Бишкек шаары2006-жылдын 16-марты № 77 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Элдик кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жандандыруу, өнүктүрүү жана сактоо жөнүндө 2006-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында элдик көркөм кол өнөрчүлүкөндүрүшүн жандандырууну жана өнүктүрүүнү колдоого алууга багытталган. Элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшү улуттук байлыктын жана КыргызРеспубликасында жашаган калктын элдик чыгармачылыгынын жана маданияты-нын ажырагыс бир формасын туюндурат. Элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүн сактоо, жандандыруу жанаөнүктүрүү мамлекеттик маанилүү маселе болуп саналат. 1-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуучу предмети Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында элдик көркөм колөнөрчүлүк өндүрүшүн жандандыруу, өнүктүрүү жана сактоо жаатындагы мами-лелерди жөнгө салат. Уюштуруучулук-укуктук формаларына жана менчик фор-маларына карабастан элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшү менен алектен-ген жеке жана юридикалык жактар аталган мамилелердин катышуучулары бо-луп саналышат. 2-статья. Элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүн өнүктүрүү жаатындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу Элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүн өнүктүрүү жаатындагы мамиле-лерди укуктук жөнгө салуу мыйзамдуу бекитилген тартипте эл аралык кели-шимдердин күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын жоболо-руна, ушул Мыйзамга жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктукактыларына негизделет. Интеллектуалдык иш объектилерин укуктук коргоого жана пайдалануугатиешелүү элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүш тармагындагы мамилелер Кыр-гыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жөнүндөгү мыйзамы мененжөнгө салынат. 3-статья. Негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөрпайдаланылат: элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүнүн буюмдары - аталганөндүрүштүн салттарына ылайык даярдалган утилитардык же (жана) декора-тивдик багыттагы көркөм буюмдар; элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүнүн чебери - элдик көркөм колөнөрчүлүк өндүрүшүнүн белгилүү буюмдарын анын салттарына ылайык жасаганжана энтамга укугуна ээ жеке жак; элдик чыгармачылык - бул элдин маданий мурасын, жашоо-турмушун,дүйнө таанымын, мүдөөсүн жана сан кылымдык тарыхый тажрыйбанын натыйжа-сында калыптанган улуттук өзүн-өзү ањдоонун формаларын чагылдырган эл-дин чыгармачылык ишинин түрү; элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшү - белгилүү аймакта чеберлердинколу менен адамдын өзү жана рынок үчүн арналган утилитардык жана (же)декоративдик багыттагы көркөм буюмдарды чеберлер кол кызматы жана (же)механизацияны пайдалануу менен элдик чеберчилик салттарды улапөнүктүрүү жана өздөштүрүү салттарынын негизинде ишке ашырган элдик чы-гармачылыктын бир формасы; элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүш буюмдарынын типтүү үлгүлөрү -бекитилген тартипте кайрадан жаратууга дайындалган, анын ичинде чыгар-мачылык вариантташтырууну колдонуу менен даяр буюм, сүрөт (схемалар,типтүү композиция), макеттер (моделдер) катарындагы үлгүлөр; чыгармачылык вариантташтыруу - элдик чыгармачылыктын ачылышынынбир формасы, элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн буюмдарын анын типтүүүлгүлөрүнө салыштырмалуу даярдоонун сапатын жана чыгармачылык дењгээлинтөмөндөтүүгө алып келбеген буюмга пластикалык, орнаменттик, түстүүлүк,композициялык жана башка чыгармачылык өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордукиргизүүнү кайра жаратуунун негизги ыкмасын түшүндүрөт. 4-статья. Элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүн өнүктүрүүнү, жандандырууну жана сактоону мамлекеттик колдоого алуу 1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары Кыргыз Рес-публикасындагы элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жандандыруу,өнүктүрүү жана сактоо үчүн социалдык, экономикалык жана башка зарылшарттарын камсыз кылууга милдеттүү, анын ичинде: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык элдик көркөм колөнөрчүлүк өндүрүшүн кайра жандандыруу, өнүктүрүү жана сактоонун максат-туу программаларын кабыл алышат; элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жандандыруу, өнүктүрүү жанасактоо максатындагы инвестициялык долбоорлордун жүзөгө ашырылышынакөмөктөшөт; элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүш фонддорун түзүүгө көмөктөшөт; элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүш жаатындагы иш-аракеттерди жүзө-гө ашыргандар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүүжењилдиктерди белгилешет; элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүнүн кызматчыларын окутууну, да-ярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылат; Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары жерлерде элдиккөркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүн өнүктүрүүнү пропагандалоону, анын ичиндекөргөзмөлөрдү, конкурстарды, аукциондорду, элдик көркөм кол өнөрчүлүкөндүрүшүнүн буюмдарынын адистештирилген соодасын, ушул багытта сырткыэкономикалык иш-аракеттерди жана эл аралык алмашууларды уюштуруу аркы-луу пропагандалоону жүзөгө ашырат; элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүн өнүктүрүү жаатындагы коммер-циялык эмес уюмдардын ишин колдоого алышат; элдик көркөм кол өнөрчүлүктү сактоо боюнча жана чыгармачыл кызмат-керлер өз иштерин жүзөгө ашырууда чараларды кабыл алышат; элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүн мамлекеттик колдоого алуунунбашка формаларын белгилешет. 2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарына ылайык элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жанданды-руу, өнүктүрүү жана сактоо маселелерин ар тараптан колдоого алууга жаначечүүгө активдүү катышууга милдеттүү. 3. Жалпыга билим берүү уюмдарында каралган "Көркөм өнөр" (баштал-гыч мектеп) жана "Эмгекке үйрөтүү" (5-9-класстар) предметтеринин он па-йыздан кем эмес окутуу сааттары элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүнүйрөтүүгө багытталууга тийиш. Эл чеберлеринин чыгармачыл бирликтери жана мектептер жалпыга билимберүү уюмдарында кесиптик багыт берүү иштерин жүргүзүшөт. 5-статья. Элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшү менен алектенген адамдардын милдети Элдик көркөм өнөрчүлүк өндүрүш салттарын кайра жандандыруу,өнүктүрүү жана сактоо элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшү менен алек-тенген адамдардын негизги милдети болуп саналат. 6-статья. Элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүнүн чебери Элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүшүн чебери юридикалык же (жана)жеке жак менен тиешелүү келишимдин (контракттын) шартында өзүнүниш-аракеттерин жүзөгө ашырууга укуктуу. Элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүнүн чебери бир эле убакытта эл-дик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүндө жасаган буюмдары аркылуу интелек-туалдык иштин натыйжасынын автору боло алат. 7-статья. Элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүш жаатындагы караниет атаандаштыктан коргоо Элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүш жаатындагы иш-аракеттердижүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактардын укуктары, эгерде алар ка-раниет атаандаштыктан, анын ичинде интелектуалдык иш-аракеттердин на-тыйжасын мыйзамсыз пайдалануу менен товарларды сатуу жана ушуга барабарэле юридикалык жактын каражаттарын жекелештирүү же элдик көркөм колөнөрчүлүк өндүрүшүнүн продукциясын жекелештирүү, ошондой эле башка эл-дик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүнүн чыгармачылык-стилдикөзгөчөлүктөрүн мыйзамсыз өздөштүрүү менен товарларды сатуудан бузулса,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте корголот. 8-статья. Элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүнүн буюмдары 1. Элдик көркөм кол өнөрчүлук өндүрүшүнүн өндүрүлүүчү буюмдарынынтүрлөрүнүн жана топторунун тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тара-бынан бекитилет. 2. Элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүнүн буюмдарына төмөнкүлөркирбейт: кооздоп кол менен түйүү, тордоо же буюмдарды кол менен кооздоонунбашка түрлөрү менен айкалыштырылбай машина-автоматтар ыкмасы аркылуутүйүлүп даярдалган буюмдары; буюмдарды кол менен кооздоону айкалыштырбай фотосүрөт ыкмасы аркы-луу кооздолгон кездеме буюмдары; кол менен жасалуучу жумуштарды айкалыштырбай машина менен даярдал-ган кездемелерден жасалган буюмдар, килемдер жана килем буюмдары; кийин чеканкалабай, оюу түшүрбөй, сүрөт түшүрбөй, металлдарды ой-дурбай же металлды кол менен кооздоп иштетүүнүн башка ыкмаларын колдон-бой мом моделдери боюнча штамптоо жана куюу жолу менен даярдалгандарданбашка металл жана ювилердик буюмдары; куюп кийин сүрөт түшүрүлбөй, жабыштыруусуз же башка кол менен ко-оздоо ыкмаларын колдонбой даярдалган керамикалык буюмдары; тепчип-тордоочу машине-автоматтарда же жарым автоматтарда кол ме-нен же тордоочу жарым автоматтарда же чыгармачылык менен аткарып жанатүрүн өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн тордоочу машинелерде бүткөрүлгөнбуюмдары. 3. Элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүш буюмдарына кошуу маселелерибоюнча чечимдер сотко даттанылышы мүмкүн. 9-статья. Ушул Мыйзамдын ишке киргизилиши 1. Ушул Мыйзам расмий жарыялангандан үч айдан кийин күчүнө кирет. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Мыйзам күчүнө кирген күндөнбаштап үч айдын ичинде: - ушул Мыйзам менен өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ылайыкташты-руу; - ушул Мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу зарыл болгон учурдаКыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор кир-гизүү сунуштарын даярдап жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Кењешине киргизүү; - ушул Мыйзамды жүзөгө ашырууну камсыз кыла турган зарыл ченемдикукуктук актыларды кабыл алуу; - элдик көркөм кол көнөрчүлүк өндүрүшүнүн кесипчилик күнүн бел-гилөө тапшырылсын. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев