстке артыкчылык берилет. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн "Карасу-Ак-Тилек" жана "Айша бүбү-Чоњ-Капка" чегара жанындагы кызматташуунун эл аралык борборлорун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы алкактык макулдашууга тиркеме Чегара жанындагы кызматташтыктын эл аралык борборлорунун жайгашкан орду 1. Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Жамбыл районунун"Айша бүбү" жана Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун"Чоњ-Капка" мамлекеттик чегаралары аркылуу өткөрүү пункттарынын айма-гында. 2. Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Кордай районунун"Карасу" жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысыката районундагы"Ак-Тилек" мамлекеттик чегаралары аркылуу өткөрүү пункттарынын аймагын-да.